23Сентябрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кызыл-Суу айылдык кенешинин 2018-жылы кабыл алынган токтомдору

Кызыл-Суу айылдык кенешинин 2018-жылы кабыл алынган токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 
     

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын Х – сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                            № 1                  25.01.2018 – жыл

“Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө”

Кызыл–Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбаев Муратбек Саитбековичтин берген маалыматтарын угуп, талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши  

Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында эң көп добуш алган жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу боюнча “Жарык көчө - жарык маанай” жана таза суу боюнча “Таза суу – Өмүр кенчи” долбоорлору бекитилсин .
  2. Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу боюнча “Жарык көчө - жарык маанай” долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо салым 100,0миң сом, таза суу боюнча “Таза суу – Өмүр кенчи” долбоорлоруна 100,0 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге милдеттендирилсин.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                       Дадабаев К.

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХI – сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                            № 1                  08.02.2018 – жыл

“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”

   Кызыл-Суу айылдык Кеңеши айыл аймагындагы айылдырга таза суу маселесин карап чыгып, анда Корок айылына суу кампа куруу  максатында төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1.Корок айылынын түндүк бөлүгүндөгү №546-контурдун ичиндеги жердин түрү боюнча жараксыз 0,5га жер тилкеси суу кампа куруу үчүн берилсин.

2.Суу кампанын курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына суралсын.

3. Корок айылына курулуучу суу кампаны катоого алуу, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге милдеттендирилсин.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХI – сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                            № 2        08.02.2018 – жыл

“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши айыл аймагындагы айылдырга таза суу маселесин карап чыгып, “Кайыңды” булагына каптаж куруу максатында төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1 . Кайыңды” булагына 154-контурдун ичиндеги   жердин түрү                                            боюнча       жараксыз 0,25га жер тилкеси суу каптаж куруу үчүн берилсин.

2.Кайыңды” булагына курулуучу каптаждын курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына суралсын.

3.Кайыңды” булагына курулуучу каптаждыкатоого алуу, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге жүктөлсүн.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.

     

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХI – сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                            № 3        08.02.2018 – жыл

“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши айыл аймагындагы айылдырга таза суу маселесин карап чыгып, “Ак -Терек” булагына каптаж куруу максатында төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1 . , “Ак -Терекбулагына 227-контурдун ичиндеги   жердин түрү                                           боюнча       жараксыз 0,25га жер тилкеси суу каптаж куруу үчүн берилсин.

2., “Ак -Терекбулагына курулуучу каптаждын курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына суралсын.

3., “Ак -Терекбулагына курулуучу каптаждыкатоого алуу, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге жүктөлсүн.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                                   № 1 19.02.2018 – жыл

Туруктуу комиссиянын курамына

өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө”

   Кызыл-Суу айылдык Кеңешининалдында түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү , толуктоолорду киргизүү боюнча  төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1 .Бюджеттик комиссиянын курамына төмөндөгү атуулдар бекитилсин.

Кыдыргычов Аскарбек- бюджжеттик комиссиянын төрагасы                                                                                Шамшиева Минавар -   бюджеттик комиссиянын мүчөсү                                                                 Топчуев Мыктыбек     - бюджеттик комиссиянын үчөсү

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаты           Н. Садыковго жүктөлсүн

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                                   № 2   19.02.2018 – жыл

Жер салыгынын өлчөмүн

жогорулатуу жөнүндө

   Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Карабаев Курстанбектин жер салыгынын өлчөмүн жогорулашын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 жана 339- статьясынын негизинде сунушун угуп, талкуулаптөмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1 Айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Карабаев Курстанбектин сунушу эске алынсын.

2.Кызыл-Суу айыл аймагындагы кайрак, чөп чабык жана эшик алды жерлерден алынуучу салыктардын ставкасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.

   1. Кайракы жер 1га -100 сом

   2. Чөп чабынды жер 1га – 50 сом

3. Ал эми айлананы тазалоодон бир үй бүлөө мүчөсүнө 10 сом өлчөмүндө чегерилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчы Касимов Кимсанбекке жүктөлсүн.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                              Дадабаев К.

                                   

                                   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                                   № 3   19.02.2018 – жыл

Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө”

   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Досбаев Кушбактын берген сунушун айылдык Кеңеш карап чыгып,жайыт пайдалануучулардан салык өндүрүү максатында төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1 Жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.

2.Кызыл-Суу айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардан жайыт салыктарын өндүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө алынсын .

   1. Кара мал ,жылкыга бир башына - 50 (элүү) сом

   2. Кой-эчкиге бир башына - 25(жыйырма беш)сом

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчы Касимов Кимсанбекке жана жайыт комитетинин төрагасы Досбаев Кушбакка жүктөлсүн.

4. Токтомдо көрсөтүлгөн мал-жандыктардын башына бекитилген сумма райондук мамлекеттик салык кызматына маалымдоо Карабаев Курстанбекке милдеттендирилсин.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                                   № 4   19.02.2018 – жыл

2017-жылды бюджетинен калган калдыкты

                                             2018-жылга бекитүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши 2017-жылдын бюджетинен калган калдыкты 2018-жылга бекитүү жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнү 2017-жылдын бюджетинен калган 264 968сом калдык 2018-жылга максаттуу түрдө жумшалсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына ташырылсын.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                               Дадабаев К.            

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

     Чайчы айылы                                 № 5                       19.02.2018-жыл.     

Жайыт жерлерди сактоо,

   туура пайдалануу жөнүндө.

Кызыл-Суу   айыл   аймагында   жайыт жерлер иретсиз   пайдаланып, натыйжада жер кыртышынын бузулушуна   алып келүүдө.

Жалпы элдин суроо- талаптарын аткаруу максатында жайыт жерлерди коргоо, туура пайдалануу, жер кыртышын сактоо максатында   алдын алуу иш аракеттерди ыкчам жүргүзүү жөнүндө

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1.Айыл аймагындагы     бардык жайыт жерлер көзөмөлгө алынсын, жайытты коргоо, иреттүү пайдалануу ,сактоо иштери жүргүзүлсүн. Жайытка малдын сыйымдуулугу каралып, ашыкча мал алып келинбесин. Сырттан мал алып келүүгө тыюу салынсын.

2.Жайыт жерлер айылдардын шартына ылайык жаздык , жайкы жана күздүк жайыттар эске алынсын. Жайытка чектеш айыл   өкмөттөр, райондук чек аралардын маселеси чечилсин. Чек араларды аныктоо жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Айыл   тургундары мал-жандыктары жана жайлоого чыгышсын айылдык айланасы күздүк жайыт үчүн пайдаланууга сакталсын. Бул   иштерди уюштуруу жагы жайыт комитетинин жана айыл башчыларга милдеттендирилсин .

4.Алыскы жайыттагыларды колдонуу үчүн фермер   чарбалардын дыйкан чарбалардын башчыларына мал кармаган чарбакерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жайытка баруусуна көрсөтүлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

     Айылдык кеңешинин   төрагасы :                               Дадабаев   К

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын ХII– сессиясынын

токтому

     Чайчы айылы                          № 6                     19.02.2018-жыл

                                                         Тартип маселесин кароо   жөнүндө.

     Айылдык Кеңештин төрагасы   К Дадабаев   тарабынан   тартип маселеси көтөрүлүп, анда   айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга   катышуусу жана   туруктуу комиссиялардын иш алып баруусу жөнүндөгү маселелер талкууланды. Депутат   Акматов Керимбектин себепсиз түрдө   3-4 сессияга катышпагандыгы тууралуу чара   көрүүнү сунуш кылды. Айылдык Кеңештин депутаттары   жогорудагы сунушту карап чыгып,   төмөндөгүдөй  

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1. Айылдык Кеңештин депутаты   Акматов Керимбек Эркетаевич айылдык Кеңештин сессияларына себепсиз катышпагандыгы жана   сессияга коюлган айрым маселелердин каралышын артка тарткандыгы үчүн эскертүү берилсин.

2.Айылдык Кеңештин депутаттарынын тартип   маселесин көзөмөлгө алуу   Кеңештин төрагасынын орун басары Садыков Нурланга тапшырылсын.

           Айылдык Кеңештин төрагасы:                                           Дадабаев   К

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XIl–сессиясынын   токтому.

     Чайчы айылы                           № 7                       19.02.2018-жыл.             

                     Жер салыгын өндүрүүүчүн   салык

                   төлөөөлчөмүн бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Суу   айыл   өкмөтүнүн башчысы, салык кызматчысы, жер адиси, жайыт комитетинин кызматчыларынын сунуш -пикирлерин эске алуу   менен айыл   аймагында айрым жер   пайдалануучулардан   жер салык, соц фонд ижара акысын   өндүрүү максатында айылдык   Кеңеш   төмөндөгүдөй  

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1.Айдоого жарактуу болгон, бирок   жайытка жакын жерлерди айрым жер   иштетүүчүлөр   пайдаланып келет. Жер пайдалангандыгы   үчүн келишимдин негизинде салык төлөп келгендер жана   жер салыктарын төлөбөгөндөр бар. Ошондуктан   айдоого жарактуу болгон жерди жер иштетүүчү тосуп алып иштеткен болсо, иштеткен   жердин 1га аянты   үчүн   500 сом өлчөмүндө   жер салыгы төлөнсүн.

2.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына, жер адис, салык кызматчы, жайыт комитетинин төрагасына   тапшырылсын.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы   айыл   өкмөтүнүн   ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:_________________   Дадабаев   К.

 

 

 

 

 

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XIl–сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                        № 8                 19.02.2018-жыл.                    

 

                                                                 Сметаны бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга   карата   түзгөн   сметасын карап   чыгып, төмөндөгүдөй

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1.2018-жылга   карата жайыт комитетинин сметасын :- киреше бөлүгү 200,000 сом жана чыгаша бөлүгү -200,000 сомго бекитилсин.

2.Бекитилген акча каражатын   өндүрүү   жана   аны   максаттуу   пайдалануу милдеттери айыл   өкмөтүнүн   жана   жайыт комитетинин кызматчыларына, туруктуу комиссияга тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   айыл   өкмөтүнүн   башчысына жүктөлсүн.

Айыл Кеңешинин   төрагасы:______________   Дадабаев К

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XIll –сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                       №1.                 27.03.2018-жыл.    

2018-жылы “ Элдин үнү   жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоору   менен түзүлгөн макулдашууга ылайык кошумча   бюджетти бекитүү.

Кызыл-Суу айылдык кеңеши долбордун Кичи гранттар   программасынын шарттарына жана   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө кошо каржылоого артыкчылыктуу “ Таза суу- Өмүр булагы” ылайык жана               “ Жарык көчө- Жарык жашоо” долбоорлорун каржылоо шарттарына   ылайык Швейцария   Өкмөтү каржылаган “ Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги : бюджеттик процесс” долбоору   менен Кызыл-Суу   айыл өкмөтүнүн ортосундагы   23.03.2018-жылдагы   макулдашуунун негизинде жана   долбоор тарабынан 2000000 ( эки миллион) сом акча каражаты бөлүнгөндүгү тууралуу   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К Касымовдун   билдирүүсүн   угуп жана   талкуулап, Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т:

1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы жергиликтүү бюджетинин   атайын каражаттар   бөлүгү боюнча 2000000 ( эки миллион ) сомго кошумча бюджети тиркемеге ылайык   бекитилсин.

1. Бөлүнгөн   2 000 000 ( эки миллион) сом   акча каражаты макулдашууда   көрсөтүлгөн долбоорлорго       жумшалсын.

3.Бул токтомдун   аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К Касимовго   жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына   тапшырылсын.

Айылдык Кеңешинин   төрагасы:_____________________   Дадабаев К

           

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XIll –сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                       № 2                   27.03.2018-жыл.    

 

2016-жылдын   31-декабрына карата

мезгил аралыгындагы бюджетинин

түзүлүшү жана анын   аткарылышы

боюнча   жүргүзүлгөн аудиттин  

жыйынтыгы   жөнүндө.

      Кыргыз Республикасынын Эсептөө   палатасынын   Ош шаары, Ош , Жалал-Абад жана   Баткен областтары   боюнча   аймактык   бөлүнүшү   жөнөткөн   2018-жылдын 3-мартындагы   № 01-12/133 чыгыш   катын   аткаруу   максатында     Кызыл-Суу айылдык  Кеңешин төмөндөгүдөй  

Т О К Т ОМ   К Ы Л А Т: 

       1.Кара-Суу   районундагы Кызыл-Суу   айыл өкмөтүнүн   2016-жылдын   1-январынан   тартып, 2016-жылдын 31-декабрына   карата мезгил аралыгындагы   бюджетинин   түзүлүшү жана   анын   аткарылышы боюнча   жүргүзүлгөн   аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктери үчүн   кызматчыларга чара көрүүсүн   айыл өкмөтүнүн   башчысынан суралсын.

     2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына   милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:___________________ Дадабаев К

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XIV–кезексиз   сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                     № 1                 14. 05.2018-жыл.        

АРИС   тарабынан   берилген авто жүктөгүчтү   кабыл алуу     жөнүндө.

Кыргыз   Республикасынын   Коомчулукту   өнүктүрүү жана инвестициялоо   агентсвосу ( АРИС)   тарабынан   берилген   автожүктөгүчтү   кабыл алуу максатында жана айылдык Кеңешинин эрте куракта никеге туруунун санын   кыскартуу   жөнүндө   Кызыл-Суу айылдык   Кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. АРИС   тарабынан   берилген   автожүктөгүч   Кызыл-Суу   айыл өкмөтүнө   балансына   кабыл алынсын.

2. АРИС   тарабынан   берилген   автожүктөгүч   тракторист     Бостонбаев   Шекербектин карамагына   бекитилип берилсин.

3. Автожүктөгүч   Кызыл-Суу айыл аймагындагы   жайыт жолдорун   оңдоп түзөө   иштерине   кызмат көрсөтсүн.

-Элдин     жеке   кызматтарын   келишим   баада   жана   коомдук иштерге   50 % арзандатылган   баада   иш алып баруу жагы тапшырылсын..

4.Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатынан   40 % тракторго , 30% бюджетке. 30 % эмгек акы үчүн берилсин.

7.Токтомдун аткарылышын   көзөмөлгө алуу жагы   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына   тапшырылсын.

Айылдык Кеңешинин     төрагасы:_______________ Дадабаев К

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

         XV–кезексиз   сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                     № 1                 11. 06.2018-жыл.        

Көмүр кен казып алууга берилген жер

участкасын пайдалануу мөөнөтү жөнүндө»

           Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаев чыг №86 сандуу 07.06.2018-жылдагы катын карап жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаевге «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин жиберилген кириш№35 сандуу 04.06.2018-жылдагы арызынын негизинде келип түшкөн маселени карап жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1. «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин арызынын негизинде Таш-Короо   жана   Талды-Конуш   участкасындагы 13,0 га жер аянты көмүр казып алуу үчүн 2033-жылга чейин   убактылуу берилсин.

2. Көмүр кен казып алууга берилген 13,0 га жердин иштетилишин көзөмөлдөө жагы   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын жана   «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камалович менен айыл өкмөт башчысы М.Нышанбаев   келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.

3. Керектүү   иш кагаздарды даярдап берүү жагы Кара-Суу   райондук   Мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Айылдык Кеңешинин     төрагасы:_______________ Дадабаев К

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

         XV–кезексиз   сессиясынын   токтому.

             Чайчы айылы                     № 2                 11. 06.2018-жыл.

                                                                             “2018-жылдын бюджетине

өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

           Кызыл-Суу айылдык Кеңеши 2018-жылдын бюджетине 666,0(Алты жүз   алтымыш алты миң) сом кошумча кароо жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн   ФЭБ башчысы Касимов   Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап   Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине кошумча чыгаша жана киреше бөлүгү 666,0миң сомго бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн   ФЭБ башчысы Касимов   Кимсанбекке милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

Айылдык Кеңешинин     төрагасы:_______________ Дадабаев К

 

 

       
     
 
   

 

Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин

VI-чакырылышынын XVI – сессиясынын

токтому

Чайчы айылы                               № 2                    16.08.2018 – жыл

Кызыл-Суу айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн сапаттык курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык Кызыл-Суу айыл аймагынын шайлоочулары тарабынан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамын бекитүү максатында Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кызыл-Суу айыл аймагынын шайлоочулары тарабынан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамы бекитилсин.

2. Бул токтомдун керектүү сандагы нускасы Кара-Суу райондук аймактык шайлоо участкасына жөнөтүлсүн.

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:                                   Дадабаев К

       
     
 
   

 

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XVII –сессиясынын   токтому.

Чайчы     айылы                           № 1                       17.10.2018-ж

 

                                                                     “Жер тилкесин ажыратып

                                                                                берүү жөнүндө

   Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши,   Кызыл-Суу айыл   аймагына                         ООО   “ Нур Телекомунун” антенасын   курууга   жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө       төмөндөгүдөй    

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. ООО “ Нур Телекомунун” антенасын   курууга     Корок айылынын Шоро участкасынан 25 м кв жер   тилкеси   ( 2-жыл, 11 айга ) арендага     берилсин.

2. ООО “ Нур Телекомунун” антенасын   курууга     керектүү   иш   кагаздарын даярдап   берүү жагы     Кара-Суу   райондук   шаар куруу   жана архитектура башкармасынан суралсын.

3 . . ООО “ Нур Телекомунун” антенасын   курууга     керектүү   иш         кагаздарын даярдап берүү жагы     Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо   бакшармасынан суралсын.

4.Токтомдун   аткарылышын   көзөмөлгө   алуу жагы     айыл өкмөтүнүн   башчысы   М   Нышанбаевге     жүктөлсүн.

 

       Кызыл-Суу айылдык

       Кеңешинин төрагасы: _________________ Дадабаев К.

       
     
 
   

 

 

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XVII –сессиясынын   токтому.

Чайчы     айылы                       № 2                     17.10.2018-ж

“Жер тилкесин ажыратып

                                                                                 берүү жөнүндө

Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши,   Кызыл-Суу айыл   аймагынын Кызыл-Талаа участкасынан   ат майданына   жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө       төмөндөгүдөй    

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кызыл-Талаа участкасынан   ат майданы   үчүн 2 га жер тилкеси   бөлүнүп берилсин.

2. Кызыл-Талаа участкасындагы   ат майданы үчүн   бөлүнгөн жерге   Аманов   Таабалдынын ысмы берилсин.

3. Керектүү   иш кагаздарын даярдап берүү   жагы     Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо   башкармасынан суралсын.

4.Токтомдун   аткарылышын   көзөмөлгө   алуу жагы     айыл өкмөтүнүн   башчысы   М   Нышанбаевге     жүктөлсүн.

 

 

 

       Кызыл-Суу айылдык

       Кеңешинин төрагасы: _________________ Дадабаев К.

 

       
     
 
   

 

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XVII–сессиясынын   токтому.

Чайчы     айылы                                 № 3.                       17.10.2018-ж.

 

   “Жер тилкесин ажыратып

   берүү жөнүндө

Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши, Коргон айылына   таза суу   тартуу маселесин   карап чыгып, анда Төө-Карын  булагына   суу кампа ( каптаж) куруу     максатында   төмөндөгүдөй  

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. “Төө-Карын   ”   булагына   ( каптаж)   куруу үчүн     жараксыз жерден 0,25 га   жер   тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. “Төө-Карын ” булагына     ( каптаж)   курулуштарына керектүү   иш   кагаздарын даярдап   берүү жагы     Кара-Суу   райондук   шаар куруу   жана архитектура башкармасынан суралсын.

3.” Төө-Карын” булагына  ( каптаж)     каттоого алуу   жана   керектүү   иш   кагаздарын даярдап берүү жагы     Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо   башкармасынан суралсын.

4.Токтомдун   аткарылышын   көзөмөлгө   алуу жагы     айыл өкмөтүнүн   башчысы   М   Нышанбаевге     жүктөлсүн.

 

 

     Айылдык Кеңештин

                             төрагасы:                                           Дадабаев   К.

       
     
 
   

 

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XVII–сессиясынын   токтому.

Чайчы     айылы                                 № 4.                       17.10.2018-ж

 

                                                                         Жер тилкесин ажыратып

                                                                                  берүү жөнүндө.

Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши, Коргон айылына   таза суу   тартуу маселесин   карап чыгып, анда Чайчи айылына   суу кампа     ( каптаж) куруу     максатында   төмөндөгүдөй  

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Коргон айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында Чайчи айылындагы     №605 контурунда жайгашкан 0,25 га   жер   тилкеси суу кампа курууга   бөлүнүп берилсин.

2 Чайчи   айылына суу кампа   курулуштарына керектүү   иш   кагаздарын даярдап   берүү жагы     Кара-Суу   райондук   шаар куруу   жана архитектура башкармасынан суралсын.

3 Чайчи   айылына суу кампа   курууга     керектүү   иш   кагаздарын даярдап берүү жана каттоого алуу   жагы     Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо   башкармасынан суралсын.

4.Токтомдун   аткарылышын   көзөмөлгө   алуу жагы     айыл өкмөтүнүн жер адиси   Адишов   Эмилге     жүктөлсүн.

 

 

     Айылдык Кеңештин

                             төрагасы:                                           Дадабаев   К.

       
     
 
   

 

Кызыл-Суу   айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын

XVII–сессиясынын   токтому.

Чайчы     айылы                                 № 5                       17.10.2018-ж.

                                                                         Жер тилкесин ажыратып

                                                                                 берүү жөнүндө.

Кызыл-Суу   айылдык Кеңеши, Талаа айылына   таза суу   тартуу маселесин   карап чыгып, анда Талаа айылына   суу кампа     ( каптаж) куруу     максатында   төмөндөгүдөй  

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Талаа айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында       №336 контурунда жайгашкан 0,25 га   жер   тилкеси суу кампа курууга   бөлүнүп берилсин.

2 Талаа   айылына суу кампа   курулуштарына керектүү   иш   кагаздарын даярдап   берүү жагы     Кара-Суу   райондук   шаар куруу   жана архитектура башкармасынан суралсын.

3 Талаа айылына суу кампа   курууга     керектүү   иш   кагаздарын даярдап берүү жана каттоого алуу   жагы     Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо   башкармасынан суралсын.

4.Токтомдун   аткарылышын   көзөмөлгө   алуу жагы     айыл өкмөтүнүн жер адиси   Адишов   Эмилге     жүктөлсүн.

 

 

 

     Айылдык Кеңештин

                             төрагасы:                                           Дадабаев   К.