23Март2023

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ИШ-ЧАРАЛАР Кара-Суу шаарында «S» форматында балдар спорттук комплексинин курулуш иштери аяктап калды

Кара-Суу шаарында «S» форматында балдар спорттук комплексинин курулуш иштери аяктап калды

Кара-Суу шаарында «S» форматында балдар спорттук комплексинин курулуш иштери аяктап калгандыгы шаар тургундарын кубандырууда. .

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Матраимов Тилекбек Исмаиловичтин демилгеси менен  2015-жылы жаштар үчүн Кара-Суу шаарында «S» форматында балдар спорттук комплексин куруу үчүн «Газпром-детям» программасы алкагында  (проекттик баасы 100,0 млн рубль) курулушу каралган. Бул заманбап спорт комплексин куруу үчүн аким Т.И.Матрамовдун буйругу менен Кара-Суу шаарынын Манас стадионунун аймагынан 0,60 га жер аянты ажыратылган.

Бүгүнкү күндө  «Ошстройсервис» ЖЧКсы курулуш ишканасы тарабынан «темир конструкцияларды орнотуу 100% бүтүп, чатыр жана дубал конструкциялары ташылып келинүүдө. Азыркы күндө обьектте отделка иштери болуп, аянтына брусчатка басылууда. Суу түтүктөрү уланып обьектке суу келтирилип курулуш иштери ушул жылдын 31-август күнүнө бүткөрүлүп аталган спорт комплекстин ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин катышуусу менен өтүшү күтүлүүдө.