19Январь2022

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2017-жылдагы токтомдору

Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2017-жылдагы токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 1  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                                     « 19 »  май 2017–ж.

«Кезектеги депутатты чакырып алуу жөнүндө»

№2-сегиз мандаттуу Кыш-Абад шайлоо аймагы боюнча депутат болуп шайланган Атабаев Уланбек Камилжановичтин турмуш шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапщыруусу жөнүндөгү арызын карап, кезектеги депутатты чакырып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 22-24 жана 31-беренесне ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Атабаев Уланбектин  өз арызы менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу кезектеги депутат чакырып алынсын.
  2. Кезекте турган депутаттыкка талапкерге мандат берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
  3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 2  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19»  май 2017–ж.

«Отуз-Адыр айылдык кеңешинин   бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Атабаев Уланбек Камилжановичти жогорудагы комиссиянын  төрагалыгынан бошотуу жөнүндө»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Атабаев Уланбек Камилжановичтин өз арызы менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Атабаев Уланбек Камилжанович жогорудагы аталган комиссиянын төрагалыгынан бошотулсун. (негиз өз арызы)
  2. Бул токтом кабыл алынгандан күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин. 

 

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 3 ТОКТОМУ

        Отуз-Адыр айылы                                                                       «  19  »  май    2017–ж.

«Отуз-Адыр айылдык кеңешинин   бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасын  кайра шайлоо жөнүндө»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Атабаев Уланбек Камилжановичтин өз арызы менен  депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу жана аталган комиссиянын төрагасын кайра шайлоонун жыйынтыгынын негизинде  айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын №32  беренесине ылайык  Алдраков Сырбек Жаныбекович Отуз-Адыр  айылдык кеңешинин  бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагалыгына шайланды деп эсептелсин..
  2. Бул токтом кабыл алынгандан күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин. 

 

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 4  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19 » май  2017–ж.

«Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын кайра шайлоо жөнүндө»

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Алдраков Сырбек Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасына дайындалгандыгына байланыштуу жана аталган комиссиянын төрагасын  кайра шайлоонун жыйынтыгынын негизинде айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын №32  беренесине ылайык  Атабаев Эрмамат Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына шайланды деп эсептелсин.
  2. Бул токтом кабыл алынгандан күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин. 

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХIX-сессиясынын   (бешинчи  чакырылыштагы)

 

                                                                  №  5  ТОКТОМУ

 

Отуз-Адыр айылы                                                                     « 19  »  май 2017 ж.

««Отуз-Адыр » жана «Коңурат» почталарынын имараттарын  «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө»

 

      Кыргыз Республикасынын  Премьер министринде 2016-жылдын 19-декабрында өткөрүлгөн кеңешменин №18-145 протоколун аткаруу  максатында,  Кыргыз Республикасынын Мыйзам                                   дарынын негизинде айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигинде  турган «Отуз-Адыр » жана «Коңурат» почталарынын  имараттары   айыл өкмөтүнүн балансынан  «Кыргыз  почтасы»  мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин..
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХIX-сессиясынын   (бешинчи  чакырылыштагы)

 

                                                                  №   6   ТОКТОМУ

 

Отуз-Адыр айылы                                                                     « 19   »    май   2017 ж.

Отуз-Адыр айылдык аймагы менен «Тоо коомдоштуктарын өнүктүрүүнү колдоо коомдук фонду (MSDSPKG коомдук фонду) ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде учурдагы жардам катары грант акча каражаты 24-апрель 2017-жылы 72064998сом Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетуна келип түшкөндүгүнө байланыштуу бул каражатты бюджеттин киреше жана чыгаша планына кошуу жөнүндө, ж.б киреше, чыгаша бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин №115-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө негиздеп бюджет жөнүндөгү ченемдик актыга 01-июнга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

                                     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. MSDSPKG коомдук фонду тарабынан Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетуна 24-апрель 2017-жыл келип түшкөн акча каражаты учурдагы жардам гранты 72064998сом  2017-жылдагы бюджеттин киреше планына кошулсун.
  2. Ош-Бишкек авто жолун бойлото Отуз-Адыр айыл аймагындагы көчө чырактарын орнотуп бүткөрүү иштерине 607390,0 сом атайын каражат эсебинен бөлүнсүн.
  3. «Назик гүлү» балдар бакчасынын имаратында ички туалеттин куруп бүтүрүү иштерине 113210,0 сом атайын каражат эсебинен бөлүнсүн.
  4. Кыргыз Республикасынын ПЖ №17 01-январь 2017-жыл жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №131 01-март 2017-жыл токтомунун негизинде, муниципалдык кызматчынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө:

Муниципалдык кызматчыга класстык чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу №1 тиркеменин негизинде   

- ЖКХ  70111 бөлүмүнүн   103,6 миң.сом каржылоого кошулсун.

- ЖКХ 70629 бөлүмүнүн 3111 статьясынан 103,6 миң.сом кыскартылсын

  1. Башкаруу аппаратында имаратты учурдагы оңдоо статьясын каржылоо 35,0 миң.сомго кыскартылсын.
  2. Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын учурдагы оңдоого 70629 бөлүмүнүн 2221 статьясына 35,0миң.сом каржылоого кошулсун.
  3.  Жайыт тармактар бөлүмүнө жайыт комитетинин чыгымдарын каржылоого 30,7 миң.сом кошулсун. Чыгаша бөлгүнүнүн каражатын 3/1 бөлүгү бюджетке, 3/2 бөлүгү жайыт комитетинин чыгымдарына жүргүзүлсүн.
  4. Комиссиянын кортундусу менен төмөндөгүдөй бюджетке өзгөртүүлөр киргизилсин.

- ЖКХ №70629 бөлүмүнүн столба алуудан каржылоодон кыскартылсын 503,6 миң.сом .

- Көчө чырактарын  орнотууга кошумча жумуштарды каржылоого кошулсун 200,0 миң.сом.

-Аллеяга брусчатка басууну бүткөрүүгө 200,0 миң.сом каржылансын.

-Үстөк төлөө үчүн 103,6 миң.сом каржылансын.

  1. Айыл чарбасынан №70921 бөлүмүнөн 68,0 миң.сом кыскартылсын.

- Муниципалдык ишканалардын жана көчө чырактарынын электр эсептегиштерине щит жасоо үчүн ЖКХ га №70629 бөлүмүнө 68,0 миң.сом кошулсун.

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын. (С.Алдраков.)

             Отуз-Адыр айылдык

             кеңешинин  төрагасы:                                                            А.Беделов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХIX-сессиясынын   (бешинчи  чакырылыштагы)

 

                                                                  №    7  ТОКТОМУ

 

     Отуз-Адыр айылы                                                                            «  19  »  май   2017 ж.

«Кыш-Абад айылындагы эски мечиттин ордуна заман талабына  ылайык жаңы медресе куруу жөнүндө»

          Айылдык кеңештин депутаты Атабаев Эрмаматтын Кыш-Абад айылында жаңы медресе куруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 . Кыш-Абад айылындагы айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 04-апрелинде чыгарган 4/10 номерлүү токтомунун негизинде курулган эски мечиттен ордуна заман талабына ылайык жаңы  медресе курууга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХIX-сессиясынын   (бешинчи  чакырылыштагы)

 

                                                                  №  8  ТОКТОМУ

 

Отуз-Адыр айылы                                                                     « 19 »  май 2017 ж.

«Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аталган иштер үчүн акча каражатын төлөп берүү маселесин чечүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүндө Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аталган иштер үчүн акча каражатын төлөп берүү маселесин чечүү боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
  1. Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштер үчүн акча каражатын тиешелүү ишканаларга төлөп берүү комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын. (С.Алдраков.)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңештин төрагасы:                                                            А.Беделов

                                                                                     Айылдык кеңештин 2017-жылдын 

                                                                                      «____» -майындагы өткөрүлгөн XIX           

                                                                                      сессиясынын № __) токтомуна №1                         

                                                                                      тиркеме.

         Айыл өкмөтүндө Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аталган иштер үчүн акча каражатын төлөп берүү маселесин чечүү боюнча комиссиянын  курамы :

  1. Сатыбалдиев Жумабек- Отуз-Адыр айылынын айыл башчысы, комиссиянын тең төргасы.

         2. Жакыпов Нурлан-Ынтымак айылынын айыл башчысы, комиссиянынын тең төрагасы.

           Мүчөлөрү:

  3. Алдраков Сырбек- айылдык  кенештин депутаты.

4. Адылбек уулу Руслан- Айылдык кеңештин депутаты.

5. Калбеков Абдубаит- айылдык кеңештин депутаты.

6. Курбанбаев Урмат- айылдык кеңештин депутаты.

7. Адашов Алмаз- айылдык кеңештин депутаты.

8. Абдилазиз уулу Абдимитал-айылдык кеңештин депутаты.

9. Айдаров Абдимиталип –айылдык кеңештин депутаты.

10. Төрөмурзаев Тариэл- Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси.

11. Батралиев Тагай- тех.надзор

   Айылдык кеңештин

    жооптуу катчысы:                                           А.Зикиров

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 9 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19 » май 2017–ж.

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад  айылындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы  24,21 га жерди жана «Калктуу конуцштун жерлери» категориясындагы 50,77 га жер аянтын  «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонунун жерлери жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2014-жылдын 1-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы корутундусунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылындагы өзгөчө баалуу жерлердин эсебине кирбеген 24,21 га жайыт жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан которуусуна макулдук берилсин.
  2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылындагы турак үйлөр, короо жайлар жана башка курулуштар жайгашкан 50,77 га жер (менчик ээлеринин макулдугу менен) «Калктуу конуштун жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан которуусуна макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

  Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 10 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19  » май  2017–ж.

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад  айылындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы  112,37 га жер аянтын  «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонунун жерлери жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2014-жылдын 1-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы корутундусунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылындагы  72,46 га суулуу айдоо (үлүш ээлеринин макулдугу менен) жана кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги 39,91 га кайрак айдоо жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн которуусуна макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 11  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19 » май 2017–ж.

«Отуз-Адыр айыл аймагынын «Фархад» айылына мечит куруу маселеси жөнүндө»

      Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Абдилазиз уулу Абдимиталдин Фархад айылына мечит куруу маселеси жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Фархад айылына мечит куруу үчүн Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасынын Ош облустук казыятынан макулдук кат алынсын.
  2. Берилген макулдук каттын негизинде иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Т.Туйбаев)

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин  административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№  12  ТОКТОМУ

        Отуз-Адыр айылы                                                                        « 19 » май  2017–ж.

« Муниципалдык менчикте турган соц. объекттердин  кайсыл бир бөлүгүн  иштеткендиктери үчүн ижара акы төлөмүнүн өлчөмүн коюп берүү  жөнүндө»

              Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмүн жогорулатуу максатында  максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бильярд жайгашкан залды пайдалануучу ижарачылар бир жылдын беш айына (сезонго)  ижара акы төлөшсүн, ижара акы айына 3,0 миң.сомду түзсүн.
  2. Пластик эшик, терезе чыгаруучу цех жайгашкан залды пайдалануучу ижарачылар айына 2,0миң.сом өлчөмүндө ижара акы төлөшсүн.
  3. Күрөш залын пайдалануучулар өздөрүн-өздөрү каржылашсын, ижара акы төлөмүнөн бошотулсун.
  4. Ветаптека жайгашкан бөлмөнү пайдалануучу ижарачы айына 0,5 миң.сом өлчөмүндө ижара акы  төлөсүн, ошол бөлмөнү ремонттоого чыгымдалган акча каражаты жабылмайынча ижарачыдан ижара акы алынбасын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын

(Т. Туйбаев).

  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин бюджет  жана экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын. (С.Алдраков.)

             Отуз-Адыр айылдык

             кеңешинин  төрагасы:                                                            А.Беделов

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 13  ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                   « 19 » май 2017–ж.

«Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жерди мүрзөнүн жер аянтына кошуп берүү жөнүндө»

Айылдык кеңештин депутаты Атабаев Эрмаматтын  Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жерди мүрзөнүн жер аянтына кошуп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жер мүрзөнүн жер аянтына кошуп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин жер жана агрардык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)

        Отуз-Адыр айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                 Беделов. А