23Сентябрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Сарай айылдык кенешинин 2018-жылдын 15-сессиясынын 1,2,3,4,5 токтомдору

Сарай айылдык кенешинин 2018-жылдын 15-сессиясынын 1,2,3,4,5 токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеёешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                   XV сессиясынын

                                                     № 1   Т О К Т О М

 

Киров айылы                                                                                     25.12.2018-ж

«Сарай айыл аймагынын 2019-жылга

карата бюджетин бекит\\ жън\ндъ»

Сарай айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бъл\г\ жана айыл аймагынын штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеёеши

                                             Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.       Сарай айыл аймагынын 2019-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бъл\г\ 113787,0 миё сом, анын ичинде 3300,0 миё сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.

2.       Сарай айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген жергиликт\\ бюджети 2018-2022-жылдарга белгиленген ън\г\\ стратегиясын аткарууга: Ак Ъргъ айылындагы жолду курууну аяктоо, Киров айылына стадион куруу, Тельман, Эркин жана Коёурат айылдарына мини фудбол талаасын куруу, Киров айылындагы айлампа жолго тротуар куруу, Миялы айылына 60 орундуу мектеп куруу, Тельман, Киров, Ак Ъргъ, Эркин, Коёурат айылдарынын суу т\т\ктър\н ремонттоо, акыр чикир ташуучу машина жана ажаатканалардын ахлеттерин чыгаруучу машина алууга сарпталсын.

3.       Сарай айыл ъкмът\н\н бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликт\\ иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетиш\\ жагы айыл ъкмът\н\н ФЭБ башчысына милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 37, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 6, башкы адис 5, жетектъъч\ адис 6 жана адис 3, тейлъъ кызматкерлери 4 штат бирдиги, Кыргыз Республикасынын Ъкмът\н\н токтому № 403 келишим менен 3 штат бирдиги ълчъм\ндъ бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Ъкмът\н\н токтому № 384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы тълън\п берилсин.

4.       Сарай айыл ъкмът\н\н бюджетинин чыгаша бъл\г\ сметанын негизинде 2019-жылга т\шкън кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегер\\) каржылануусу менен белгиленсин.

5.       Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бъл\ктър\нъ киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен ж\рг\з\лс\н.

6.       Сарай айыл ъкмът\н\н киреше жана чыгаша бъл\г\н\н аткарылышы 6 жана 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кеёешинин иш планынын негизинде сессиясында каралсын.

7.       Бул токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                   Э.Арзиев.

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеёешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                   XV сессиясынын

                                                     № 2 Т О К Т О М

 

Киров айылы                                                                                    25.12.2018-ж                                                                    

“Сарай айыл аймагынын Аксакалдар

сотунун ишинин регламентинин жобосун

жана курамын бекит\\ жън\ндъ”

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жън\ндъ” Мыйзамынын негизинде Сарай айыл аймагынын Аксакалдар сотунун ишинин регламентинин жобосу жана курамы менен таанышып жана талкуулап Сарай айылдык Кеёеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

1.       Сарай айыл аймагынын Аксакалдар сотунун ишинин регламентинин жобосу бекитилсин. Жобо тиркелет.

2.       Сарай айыл аймагынын Аксакалдар сотунун курамы бекитилсин. Курамы тиркелет.

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э.Арзиев.

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеёешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                   XV сессиясынын

                                                     № 3   Т О К Т О М

 

Киров айылы                                                                                    25.12.2018-ж

                                                                  

“Сарай айыл аймагынын бузуулар жън\ндъ

иштерди кароо боюнча комиссиялары

тууралуу жобосун жана курамын бекит\\ жън\ндъ”

 

Сарай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын бузуулар жън\ндъ каралган Кыргыз Республикасынын жергиликт\\ ъз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жън\ндъ иштерди кароо боюнча комиссияларын т\з\\ жана алардын ишинин тартиби жън\ндъг\ жобосу менен таанышып жана талкуулап Сарай айылдык Кеёеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.       Сарай айыл аймагынын Бузуулар жън\ндъ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин. Жобо тиркелет.

2.       Сарай айыл аймагынын бузуулар жън\ндъ иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин. Курамы тиркелет.

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э.Арзиев.

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеёешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                   XV сессиясынын

                                                    № 4   Т О К Т О М

 

Киров айылы                                                                                     25.12.2018-ж

“Сарай айылдык Кеёешинин депутаттарынын

этика кодексин бекит\\ жън\ндъ”

Кыргыз Республикасынын жергиликт\\ кеёештеринин депутаттарынын этикалык кодексинин негизинде т\з\лгън Сарай айылдык кеёешинин депутаттарынын этикалык кодекси менен таанышып жана талкуулап Сарай айылдык кеёеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.       Сарай айылдык кеёешинин депутаттарынын этикалык кодекси бекитилсин. Этикалык кодекси тиркелет.

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э.Арзиев.

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеёешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XV сессиясынын

                                                     № 5   Т О К Т О М

 

Киров айылы                                                                                     25.12.2018-ж

“Сарай айылдык кеёешинин 2019-жылга

иш планын бекит\\ жън\ндъ”

Сарай айылдык кеёешинин депутаттарынын 2019-жылга иш планын карап чыгып жана талкуулап Сарай айылдык кеёеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.       Сарай айылдык кеёешинин 2019-жылга иш планы бекитилсин.

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э.Арзиев.

                                                                                    

                                                                  Сарай айылдык кеёештин

« 25 » « 12 » 2018-жылдын

                                                               № 2 токтомуна тиркеме

                                                                          

 

Сарай айыл ъкмът\н\наксакалдарсотторунун ишинин

РЕГЛАМЕНТИ

I глава. Жалпы жоболор

  1. Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
  2. Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
  3. Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, Кыргыз РеспубликасынынЖарандык кодекси,Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынынжер кодекси, Кыргыз РеспубликасынынЖарандык процесстик кодекси,Кыргыз РеспубликасынынЖазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси),Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамытүзөт.
  4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.

Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.

Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.

Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.

Тарап – жабырлануучу же жоопкер.

Аксакалдар сотунун чечими –иштиолуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.

Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.

  1. Аксакалдар соту жылына 1 жолу – июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.

II глава. Аксакалдарсотторунуюштуруутартиби

6. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Өкүлчүлүктүн нормасын жергиликтүү кеңеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктайт.

7. Аксакалдар соттору 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш.Аксакалдар сотунун мүчөлөрүжергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат.Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелинет.

8. Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар соттору эреже катары айылдык аймакта бир калктуу конушта - бир аксакалдар соту, болбосо бир айыл өкмөтүндө - бир аксакалдар соту, шаарларда тургундардын саны боюнча ар бир 25 миңден адамга - бир аксакалдар соту, кичи райондору жана жаңы турак-жай конуштары бар шаарларда - тургундардын санына карабастан бир кичи район (бир жаңы турак-жай конушу)- бир аксакалдар сотупринциби боюнча түзүлөт.

9. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

9.1. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси боюнча өткөрүлгөн учурда, чогулуш өткөрүүдөн бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы менен макулдашат. Тиешелүү аймакта жашаган жарандарды шайлоо күнү жөнүндө кабарландыруу жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл башчысы, муниципалдык аймактык башкарма) тарабынан чогулуш болордон бир ай мурда жүргүзүлөт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш өтөрү тууралуу кабарлоо көчөлөргө, үйлөргө жана подъезддерге кулактандырууларды илүү, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын (ТОС) активи, жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органынын (айыл башчысы, муниципалдык аймактык башкарма) кызматкерлеринин көчөлөрдү жана үйлөрдү кыдырып айтуусу аркылуу ишке ашырылат.

Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер Мыйзамдааныкталган талаптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктаган чөлкөмдүк бөлүктөрдүн (квартал, көчө жана үйлөрдүн тобу) ар биринен көрсөтүлүшү керек.

9.2. Жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн чогулушун чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы алып барат.

9.3. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулушту өткөрүүүчүн жергиликтүү жашоочулардынкеректүү саны чогулбаган учурда, чогулушту өткөрүү ушул күнгө карата 15 күндөн ашык эмес белгилүү бир мөөнөткө которулат.

9.4. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушту өткөрүүүчүн жергиликтүү жашоочулардынкеректүү саны кайрадан чогулбаган учурдажергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы аймактын коомчулугунун (кварталдык же үй комитети, аялдар жана жаштар кеңеши, ардагерлер кеңеши ж.б.) өкүлдөрү менен бирдикте тиешелүү аймактын жашоочуларынын ичинен аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтөт жана бекитүүүчүн жергиликтүү кеңешке сунуштайт.

9.5.Жергиликтүү жамааттын чогулушунда шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы – айыл өкмөтү жана шаардын мэриясы даярдап жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоору шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн чакыруу менен жергиликтүү кеңештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.

9.6.Аксакалдар сотунун мүчөлөрү бекитилгенден кийин 7 календарлык күндүн ичинде алар тарабынан өз курамынан аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысы шайланат. Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунункурамы толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.

Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн анын төрагасы жана катчысы уюштурушат.

10. Аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

10.1. Мыйзамдын 11-беренесинде жана ушул регламентте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасынын наамына арыз менен кайрылат.

10.2. Мыйзамдын 12-беренесинде жана өзүнүн регламентинде көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү кеңеш жаңыдан түзүлгөн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан өткөрөт, (Кыргыз Республикасынын Жогорку соту) жергиликтүү кеңеш бекиткен үлгүдөгү аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүн, каттоо күбөлүгүн берет.

10.3. Мурда түзүлгөн аксакалдар соту кайрадан эсепке алуу каттоосунан өткөрүлбөйт жана ага каттоо күбөлүгү берилбейт.

11. Мыйзамдын 14-беренесиндекаралган аксакалдар сотунун мүчөсүн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө ченемди ишке ашыруу төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

11.1. Ал чөлкөмдөн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу/чакырып алуу жөнүндө маселе көтөрүлүп жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү шайланган тиешелүү аймактагы (тиешелүү калктуу конуштагы) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке анын жүктөлгөн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм-турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды жанае документтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчөнүн ордуна өздөрүнүн аймагынан көрсөтүүүчүн жаңы талапкерди сунуштай алышат.

11.2. Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу/чакырып алуу тууралуу чечим тиешелүүжергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.

11.3. Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин сессиялары аксакалдар сотунун мүчөсүн бекитүү жана курамдан чыгаруу боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тармактык (профилдик) туруктуу комиссиясына өткөрүп берүүгө укуктуу.

11.4. Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаңы мүчөнү шайлоо Мыйзамдын11-беренесинде, ушул регламенттин 5-, 6,1-6,3-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

III глава. Аксакалдарсотторундаиштерди (материалдарды) кароогодаярдоонунжанакароонунтартиби

12. Аксакалдар соттору Кыргыз РеспубликасынынЖарандык кодекси, Кыргыз РеспубликасынынЖазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси),Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамыменен аныкталгаништерди (материалдарды) карашат.

13. Аксакалдар сотторунда келип түшкөн иштерди (материалдарды) кабыл алуу,кароого даярдоо төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

13.1.Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү зарыл маалыматтарын көрсөтүү менен атайын журналга катчы же төрага (же атайын кыска мезгилге бекитилген соттун мүчөсү) тарабынан катталат.

13.2. Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрүкелип түшкөн бардык иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө ушул ишти кароо аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгүн, соттун мүчөсүн соттун курамынанчыгаруу жөнүндөөтүнүчтүн (ходатайствонун) бар же жок экендигин аныкташат.

13.3. Аныктоонун жыйынтыгында:

13.3.1. Мыйзамдын 15-беренесинде каралган аксакалдар сотунун компетенциясына кирбей турган келип түшкөн иштер (материалдар) соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарына белги коюу менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат;

13.3.2. аксакалдар соту ишти кароонун убакытын жана ордун дайындоо жөнүндө, чечим кабыл алат.

13.4. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсүишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды, жабырлануучуну, күбөлөрдүсурайт же алардан түшүнүк алышат.

Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.

14. Ишти (материалдарды) кароо16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо-балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарландырат.

15. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мөөнөтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурумуна катыша турган адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17-беренелеринде көрсөтүлгөн тартипте аткарат.

IV глава. Аксакалдарсотторунуништерди (материалдарды) кароосунунтартиби

16. Аксакалдар сотунун иши отурум түрүндөөтөт.Аксакалдар сотунун отурумунда иштер (материалдар) олуттуулугу боюнча каралат.Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнө карата өткөрүлөт.Аксакалдар сотунун отурумун өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү иштердиМыйзамда каралган мөөнөттөрдө кароону камсыз кылгандай болууга тийиш.

17. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер коллегиалдуу – соттун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн катышуусу менен каралат.

Аксакалдар сотторунун курамынын так эмес сандагы үчтөн экисикатышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчөлөрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теңме-тең (барабар) болгондо төраганын добушу чечүүчү болот.

Соттук отурумда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маселелер аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.

18. Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башталганга чейин паспортун же өздүгүн тактоочу башка документин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.

19. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мүчөсүаксакалдар сотунун отурумуначат,соттун курамын, карала турган ишти (материалдарды) жарыялайт.

20. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылыгы болгон учурда, мыйзамдуу өкүлдөрдун сөзсүз (милдеттүү) катышуусу менен каралат.

21. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү ишти кароонун каалаган этабында тараптардын өз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуу – бүтүмгө келүүменен жарашуу мүмкүндүгү бар экендигин тараптардын эсине салып турушат.

22. Отурумду өткөрүүдө аксакалдар сотужабырлануучунун, анан жоопкердин түшүндүрмолөрүн угат.Процесске катышып жатышкан күбөлөр жана башка адамдар соттун мүчөлөрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан, аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.

23. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары иштеги башка далилдерди алышат жана талдап изилдешет.

 

V глава. Аксакалдарсотунунчечимчыгаруусу

24.Аксакалдар соту ишти (материалдарды) карап, чечим чыгарууда:

24.1.Ишти (материалдарды) карап бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун мүчөлөрү иштин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу үчүн отурум өтүп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо өздөрү башка жакка чыгышат.

24.2. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсүөзүнүн өзгөчө пикирин айтат, жазат жана ал чечимге тиркелет.  

24.3. Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом жазылат.

24.4. Аксакалдар сотунун протоколу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 229-231-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлгөнү максатка ылайыктуу.

24.4.1. Протокол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрүшүндө, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер баяндалат. Протокол так жана кыска, кош маанилүү болбогондой, процессте болуп өткөн бардык аракеттерди, сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштирүүнүн жүрүшүндө болуп өткөн бардык болгон окуяларды калтырып (аттап кетпей), жазылышы керек.

24.4.2. Протокол компьютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлөт.

24.4.3. Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат.Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет.

24.4.4. Протоколго сот отурумунун төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. Протокол соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

24.5.Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндө, жазуу жүзүндө чыгарылат.   Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйөө жана корутунду (резолютивдик) бөлүктөрүнөн турат.

24.5.1.Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аты, чечимди чыгаруунун убагы жана орду, соттун, ишке катышкан адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуну, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдугу көрсөтүлөт.

24.5.2.Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо бөлүгүндө арыз ээсинин (доогердин) талаптары, же болбосо укук бузуунун маңызы, коюлган талапка каршы пикирдин жүйөөлөрү, ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрүкөрсөтүлөт.  

24.5.3.Аксакалдар сотунун чечиминин жүйөө бөлүгүндө аксакалдар соту тарабынан каралган иш боюнча аныкталган жагдайлар, аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер, ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйөөлөр,чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жан башка ченемдик укуктук актылары камтылат.

24.5.4.Корутунду бөлүгү каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартибин жана чечимди аткаруунун мөөнөтүн камтууга тийиш.Корутунду бөлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.

24.5.6.Чечимге аны отурумда жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору коюлат.    

24.5.7.Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мүчөсү бул чечимге кол коюшу жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндашы зарыл. Өзгөчө пикир ишти олуттуу чечүүнүн олуттулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.  

25. Мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй:

25.1. аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:

а) эскертүү берүү;

б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

в) коомдук уяткаруу жарыялоо;

г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;

д) акчалай жазапул салуу.

25.2. коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.

25.3.Таасир көрсөтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнөөсүнө ылайык жана өлчөмдүү түрдө, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдардагы жана элдик салт-адаттардагы ченемдерди эске алуу менен дайындалат.

26. Каралып жаткан иштер (материалдар) боюнча соттук өндүрүш тараптардын жарашуу жөнүндөгү макулдашуга (бүтүмгө) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкөндүгүно байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин ченемдерине, Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жөнүндөаксакалдар сотунун аныктамасы чыгарылат.

27. Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жөнүндо чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечиминин көчүрмөсүн жана кабыл алынган формадагы жазапул квитанциясын берет.

28. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат.

29. Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда:

29.1. Мыйзамдын 32-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар соту мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз менен райондук (шаардык) сотко кайрылат;

29.2.мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгү документтер тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;

3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлапаткартуугааткартуубаракчасынберүүжөнүндөгүарыздын көчүрмөсүн башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;

4) арызга кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.

29.3.райондук (шаардык) сот тарабынанаксакалдар сотунун чечимин мажбурлапаткартуугааткартуубаракчасынберүүКыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.

VI глава. Аксакалдарсотторунун башка органдармененөз ара мамилеси

30. Аксакалдар соту айылдык (шаардык) кеңештен каттоодон өтүп, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин 10 күн ичинде өзү жайгашкан райондун аймагындагы райондук (шаардык) сотко, райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнөкаттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.

31. Райондук (шаардык) сот:

Мыйзамдын 34-беренесине ылайык:

31.1. аксакалдар соттору менен байланыш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам көрсөтүүгө жана окууларды өткөрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;

31.2. аксакалдар соту айылдык (шаардык) кеңештен каттоодон өткөндөн кийин бир айдын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация, же болбосо айыл өкмөтү, мэрия менен макулдашып, райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин катыштырып, аксакалдар соттору үчүн нускамалык-усулдук семинар-кеңешме өткөрөт;

31.3. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу откөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;

31.4. аксакалдар сотунун төрагасынын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөсүнүн жүрүшүндө аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага зарыл жардамдарды көрсөтүшөт;

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык:

31.5. аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу боюнча зарыл көмөктөрдү көрсөтүшөт.

32. Аксакалдар соту кварталына бир жолу:

32.1.райондук (шаардык) сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча;

32.2. райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнө сот отурумдарына укук бузган жоопкерлерди алып келүүнүн, сот отурумунда коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча (мааалымат);

32.3. айыл өкмөтүнө (мэрияга) калган бардык маселелер, анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча (маалымат);

каттарды жиберет.                                                                                                

33. Аксакалдар сотуна райондук (шаардык) сот тарабынан көрсөтүлүүчү усулдук жардам төмөндөгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:

1) аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айткандакелип түшкөн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын өздүгү тууралуу маалыматтар ж.б.у.с.);

2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун мөөнөттөрүн;

3) сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунун чечимине даттануунун тартибин;

4) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүүнүн;

5) аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана жаза берүүнүн тартибин.

34. Райондук (шаардык) ички иштер бөлүмү:

34.1. өзүнүн буйругу менен аксакалдар соттору менен иштөөгө жооптуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнбекитет;

34.2. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;

34.3. Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбөлөрдү, зарыл болгон учурларда, арыз ээлерин) отурумга чакырууну, зарыл болгон учурда аларды мажбурлап алып келүүнү, соттук отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылуунумилициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзөт.

35.Жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөтү, мэрия):

1) жергиликтүү кеңеш эсепке алуучу каттоо жүргүзгөндөн кийин аксакалдар сотуна анын аты жазылган мөөр берет;

2) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жана өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүгө аксакалдар сотуна көмөк көрсөтөт;

3) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүүөзүнүн чечимдери жана жергиликтүү кеңештин токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырууну жүргүзөт;

4) аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;

5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгө жардам берет;

6) айыл өкмөтүнүн, мэриянын (мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн) буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүүүчүн имаратты (имараттын ичиндеги бөлмөнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);

7) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;

8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда алар караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралу күбөлүгүн жана мөөрүн жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.

36.Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын)статистикалык эсебин жүргүзөт жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун тиешелүү жергиликтүү кеңешке жана райондук (шаардык) сотко жөнөтөт.

37. Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, конференцияларында же өзүн каттоодон өткөргөн жергиликтүү кеңештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда) отчет берет.

VII глава. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү

38. Аксакалдар сотунда кабыл алынган материалдарды (иштерди) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар, ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлөт.

39. Журналдардын барактары номурланат, көктөлөт жана мөөр менен бекитилет.

40. Кабыл алынган материалдарды эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдержурналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунунтөрагасынын уруксатысыз өткөрүлүп берилбейт же колго берилбейт.

41. Журналдарды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагында жазылышы жана ишенимдүүлүгүүчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик тартат.

42. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун төрагасы тарабынан ишке ашырылат.

43. Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоонун мөөнөтүүч жыл жана бул мөөнөт өткөндөн кийин алар тизим (опись) боюнча айыл өкмөтүнө, мэрияга (муниципалдык аймактык башкармалыкка) өткөрүлүп берилет.

VIIIглава. Аксакалдарсотторунматериалдык-техникалыкжактанкамсызкылуу

44.Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;

2) аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын эсебинен;

3) ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан спонсорлук жардам иретинде түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, каражаттардын эсебинен;

4) жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, мэрия тарабынан түзүлгөн (табылган) бюджеттен сырткаркы акчалай жана материалдык каражаттардын, төлөмдүк жана башка жеңилдиктердин эсебинен.

45. Аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашылган айыл өкмөтү, мэрия (мэриянын аймактык башкармалыгы) түзгөн сметага ылайык аксакалдар сотуна бөлүнүп берилет.

46. Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен атайын эсепке түшкөн жазапулдар боюнча текшерүү (сверка) жүргүзүп турат.

 

 

Сарай айылдыкКеёешинин

« 25 » « 12» 2018-жылдын

№ 3 токтомуна тиркеме

 

Сарай айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

комиссиялары тууралуу

ЖОБОСУ

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобоКыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнчакомиссияларын (мындан ары - Комиссия)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибинаныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндөжобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобонужетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянынкурамына төмөндөгүлөр киришет:

- жергиликтүү кеңештиндепутаттары;

- муниципалдык кызматчылар;

- шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянынтөрагасыкомиссиянынмүчөлөрүнүничинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл окмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянынмүчөлөрүнүничинен дайындалат.

11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.

12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

- соттун чечими менен аракеткежөндөмсүзжеаракеткежөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;

- соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;

- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;

- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган

адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.

13. Комиссияныништеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

14. Комиссиянынмүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндо арыз берген учурда;

- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;

- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракеткежөндөмсүзжеаракеткежөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылганучурда;

- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүннамысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

- Комиссиянын мүчөсү КыргызРеспубликасынынчегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү КыргызРеспубликасынынжарандыгынан чыкканда, КыргызРеспубликасынынжарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

- жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;

- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алгандатоктотулат.

15. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.

16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештинчечими менен токтотулушу мүмкүн.

17. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.

3. Комиссиянынишининтартиби

18. Комиссиянын ыйгарым укуктарыКодексте аныкталган.

19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянынотурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата)өткөрүлөт. Комиссиянынотурумдарынын мезгилдүүлүгүбузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.

20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.

22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүүбоюнчаыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.

23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.

24. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:

а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жазачарасынколдонуужөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) ишбоюнчаөндүрүштүкыскартуужөнүндө.

б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.

27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

28. Комиссиянын мүчөлөрү:

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

- Комиссиянынчечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;

- Комиссиянынотурумдарынын протоколуна кол коюуга.

Төмөндөгүлөргө укуктуу:

- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

- Кодексте каралган башка укуктарга.

29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянынишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

- Комиссиянынотурумдарында төрагалык кылуу;

- Комиссиянынотурумунун күн тартибин бекитүү;

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

- Комиссиянынишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.

Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- өз компетенциясынынчегиндеКомиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

30. Комиссиянынтөрагасынын орун басарыКомиссиянынмүчөсүнүнмилдеттеринен сырткары:

- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функциялардыаткарат.

31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:

- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдүжана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн,массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте)жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

- бузуулар жөнүндо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдайишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

- Комиссиянынотурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;

- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленгенмөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларгадаттануулардыкабылалат, алардыкароонууюштурат;

- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;

- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,

алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.

34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.

35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.

36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек(№3-тиркеме).

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганыбилинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырмабөлүгү ишке тигилет.,

37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысыбузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчүайып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.

38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.

40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.

41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.

42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарынжүргүзө алат:

- бузуулар жөнүндо иштерди эсепке алуу журналы;

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).

43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.

44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.Бузуулар жөнүндо иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл.Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.

45. Эсепке алуу журналдарыички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

                                                                                 Сарай айылдык Кеёешинин

« 25 » « 12 » 2018-жылдын

№ 3 токтомуна тиркеме

Сарай айыл ъкмът\ндъг\ «Бузуулар» боюнча комиссиясынын

Курамы

 

 

1.  Тажибаев Самат Адурашитович             Бузуулар боюнча комиссиянын

                                                                             търагасы, Сарай айылдык

                                                                             Кеёешинин депутаты

2.  Абдиламит уулу Санатбек                      комиссиянын катчысы, Сарай          

                                                                           ъкмът\н\н ВУС кызматкери

3.  Назаров Ихтияр Исраилович                  комиссиянын м\чъс\, Сарай

                                                                           айылдык Кеёешинин депутаты

4.  Маткаримова Сажида                               комиссиянын м\чъс\, ишкер

5.  Жумабаев Мурат                                         комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

6.  Бердибаев Рустамбек                                 комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

7.  Саипов Сапарбек                                       комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

8.  Къчъбаев Рахман                                       комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

9.  Салаев Рыспай                                           комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

10. Тамашаев Нуркамил                                 комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

11. Ысаков Курстан                                         комиссиянын м\чъс\, айыл башчы

 

 

 

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э. Арзиев.

 

 

Сарай айылдык Кеёешинин

« 25 » « 12» 2018-жылдын

№ 2 токтомуна тиркеме

 

 

 

Сарай айыл ъкмът\ндъг\ Аксакалдар сотунун

Курамы

 

 

1. Рустамов Асилбек                    - Аксакалдар сотунун търагасы;

2. Сатыбаев Тургунбай               - Аксакалдар сотунун катчысы;

3. Шерматов Абдыбап                 - Аксакалдар сотунун м\чъс\;

4. Толубаев Тълънбай                 - Аксакалдар сотунун м\чъс\;

5. Шамшиев Алтынбек               - Аксакалдар сотунун м\чъс\;

 

 

 

 

Сарай айылдык Кеёешинин търагасы:-                                 Э. Арзиев.

 

                                                                       Сарай айылдык Кеёешинин

                                                      « 25» « 12 » 2018-жылдын

№ 4 токтомуна тиркеме

 

 

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕЁЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

Бул Кодекс Сарай айылдык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткаруугамилдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.

Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.

Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.

  1. I.ЖАЛПЫ ЖОБО
  1. 1.Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүмаксаттарынжетекчиликкеалуукерек.
  2. 2.Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
  3. 3.Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүүөз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
  4. 4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
  5. 5.Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
  6. 6.Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
  7. 7.Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.

II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

2.1.   Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.

2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.

2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.

2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Жергиликтүү кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.

2.5.   Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.

2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.

2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.

Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.

Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилүүүй-бүлөлүк жагдайлар кирет.

2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.

2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.

2.9.1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.

2.9.2 Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.

2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.

2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан   белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.

2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.

III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ

3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы жана шаардагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.

3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.

3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.

3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушуулардыжалпыга маалымдо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана объективдүү болушу керек.

3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.

3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.

IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН                 ЭРЕЖЕЛЕРИ

  1. 1.Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмийбилдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
  2. 2.Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
  3. 3.Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө,расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
  4. 4.Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
  5. 5.Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:

- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;

-жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.

  1. 6.Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
  2. 7.Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
  3. 8.Депутаттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.

V. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ

5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.

5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.

5.3. Депутаттардын эл алдына чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алууменен алардан кечирим суроого милдеттүү.

Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

VI. ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт.

Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.

6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймагынын, шаардын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын,бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.

6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.

6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.

6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.

6.7. Комиссия депутаттын этикалыкКодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.

6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелердинбузулуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:

-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.

-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.

6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарылат.

Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын Жергиликтүү кеңеш аныктайт.

6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда, жергиликтүү кеңештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.

 

­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­________№________________________

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын башчысы

С.А.Токторбаевге

 

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын тъмънк\ кабыл алынган токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргиз\\ \ч\н жънътъб\з:

Саны Чак-ш Күнү,айы,жылы Сессия Номер Аталышы
1 2 VI 25.12.2018 XV №1 «Сарайайылаймагынын 2019-жылгакаратабюджетинбекит\\ жън\ндъ»
2 1 VI 25.12.2018 XV №2 «СарайайылаймагынынАксакалдарсотунунишининрегламентининжобосунжанакурамынбекит\\ жън\ндъ»
3 1 VI 25.12.2018 XV №3 «Сарайайылаймагынынбузууларжън\ндъиштердикарообоюнчакомиссияларытууралуужобосунжанакурамынбекит\\ жън\ндъ»
4 1 VI 25.12.2018 XV №4 «Сарай айылдык Кеёешинин депутаттарынын этика кодексин бекит\\ жън\ндъ»
5 1 VI 25.12.2018 XV №5 «Сарайайылдык Кеёешинин 2019-жылга иш планын бекит\\ жън\ндъ»

Жогоруда аталган токтомдор Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги V-сессиясынын №17 “ Сарай айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынып,Кара-СуурайондукмамлекеттикадминистрациясынынWWW.karasuu.el.kgсайтына 2019-жылдын 11-январькүнүжарыяланган.                                              

Тиркеме: Токтомдор   5 (беш) тиркемеси менен 34(отуз търт) барактан, 2 нускада,

Электрондук варианты 1 (бир) даана дискте

Жетекчи                                                                                                ФИО                  : Атк.А.Арыкбаев
0(3222) 5-24-40