23Март2023

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ЖАҢЫЛЫКТАР Сары-Колот айылындагы мектеп ачылышы

Сары-Колот айылындагы мектеп ачылышы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында жакында 8 айыл өкмөтүн (калкы – 75 миң адам) байланыштырган Араван-Сай дайрасы аркылуу салынчу кошумча жаңы көпүрөнүн курулушу баштала турган Ноокат – Араван – Тепе-Коргон унаа жол тилкесин барып көрдү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Замир Айдаровдун айтымында, учурдагы көпүрө 1960-жылы салынган, транспорттук агымдын жогорулашы менен аталган көпүрө жаңыртууга муктаж. Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин “Кыргызжолтрансдолбоор” институту жалпы курулуш ишинин суммасы 37 млн сомду түзгөн долбоордук-сметалык документти даярдап чыкты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, курулуш иштерин күздө баштоо керек, анткени ал учурда дайрадагы суунун деңгээли төмөндөйт.

Премьер-министр ошондой эле Араван районундагы Мангыт айылындагы мектептин курулушу менен таанышып чыкты. КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин маалыматына ылайык, курулуш иши 2015-жылы башталган, республикалык бюджеттен каржылоо жүрүүдө. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жалпы курулуш иштери жаңы окуу жылына карата жыйынтыкталышы керек.

«Сапаттуу билимге болгон талап өсүүдө жана республиканын бардык аймактарында заманбап билим берүү мекемелеринин курулушу Өкмөт ишиндеги келечектүү багыттардын бири катары саналат. 2016-жылы Ош обусунун билим берүү тутумуна бюджеттен 4 млрд 144 млн сом бөлүнгөн, быйылкы жылы 28 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунун Сары-Колот айылындагы К.Жантөшев атындагы жаңы мектептин ачылышында. Мектептин курулушуна 88 млн сом сарпталган. Аталган мектепте тигүү тармагынын адистерин даярдоочу класстар жабдылган.

Премьер-министр ошондой эле Ош шаарындагы жаңы бала-бакчага барды. Мында ал белгилегендей, эгемендүүлүк жылдары мектепке чейинки билим берүү имараттарынын көпчүлүгү менчиктештирилип, талкаланууга дуушар болгон. Бүгүнкү күндө 198 бала-бакча мыйзам чегинде мамлекетке кайтарылып берилди. Ал белгилегендей, Өкмөт мындан ары карай дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга жана аталган тутумду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, бүгүнкү күндө Өкмөт тараптан мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн жаңы программа иштелип чыккан.