20Август2018

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылдагы токтомдор

Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылдагы токтомдор

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 1 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                             « 07 » декабрь   2017–ж.

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында жайгашкан элдик мечитти муниципалдык менчик катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндөгү Мыйзамынын

     I бөлүмүнүн 2-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында жайгашкан элдик мечит муниципалдык менчик катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп алынсын.
  2. Элдик мечиттин имаратын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу көз карандысыз баалоочулардын аныктаган баасынын негизинде жүргүзүлсүн..
  3. Элдик мечиттин имаратын пайдалануу багытын өзгөртүү менен административдик имаратка өзгөртүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин (Т,Туйбаев).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев).

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы;                                                   А.Беделов                

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 2 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                             «07» декабрь 2017–ж.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен Республикалык бюджеттен каралуучу түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары 542,0 миң.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин IV бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнүн №33 беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

  1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн статьясынан Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары №102 М.Тешебаев орто мектебинин айланасына брусчатка бастырууга 542,0 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө

           милдеттендирилсин (Т,Туйбаев).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика

           боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С,Алдраков).

         Отуз-Адыр айылдык

         кеңешинин төрагасы;                                                 А.Беделов        

                                                                             -  

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезектеги XXII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 3 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                             «07» декабрь   2017–ж.

Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө» аттуу Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын 12-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн каттоо максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

  1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан берилип, 1999-жылдын 28-декабрында мамлекеттик деп каттодон өткөрүлгөн №23595-3306-У-е ОКПО коду 2241570 сериясы ГР №010998 күбөлүгү   муниципалдык деп өзгөртүлсүн.
  2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн муниципалдык деп өзгөртүп берүү жагы                                                                       Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан суралсын.

                                                

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  2. Токтомдун       аткарылышын көзөмөлдөө       айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)

 

           Отуз-Адыр айылдык

            кеңешинин төрагасы:                                                         Беделов. А

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын

                                             (бешинчи чакырылыштагы)

                                                        №   4   ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы.                                                                        « 07» декабрь     2017-ж.

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын аталышы жок

жаңы кɵчɵсүнɵ Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты Капышева Айсулуунун ысымын берүү жɵнүндɵ

   Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Географиялык аталыштарды жана обьекттерди каттоонун жана аларга аталыштарды ыйгаруунун тартиби жɵнүндɵ» аттуу Жобонун 6-пунктунун жана кɵчɵнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын аталышы жок жаңы кɵчɵсүнɵ Капышева Айсулуунун ысымы берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.(С.Алдраков)

3. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык кеңештин тɵрагасынын

орун басарына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тɵрагасы:                                                                 А.Беделов.      

 

 

         Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын

                                                      (бешинчи чакырылыштагы)

                                                                

                                                                 № 1 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы.                                                                                  « 29 » декабарь 2017-ж

«Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жɵнүндɵ»

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин 2017-жыл ичинде аткарган иштери «Канааттандырарлык» деп табылсын.

            

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                                    А.Беделов.        

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXIII сессиясынын

(бешинчи чакырылыштагы)

                                                                  № 2 ТОКТОМУ

       Отуз-Адыр айылы                                                                             « 29 » декабрь 2017 ж.

«Раева Алтынайга «Тереза эки» муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жɵнүндɵ»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын

31- жана 36-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылынын тургуну Раева Алтынайга ɵз менчигинде турган мурдагы канатуулар фабрикасынын кеңсесинде «Тереза эки» муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берүү Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ сунушталсын.
  1. Раева Алтынайды «Тереза» балдар бакчасына директорлука дайындоону райондук билим берүү бɵлүмүнɵ сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
  1. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын ачуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, иш кагаздарын даярдоо Раева Алтынайдын ɵзүнɵ жүктɵлсүн.
  1. Муниципалдык балдар бакчасын ачуу иштерине кɵзɵмɵл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Нурутдинова)

           Отуз-Адыр айылдык

         Кеңешинин төрагасы:                                                                       А.Беделов.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXIIIсессиясынын

(бешинчи чакырылыштагы)

                                                                 № 3 ТОКТОМУ

       Отуз-Адыр айылы                                                                          « 29 » декабрь 2017 ж.

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2017-жылда аткарылышы жана   2018-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2018-жылга карата бюджети жөнүндө»

 

            Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2017-жылда аткарылышы жана 2018-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2018-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы   17596,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү- 16921,2 миң сомго бекитилсин:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын жана бюджетинин 2017-жылда аткарылышы жана 2018-жылга карата божомолу көңүлгө алынсын.
  2. 2018-жылга карата Отуз-Адыр айылдык аймагындагы ишкана, мекеме –уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин

             -салык кирешесинин жалпы суммасы 7405,7 миң сом.

             -салык эмес кирешелер, аренда акы     3806,4 миң сом.

             -теңдөөчү грант                                       7872,5 миң сом

             Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы:   19084,6

           -атайын каражат балдар бакчасы 3058,0 миң сом

           Бардыгы:   22142,6 миң сом

           Бардык киреше   22142,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3        Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2019-жылга 21612,6 миң сом го, 2020-жылга 21755,1 миң сомго белгиленсин.

4        Чыгашалар боюнча акча каражаты 2018-жылга 22142,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен:

  1. Башкаруу аппаратына 31 штат бирдиги бекитилсин, жалпы эмгек акы фонду 4719,2 миң сомго бекитилсин от жагуучуга эмгек акы фондунун ичинен төлөнүп берилсин,.айыл башчылардын штат бирдигине 7 штат бирдиги бекитилсин.

                   Алардын кызматтык маяналары жетектөөчү адистин деңгээлинде бекитилсин.

  1. Китепканага 1штат китепканачы бирдиги бекитилсин. Китепкана башчысынын эмгек акы фонду 89,1 миң сомго, гезиттерге жазылууга газеталарга жарыя берүүгө 25,0 миң сом бекитилсин.
  2. Маданият үйү, Спорт сарай боюнча: 1 штат -маданият үйүнүн директору,

1 штат массалык-маданий иштер боюнча адис, 1 штат - техничка, 2 штат -күзөтчү.           Бардыгы: 5 штат бирдиги бекитилсин.

                   Эмгек акы фонду 297,0 миң сомго бектилсин.

  1. Балдар бакчасы боюнча атайын каражат эсебинен тарбияланып жаткан балдардын тамактануусуна 3058,0 миң сом бектилсин.
  2. Айылдык Кеңештин төрагасына айыл өкмөтүнүн окладынан жөлөк пул төлөөгө 13,5 миң.сом бекитилсин.
  3. Жайыт комитетинин иш-чаралары боюнча 75,0 миң.сом бекитилсин.
  4. «Асилия» балдар бакчасына «Мерсико» уюму менен биргеликте проекттин негизинде септик и суу түтүктөрүн киргизүү, ашканасын оңдоо жергиликтуу бюджеттен өздук салым 125,0 мин сом каржылоого бөлүнсүн.
  5. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагынын коммуналдык кызмат көрсөтүүсүнө 111,0 миң.сом акча каражаты бекитилсин.
  6. Резердик фондко 188,0 миң.сом бекитилсин.
  7. «Чолпон-Жылдыз» балдар бакчасынын электро энергиясын төлөөгө 58,5 миң.сом бөлүнсүн.
  8. «Тереза» балдар бакчасынын электроэнергиясын төлөөгө 69,778 миң.сом, 20 тонна көмүр сатып алууга 80,0 миң.сом бөлүнсүн.
  9. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2019 –жылга 21612,6 мин сомго, 2020 – жылга 21775,1 мин сомго белгиленсин.
  10. Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц.фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары-дармек,тамак аш женилдиктери) каржылансын.

           5.   Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым                

           бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2018-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын  

             чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.

  1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын.

                 Отуз-Адыр айылдык

                 Кеңешинин төрагасы:                                               Беделов. А

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 4 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                            « 29 » декабрь 2017–ж.

Айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдаланууга коюлган баштапкы салык нарктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык   аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдаланууга коюлган баштапкы салык нарктары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;

а) Сугат айдоо жерлер үчүн гектарына              453 сом 00 тыйын.

б) Кайракы айдоо жерлер үчүн гектарына          41 сом 30 тыйын

             в) Көп жылдык бак-дарактар үчүн гектарына    453 сом 00 тыйын.

г) Жайыттар үчүн                                                 13 сом 00 тыйын.

  1. Отуз-Адыр айылдык   аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалануу жогоруда белгиленген баштапкы салык нарктарына ылайык жүргүзүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө

           милдеттендирилсин (Т.Туйбаев).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика

           боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Алдраков).

         Отуз-Адыр айылдык

         Кеңешинин төрагасы;                                                 А.Беделов                                                                                    -  

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 5 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                           «29 » декабрь 2017–ж.

««Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакир ижарага алып иштетип жаткан 16гектар жер аянтын тоорука (аукционго) кою жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы

№1997- III токтому менен бекитилген мамлекеттик фондтун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү ЖОБОнун II бөлүгүнүн 11-пунктунун шарттарын аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакир ижарага алып иштетип жаткан 16 гектар жер аянты тоорука (аукционго) коюлсун.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (А.Адашов)

         Отуз-Адыр айылдык

         Кеңешинин төрагасы;                                                  А.Беделов                                                                                    

 

 

 

 

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXIIIсессиясынын

(бешинчи чакырылыштагы)

                                                                 № 6 ТОКТОМУ

       Отуз-Адыр айылы                                                                          « 29 » декабрь 2017 ж.

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилүүчү кайрак жерлеринин баштапкы баасын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» аттуу Мыйзамынын III главасынын 31 жана 36 беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилүүчү

3-категориядагы кайрак жерлеринин баштапкы баасы 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын.

           Отуз-Адыр айылдык

         кеңешинин төрагасы:                                                                       А.Беделов.

       Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXIIIсессиясынын

(бешинчи чакырылыштагы)

                                                                № 7 ТОКТОМУ

       Отуз-Адыр айылы                                                                          « 29» декабрь 2017 ж.

«Айыл аймагынын тургундарын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында айыл чарбасына ыңгайсыз жерлерди айыл чарбасына ыңгайсыз жерлер категориясынан калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө»

 

Айыл аймагынын айылдарынын тургундарын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» аттуу убактылуу Жобонун 23-пунктунун негизинде    Отуз-Адыр айылдык Кеңеш

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын   №858 контурундагы жалпы аянты

7,6 га барабар айыл чарбасына ыңгайсыз жерди айыл чарбасына ыңгайсыз жерлер категориясынан  калктуу конуштар категориясына которуу жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Адашовго тапшырылсын.

           Отуз-Адыр айылдык

         кеңешинин төрагасы:                                                                       А.Беделов.

       Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын

                                                 (бешинчи чакырылыштагы)

                                                           № 8 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы.                                                                      « 29» декабрь 2017-ж

«Айыл ɵкмɵтүнүн Регламентин бекитүү жɵнүндɵ»

     Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жана

этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 01-18/156-буйругунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жана Этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштеп чыгылган Типтүү Регламенттин негизинде даярдалган Регламенти бекитилсин.

2. Бекитилген Регламентке ылайык иш жүргүзүү Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев).

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                                 А.Беделов.

     Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын

                                                 (бешинчи чакырылыштагы)

                                                        

                                                          № 9 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы.                                                                                     « 29 » декабрь 2017-ж.

   «Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жɵнүндɵ»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын

31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-аракет планы бекитилсин.

2. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин иши айылдык Кеңештин 2018-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин ишин айылдык Кеңештин 2018-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык алып баруу айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев)

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы:                                                              А.Беделов.


                                                                                                        «БЕКИТЕМИН»

Отуз-Адыр айыл аймагынын

кенешинин торагасы А.Беделов

« 29 » декабрь 2017-ж

Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылга иш-аракет

ПЛАНЫ

                                                           I-сессия

  1. Отуз-Адыр айылдык кенеши тарабынан 2017-жылда социалдык экономикалык онугуу программасын аткарылышын жана 2018-жылга социалдык-экономикалык онугуу программасынын божомолун бекитуу жонундо.
  2. Отуз-Адыр айыл аймагынын 2017-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетин бекитуу жонундо финансы-экономикалык болуму жана туруктуу комиссия. (гл.бухг жана бюджет боюнча туруктуу комиссия).
  3. Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылга тузулгон иш-аракет планын бекитуу жонундо. (айылдык кеңештин депутаттары).
  4. Учурдагы маселелер - финансы-экономикалык болуму жана туруктуу комиссиялар. (гл.бухг жана бюджет боюнча туруктуу комиссия).        

                                                                                                   Февраль 2018-ж

II-сессия

  1. Таза суу кызматы, суу пайдалануучулар ассоцациялары тарабынан айыл аймагындагы ички арык-каналдарынын тазаланышынын, эгин талааларын суу менен камсыз кылуунун, айыл калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жонундо жана 2018-жылда жазгы талаа жумуштарынын журушу жɵнүндɵ.. (Суу пайдалануучулар ассоцациялары жана айыл ɵкмɵтүнүн жер адистери, жер боюнча туруктуу комитети).     Май 2018-ж
  2. Отуз-Адыр айыл аймагындагы YДТ, ФАП тардын жана айыл аймагынын социалдык кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жɵнүндɵ.                     (YДТ, ФАП, жана социалдык кызматкерлер)                 Май 2018-ж
  3. 3.Жер жана агрардык реформа, суу жана техника маселелери боюнча туруктуу комиссиянын, андагы депутаттардын шайлоочулар алдында жургузуп жаткан иштери жɵнүндɵү. (Жер адистери .)                               Май 2018-ж
  4. Учурдагы маселелер - финансы-экономикалык болуму жана туруктуу комиссиялар. (гл.бухг жана бюджет боюнча туруктуу комиссия).                  

III-сессия

  1. Отуз-Адыр айыл аймагынын социалдык экономикалык онугуусу боюнча жургузулуп жаткан иштер жɵнүндɵ айыл аймагынын башчысынын орун басарынын билдирүүсү.    Июль 2018-ж
  2. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин 2018-жылдын I жарым жылдыгында аткарылышы боюнча жургузулуп жаткан иштер жɵнүндɵ финансы-экономика бɵлүмү жана туруктуу комиссиялар. (гл.бухг жана бюджет боюнча туруктуу комиссия).                                                                                   Июль 2018-ж
  3. Отуз-Адыр айыл аймагындагы фермердик чарбалардын жана ветеринардык кызматтын жургузуп жаткан иштеринин абалы жɵнүндɵ. (фермердик чарбалар жана ветеринардык адистер).                                           Июль 2018-ж
  4. Укук коргоо,мыйзамдуулук жана коомдук тартип маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жургузуп жаткан иштеринин абалы жонундо. (административдик туруктуу комиссия)                                                                   Июль 2018-ж
  5. 5.Учурдагы маселелер (финансы-экономикалык болуму, жана башка туруктуу комиссиялар).          

IV-сессия

  1. 1.Айыл аймагындагы мектептердин, YДТлардын, ФАП тардын жылуулук менен камсыз кылынышын жана окутуу-тарбиялоо иштеринин, башталгыч класстардын окуучуларынын бир маал ысык тамак менен камсыз болушунун абалы жонундо.                               (айыл ɵкмɵтүнүн орун басары)                        Ноябрь 2018-ж
  2. Айыл аймагында коомдук уюмдардын жана участкалык инспектордун укук тартибин чыңдоо,кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жургузуп жаткан иштеринин абалы жɵнүндɵ.. (участкалык инспектор)                                

                                                                                                        Ноябрь 2018-ж

  1. Айыл аймагында АРИС жана башка донорлук эл аралык уюмдар менен жүргүзүлүп   жаткан иштердин абалы жонундо. (финансы-экономикалык бɵлүм, жана башка туруктуу комиссиялар).

                                                                                                                     Ноябрь 2018-ж

  1. Социалдык-экономикалык инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын жана андагы депутаттардын шайлоочулар алдында жургузуп жаткан иштери жонундо.   (финансы-экономика бɵлүмү, жана башка туруктуу комиссиялар).

Ноябрь 2018-ж

  1.    Учурдагы маселелер                                                         2018-жыл ичинде    

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                           А.Зикиров

       Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын

                                                      (бешинчи чакырылыштагы)

                                                               № 1 ТОКТОМУ;

Отуз-Адыр айылы.                                                                                     « 12 » февраль 2018-ж

«Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан «Эне-Сай-Юг»СПАсына бериле турган техникалык кредиттин 50% ынын кайтарылышына Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн кепил болуусу жɵнүндɵ»

   Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 05-октябрындагы № 649-токтомунун шарттарына ылайык Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

          

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан «Эне-Сай-Юг»СПАсына бериле турган техникалык кредиттин 50%ынын кайтарылышына Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн кепил болуусуна макулдук берилсин.

2. «Эне-Сай-Юг»СПАсы тарабынан карыз ɵз убагында кайтарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 05-октябрындагы № 649-токтомунун шарттарына ылайык айыл ɵкмɵтү карызды ɵз каражаттарынан тɵлɵйт.

3. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбекке Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги менен түзүлүүчү кепилдик келишимге кол коюга ыйгарым укук берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

5. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев)

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                                                                    А.Беделов.  


Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXIVсессиясынын

(бешинчи чакырылыштагы)

                                                                   № 2 ТОКТОМУ

       Отуз-Адыр айылы                                                                    « 12 » февраль 2018-ж

«2017-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда калган 2568,0 миң.сом бош калдык акчаны бɵлүштүрүү жɵнүндɵ»

 

«Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ» Мыйзамынын негизинде, Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2017-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда 2018-жылдын 01-январына карата калган       2568,0 миң.сом бош калдык акча каражаты тɵмɵндɵгүчɵ бɵлүнсүн;

А) Башкаруу аппаратына                                                                     503,9 миң. сом

Б) Жайыт комитетине                                                                           39,0 миң.сом

В) Маданият тармагына                                                                       180,0 миң.сом

Г) Билим берүү тармагына                                                                 351,0 миң.сом

Д) Социалдык ɵнүгүүгɵ,                                                                      92,0 миң.сом

     анын ичинен Атамбиева Перизатка

     материалдык жардам кɵрсɵтүүгɵ                                               80,0 миң.сом

Ж) Балдар бакчасына кɵмүр сатып алууга                                  20,0 миң.сом

Е) Турак-жай, комуналдык кызмат тармагына                         1382,1 миң.сом

Жалпы жыйынтыгы:                                                                             2568,0 миң.сом

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын.

           Отуз-Адыр айылдык

         Кеңешинин төрагасы:                                                                      А.Беделов.

          Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын

                                                       (бешинчи чакырылыштагы)

                                                                      № 3 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы:                                                                                     « 12 » февраль 2018-ж

«Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарынын жана калктуу конуштарынын ичинде бош жаткан жерлерди жана тургундар тарабынан нормадан ашыкча пайдаланылып жаткан эшик алдыларын атуулдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкеси катары бɵлүп берүү жɵнүндɵ»

   Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-33 статъяларынын негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарынын жана калктуу конуштарынын ичинде бош жаткан жерлер жана тургундар тарабынан нормадан ашыкча пайдаланылып жаткан

эшик алдылары атуулдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкеси катары айыл ɵкмɵтү тарабынан бɵлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                                                 А.Беделов.

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын

                                                             (бешинчи чакырылыштагы)

                                                                        № 4 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы.                                                                        « 12 » февраль 2018-ж.

«Савай-Арык айылындагы № 11 Ж.Атабаев орто мектебинин жалпы аянтынын эсебинен 0,30 га жер тилкесин балдар бакчасын куруу үчүн бɵлүп берүү жɵнүндɵ»

   Кара-Суу райондук билим берүү бɵлүмүнүн башчысы М.Ахматалиевдин 2018-жылдын

10-январындагы чыгыш № 6-макулдук катынын,Савай-Арык айылынын тургундарынын

2018-жылдын 12-январында № 5-кириш номери менен катталган арызынын негизинде

Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №11 Ж.Атабаев орто мектебинин жалпы аянтынын эсебинен 0,30 га жер тилкеси балдар бакчасын куруу үчүн бɵлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                                           А.Беделов.    

          

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXV сессиясынын                                                                                                                                             (бешинчи чакырылыштагы)

№ 1 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                             « 10 » апрель 2018–ж.

«Жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтерин бекитүү жɵнүндɵ»

Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген «Жайыт пайдалануу үчүн акыны белгилɵɵнү тартиби жɵнүндɵгү» типтүү жобонун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. 2018-жылдын 01-январынан баштап Отуз-Адыр айыл аймагында жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтери

                             бир баш кара мал үчүн                                 150 сом,

                           бир баш кой-эчки үчүн                                 30 сом,

                           бир баш жылкы үчүн                                   150 сом

                                                                                                                              ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.

2. Чɵп чабык багытында иштетилген жайыт жерлер үчүн жайыт тɵлɵмү 1гектарына 500 сом ɵлчɵмүндɵ,ал эми чɵп чабыктан башка багытта иштетилген жайыт жерлер үчүн 1гектарына 1000 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасы Мамасалиев Анжиянбайга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                         А.Беделов.                

  

                                        

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXV сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 2 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                             « 10» апрель 2018–ж.

«Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ Палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бɵлүмү тарабынан 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31- декабры мезгил ичинде Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жɵнүндɵ

   Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ Палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бɵлүмү тарабына 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабры мезгил ичинде Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгын карап чыгып Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтү тарабынан 2016-жылы финансылык,чарбалык иштерди жүргүзүүдɵ кемчилдиктерге жол берилгендиги кɵңүлгɵ алынсын,бухгалтердик эсепте кетирилген кемчилдиктерге мындан ары жол берилбесин.

2. Мындан ары максатсыз чыгымдарга жол бербɵɵ Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы

Атамбиева Гүлмирага милдеттендирилсин..

3. Айыл ɵкмɵтүнүн жер адистери Ураимов Сайфидин жана Калбаев Балтабайлар тарабынан айыл аймагындагы кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча келишимдер такталып,кошумча келишимдер түзүлүп,бүткɵрүлсүн.

4. Айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Атамбиева Гульмира тарабынан , эмгек акын тɵлɵɵ Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жɵнүндɵгү Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)

6. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин тɵрагасы;                                           А.Беделов.