20Август2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР

Кашкар-кыштакта ФАП ачылды

Кашкар Кыштак Айыл аймагындагы Кенжекул айылында Фальдшер-Акушердик Пункт (ФАП) ачылды.Ачылышка Кара суу Районунун Акими Тилек Матраимов жана Кашкар кыштак айылынын Айыл окмот башчысы Насириддинов Мухиддин айылдык кенештин торагасы Жунусов Болотбек катышты

Подробнее...

Евро-2016: Европа чемпиону болгон Португалия чемпиондук наам менен катар 25,5 миллион еврого "байыды"

Европада футболго өтө чоң каражат салынарын билебиз. Мисалы, Криштиану Роналду жарнамадан түшкөн каражаттарды эсепке албаганда, акыркы сезондо 53 миллион евро тапкан. Бул анын маянасы жана жараткан голдору, берген натыйжалуу пастары, өткөргөн оюндары үчүн алган суммасы. Португалия курамасы Европаны багынтуу менен 25,5 миллион евро тапты. Албетте, мелдеште башкы максат - кубок жана медалдар. Ошентсе да каражаттарга токтоло кеткенибиз оң.

Ал эми 2-орунду ээлеп калган Франция курамасынын казынасына 23,5 миллион евро төлөнөт. Жалпысынан мелдешке катышкан 24 командага 8 миллион евродон каражат каралган. Калган каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн: тайпалык баскычта 1 жеңиш үчүн - 1 миллион евро; тең чыгуу - 500 миңден евро. Жарым чейрек финалга чыккандарга - 1,5 миллион евро; чейрек финалчыларга - 2,5 миллион евродон; жарым финалчыларга 4 миллион евродон каралган. Ал эми финалда утуп чыккан Португалия курамасы 8 миллион евро каражат алса, Франция 5 миллион евро алды.

Подробнее...

Жанарбек Кенжеевге жолдомосу кайтарылды, балбан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышат

Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) май айында "допинг колдонду" деген себеп менен жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарган. Алардын катарында польшалык Магомедмурад Гаджиев жана Кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да болгон. Бул окуя боюнча Польшада сотко кайрылуу демилгеси көтөрүлдү, бирок иш сотко жеткенге чейин федерация спортчуларга жолдомону кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Подробнее...

Евро-2016: Португалиянын президенти Европа чемпиону болгон улуттук курамдын оюнчуларына орден тагат

Футбол боюнча Франция курамасын утуп, Европа чемпиону аталган Португалия курамасынын оюнчуларын өлкө президенти Марселу Ребелу ди Соза кабыл алат. Өлкө башчысы футболчуларга сиңирген эмгектери үчүн орден тагат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Подробнее...

Тажикстан ЕАЭБге ашыкпайт

Орусия Думасынын комитет төрагасы Тажикстан жакынкы күндөрү ЕАЭБге кирүүгө арыз берет деп билдирүү таратты. Бирок тажик бийлиги кирүүгө ашыкпасын, ириде Кыргызстан менен Армениянын тажрыйба, жагдайларын иликтерин белгилеп, өз шарттарын коюуда.

Орусия Мамдумасындагы экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жакында КМШ өлкөлөрү ичинен Тажикстан ЕАЭБге кирүүгө өзгөчө кызыкдар болуп жатканын билдирген.

Слуцкий азыр тажик экономикасы биримдикке мамыр-жумур болууга даяр эмес, бирок кошулса өнүгүүгө жол алып, өзгөчө эмгек миграциясына байланышкан маселелери чечилерин белгиледи.

Бирок Тажикстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров анын айтканын жокко чыгарып, азыркы жагдайда Тажикстан ЕАЭБге ашыкпасын айтты:

- Эгер Орусия Тажикстан биримдикке мүчө болгон биринчи жылдары күтүлгөн чыгымдардын ордун толтуруп берсе, эч кандай маселе жок. Тагыраак айтканда, бюджетибизге түшүп турган бажы алымдарынын көлөмүн толуктап турушу керек. Анткени уюмга мүчө болгондо бажы алымдары түшпөй калат.

Быйылкы бюджетке бажыдан 685 млн сомони түшөрү эсептелген. Бул 6 млрд сомго жакын акча. Экономисттердин эсебинде, Тажикстан биримдикке кирсе, бул сумманын ири бөлүгү бюджетке түшпөй калат.

Экинчиден, орус товарлары өлкөнү каптап, атамекендик өндүрүш ага такат бере албай калат, деген коркунуч да күч. Мындай абал Кыргызстан эле эмес, Казакстанда да байкалууда дешет тажик эксперттери.

Вандагы теракттан бир кыргыз набыт болду

Түркиянын Ван провинциясында жекшембиге караган түнү террорчулардын кол салуусунан набыт кеткендер арасында бир кыргыз да бар.Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу маалымдады- Соңку кырдаалга байланыштуу биздин кыргыздар да айрым бөлүктөрдө аскерлер менен кошо күзөтчүлүк кызмат өтөп жатат. Эржиш районунда күзөттө тургандар арасында 6-7 кыргыз болчу. Түнүндө ПКК (Күрддөрдүн жумушчулар партиясы) деген террористтер тобу жардыргыч салынган машиналар менен кол салуу уюштуруп, бир аскер менен бир айыл күзөтчүсү, кыргыз набыт болду.

Курманбек Кутлунун айтуусуна караганда, мындан тышкары беш кыргыз сакчы жараат алды. Алар азыр ооруканада, алган жарааты жеңил.Мерт болгон кыргыз күзөтчүсү Туратбек Гүрожактын жаназасы эртең, 11-июлда өтөт.Ооганстандан көчүп барган кыргыздардын Улуу Памир айылында үч миңдей кыргыз жашайт.Соңку кезде Түркияда бир нече ири террордук чабуул жасалды. 28-июнда Стамбулдун аэропортунда үч жанкечти автоматтан ок чыгарган. Андан соң экөө терминалдын ичинен, үчүнчүсү чыга бериштен өздөрүн жардырып жиберген. Өлгөндөрдүн саны 45ке жетип, 200дөн ашууну ар кандай жараат алышкан.

Чубак ажы ЖМКдан чыгууга тыюу салынды

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгуусуна тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-июлда Бишкектеги мечиттердин биринде элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

- Мындан башка сүйлөй турган жерлердин баары азыр биз үчүн тосук. ЭлТР, Марал FMдеги биздин сабактарыбыз тосулган. Бирок, ушундай жерлерде жолугуштурган үчүн Аллага ыраазычылык айтабыз.

Чубак ажынын автордук берүүсү Марал FMден эки жумадан бери чыкпай калганын жана убактылуу токтотулганын аталган радионун жетекчилигинен ырасташты. УКМК жана президенттик аппарат бул чечим боюнча расмий кабарлай элек

Чубак ажы ЖМКдан чыгууга тыюу салынганын билдирди

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгуусуна тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-июлда Бишкектеги мечиттердин биринде элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты

Подробнее...

IMG_10101010.jpg - 1.84 MB

«Исмайыл Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан Кара-Суу районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жакшы окуган 51 студенттин контрагы төлөндү.

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Матраимов Тилекбек Исмаилович «Исмайыл Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан Кара-Суу районундагы аз камсыз болгон үй-бөлөлөрдүн жана жакшы окуган 51 студенттин контрагын төлөдү.

Подробнее...