20Август2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Жоош айылдык кенешинин № 4/1

Жоош айылдык кенешинин № 4/1

Рейтинг:   / 1
ПлохоОтлично 

Кара-Суу району Жоош айылдык Кеңешинин

кезектеги  IV -сессиясы

(алтынчы шайланган)

Т О К Т О М              № 4/1

Большевик айылы                                                    30.12.2017-ж.

«Жоош айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө »

 Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Аматованын 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги IV -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата  каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 28930,1 миң сом (анын  ичинен 4914,0 мин сом  атайын каражат) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 42, анын ичинен айыл башчылар 12, ВУС инспектору 6, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис, жетектөөчү адис жана адис - 20 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 16  штат  анын  ичинен  8  маданият  кызматкери, тейлөө  кызматкерлери 8 штат  бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. 

3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин

4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен жүргүзүлсүн. 

5.  Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан тушуучу каражаттын тартыштыгына байланыштуу, жергиликтуу бюджеттен ар бир бала учун бир кунуно 8 сомдон акча каражаты каралсын.

6.Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жана жылдын  жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.

7. Жоош айыл өкмөтүнүн кассадагы акча жүгүртүүсү 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

8.Жоош айыл окмотунун 2019-жылга 32470,1 мин сом, ал эми 2020-жылга 32963,3 мин сом олчомундо тузулгон бюджетинин киреше жана чыгаша болугунун божомолу бекитилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

           

Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы                                П.Жакыпов