Кара-Сууда эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнири өттү
- Post 09 Август 2016
6-августта Кара-Суу шаарында 14-профессионалдар арасындагы “WEF PROFFIGHT-7 Кыргызстан vs. Азия” эл аралык турнири өттү. Мелдештин алкагында 25 профессионалдык беттеш (12 андеркардда, 13 маинкардда) жана 3 супер беттештерде балбандар күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргызстан 21 жеңишке ээ болду. Эскерте кетсек, мындай масштабтагы иш чара Кара-Сууда алгачкы жолу өтүп жатат. Мелдешке 9 000 жакын көрүүчү келип, спортчуларды колдоп беришти.
Кыргызстан-Тажикстан (13 беттеш, эсеп: 8:4 жана бир “ничья”)
Кыргызстан-Казакстан (8 беттеш, эсеп: 6-2)
Кыргызстан-Өзбекстан (8 беттеш, эсеп: 7:1)
Саякбаев Ринат (77 кг), Сатыбалдиев Азиз (66 кг) жана Жолдошев Бабан (93 кг) берилген мөөнөттөн мурда атаандаштарын биричи раундда эле жеңишке жетишишти. Кыргызстан спортчулары Абдулгаджи Газиев жана Самат Эмильбеков супер беттештерде тех.нокаут менен жеңип, мыкты уруш көрсөтө алышты. Ал эми башкы беш раундду беттеште Алтынбек Мамашев (Кыргызстан) жанаФаритдин Одилов (Тажикстан) жолугушту. Жыйынтыгында беттеш “ничья” болуп, 24-сентябрда Бишкек шаарында GRANDPRIX 2016 реванш беттеш өтмөкчү.
“Кара-Сууда биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлде эрежесиз эр уруш боюнча турнир өткөрүлүп жатат. Бул биздин жаштарыбызды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө, башка жаман нерселерден алыс кылуу максатында уюштурулат. WEF федерациясына, “Ысмайыл-Ата” кайрымдуулук фондуна мындай чоң иш чараны уюштурганына терең ыраазычылык. Мындан ары дагы чоң-чоң иш чаралады өткөрөлү деген ойдобуз”, - дейт Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев.
Уюштуруучулар Рашит Аманкулов менен Кылыч Саркарбаев "Мухаммед-Умар" спорт клубунун өкулдөрү. Алар кикбокс, самбо жана эрежесиз эр уруш боюнча Эл аралык класстагы спорт чеберлери. Бир катар Азия жана Дүйнө чемпионаттарында зор ийгиликтерди жаратып, кыргыздын туусун бийик желбиретип келишет. Учурда объективдүү себептерден улам чоң спорттон бир аз оолактап калышса да, коомдук иштер менен алектенип, кыргыз спорту үчүн кызмат кылууну улантышууда. (topsport)