23Март2023

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР Кара-Сууда WEF Proffight 7 Эл аралык мелдеши өтөт

Кара-Сууда WEF Proffight 7 Эл аралык мелдеши өтөт

Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Суу шаарынын Борбордук стадионунда өтөт. "WEF Proffight 7`де" 25 мыкты ашуун беттеш орун алат. Ага коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан мушкерлер чакырылды. Алар кыргыз спортчуларына каршы турушат. Андыктан кеченин программасы Кыргызстан vs Азия деп атадык. Ал эми мелдештин аягында супер беттеш орун алып, анда Алтынбек Мамашев тажикстандык атаандашы менен күч сынашат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып спорт сүйүүчүлөрдүн баарын 6-августта Кара-Суудагы Борбордук стадионго чакырып кетем. Башталышы 18:00дө. Негизи бул мелдеш Кара-Сууда кандайча уюштурулуп калды? Мындай ири мелдештер Бишкек жана Ош шаарларында көп эле өткөрүлүп келет. Аймактарда да өткөрүп, жаштарды спортко тартуу максатында Кара-Сууда өткөрүү демилгесин көтөрүп чыктым. Мындай оюмду Бүткүл дүйнөлүк Эртаймаш федерациясынын вице-президенти, клубдашым Кылыч Саркарбаев колдоду. Буюрса Кылыч досум экөөбүз аймактарда спортту өнүктүрүү жана жаштарды сергек жашоого үндөө багытында али дагы көп иштерди жасайбыз деп ишендирип кетем",- дейт Р. Аманкулов.

Кошумчалай кетсек, Рашит Аманкулов менен Кылыч Саркарбаев "Мухаммед-Умар" спорт клубунун өкулдөрү. Алар кикбокс, самбо жана эрежесиз эр уруш боюнча Эл аралык класстагы спорт чеберлери. Бир катар Азия жана Дүйнө чемпионаттарында зор ийгиликтерди жаратып, кыргыздын туусун бийик желбиретип келишет. Учурда объективдүү себептерден улам чоң спорттон бир аз оолактап калышса да, коомдук иштер менен алектенип, кыргыз спорту үчүн кызмат кылууну улантышууда(topsport.kg)