23Сентябрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-сессиясынын 1-4-токтому, 30-сессиясынын 1-3-токтомдору, жана 2019-жылдын 31-сессиясынын 1-4-токтомдору.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-сессиясынын 1-4-токтому, 30-сессиясынын 1-3-токтомдору, жана 2019-жылдын 31-сессиясынын 1-4-токтомдору.

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 1 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 14 » декабрь 2018–ж. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 1884,5 миң.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин IV бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнүн 33- беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши Токтом кылат: 1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатындаөздүк салым катары; А) “№75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 2-корпусунун имаратын капиталдык ремонттон ɵткɵрүү” долбоорун каржылоо максатында 1004,5 миң.сом; Б) “№12 Отуз-Адыр орто мектебинин имаратын ремонттон ɵткɵрүү” долбоорун каржылоо максатында 880,0 миң.сом; Жалпысы1884,5 миң.сом акча каражаты бɵлүнүп берилсин. 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т.Туйбаев). 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Алдраков). Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы А.Д. Беделов - Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 2 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 14 » декабрь 2018–ж. «Отуз-Адыр айылындагы сметалык баасы 27500,0 миң.сомдук мечиттин жаңы имаратын айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп алуу,каттап муниципалдык менчик реестрине киргизүү жана аны кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ.» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-токтому менен бекитилген «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ»аттуу Жобонун 2-статьясынын 2-пунктунун жана 3-статьясынын 2-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1.Отуз-Адыр айылындагы сметалык баасы 27500,0миң.сомдук мечиттин жаңы имараты айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу актысынын негизинде ɵткɵрүлүп алынсын жана катталып муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизилсин. 2.Айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине катталып муниципалдык объекттердин реестрине киргизилген Отуз-Адыр айылындагы мечиттин жаңы имараты кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна кабыл алуу актысынын негизинде ɵткɵрүлүп берилсин. 3.Жогорудагы мечитти муниципалдык менчике ɵткɵрүп алуу жана кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү боюнча комиссия түзүлсүн (тиркеме тиркелет). 4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын.(Т.Туйбаев) 5.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев) Отуз-Адыр айылдык Кеңешининтɵрагасы А.Д.Беделов Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрында ɵткɵрүлгɵн кезексиз XXIX сессиясынын № 2-токтомуна тиркеме Отуз-Адыр айылындагы мечиттин жаңы имаратын кабыл алуу жана аны мечиттин жамаатынынпайдалануусуна ɵткɵрүп берүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы. 1.Апишев Хурвай-комиссиянын тɵрагасы,айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын орун басары. Мүчɵлɵрү; 2.Камчыбеков Мамасабыр-айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысынын орун басары. 3.Сатыбалдыев Жумабек-Отуз-Адыр айылынын айыл башчысы. 4.Тɵрɵмурзаев Тариэл- айыл ɵкмɵтүнүнɵзгɵчɵ кырдаалдар боюнча жетектɵɵчү адиси. 5.Довранов Раимберди-инжиниринг кызматы боюнча кɵз карандысыз эксперт. 6.Ɵмүрзаков Абдыманап-Отуз-Адыр айылдык мечитинин имам-хатиби. 7.Калматов Нурсултан-айылдык Кеңештин депутаты. 8.Зикиряев Тɵлɵгɵн-аксакалдар сотунун тɵрагасы. 9.Кадыров.Т-«Ай-Тор» ЖЧКасынын директору. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.З.Зикиров. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 3 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 14 » декабрь 2018–ж. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарында «Бузуулар жɵнүндɵ» иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 17.10.2018-жылдагы №01-18-26 сандуу буйругун жана агенттиктин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ɵкүлү З.Тургунбаевдин 02.11.2018-ж №93 сандуу катынын негизинде жана Отуз-Адыр айылдын аймагынын «Бузуулар жɵнүндɵ» иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону бекитүү максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши Токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарында «Бузуулар жɵнүндɵ» иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүүɵз алдынча башкаруу органдарынын «Бузуулар жɵнүндɵ» иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобонун негизиндеОтуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵ 11 адамдан турган комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет) 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын.(Т.Туйбаев) 4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов. Айылдык Кеңештин 2018-жылдын «14» -декабрында өткөрүлгөн кезексиз №XXIХ сессиясынын № 3-токтомуна № 1 тиркеме Отуз-Адыр айыл аймагында «Бузуулар жɵнүндɵ» иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы № Ф.И.О. ИНН номери Тел. Номери 1 Апишев Хурбай, комиссиянын тɵрагасы 21003196500131 0771 36 83 82 2 Турдиева Дилфуза, комиссиянын катчысы 12111198501284 0771710501 3 Тɵрɵмурзаев Тариэл, комиссиянын мүчɵсү 20301196000567 0777074059 4 Ураимов Сайфидин, комиссиянын мүчɵсү 20612196300038 0778030523 5 Зикиряев Тɵлɵгɵн, комиссиянын мүчɵсү 22302193900126 0776 61 30 80 6 Базарбаев Толонбай, комиссиянын мүчɵсү 22908194600109 0778358746 7 Мурзаев Асабидин, комиссиянын мүчɵсү 20806197010058 0706367733 8 Алдраков Сырбек, комиссиянын мүчɵсү 21704197900879 0770176859 9 Абдилазиз уулу Абдимитал, комиссиянын мүчɵсү 2050199001463 0773420001 10 Мамасалиев Анжиянбай.комиссиянын мүчɵсү 0772294840 11 Матраимов Исраил,комиссиянын мүчɵсү 21205196000414 0551161316 Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.З.Зикиров БЕКИТЕМИН Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылдын “14” –декабрындагы ХХIХ сессиясынын № 3 токтому _______________________ (А.Б.Беделов) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнчакомиссиялары тууралу ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт. 2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет. 3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет. 4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ. 6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет. 7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби 8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт. 10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: - жергиликтүү кеңештин депутаттары; - муниципалдык кызматчылар; - шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча). Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл окмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат. 11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат. 12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн: - соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган; - соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар; - акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган; - медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт. 13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат. 14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле: - жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндо арыз берген учурда; - Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо; - Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде; - күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда; - медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда; - Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда; - Комиссиянын мүчөсү өлгөндө; - Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде; - Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда; - жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда; - жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат. 15. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет. 16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн. 17. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт. 3. Комиссиянын ишинин тартиби 18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган. 19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш. 20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет. 21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт. 22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт. 23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат. 24. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып: а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат: 1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө; 2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси); 3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө. б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат. 25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери 26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат. 27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. 28. Комиссиянын мүчөлөрү: Төмөндөгүлөргө милдеттүү: - Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга; - бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга; - Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга; - жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого; - Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга. Төмөндөгүлөргө укуктуу: - бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө; - бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө; - Кодексте каралган башка укуктарга. 29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү: - Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө; - Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу; - Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү; - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу; - Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ: - өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө; - Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө; - ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга. 30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары: - бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат; - Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат; - Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат; - ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат. 31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары: - бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат; - өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат; - Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат; - келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт; - бузуулар жөнүндо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат; - Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат; - Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет; - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет; - аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат; - Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат; - Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт; - Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат; - бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт; - отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт; - Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат. Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат. 32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү: - бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса; - иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок. 5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү 33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат. 34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат. 35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт. 36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме). Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү. Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет., 37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет. 38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт: - бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар; - отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер; - белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу; - ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт. 39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт. 40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат. 41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат. 42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат: - бузуулар жөнүндо иштерди эсепке алуу журналы; - айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы; - бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме). 43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат. 44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндо иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат. 45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатыс Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезексиз XXIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 4 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 14 » декабрь 2018-ж. «Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарындагы аталышы жок жаңы кɵчɵлɵргɵ аталыштарды ыйгаруу жɵнүндɵ.» Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467- токтому менен бекитилген”Географиялык аталыштарды жана объекттерди каттоонун жана аларга аталыштарды ыйгаруунун тартиби жɵнүндɵ” аттууЖобонун 6-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1. Отуз-Адыр айылынын батыш тарабындагы жаңы кɵчɵгɵ Аэропорт кɵчɵсү деген аталыш берилсин. 2. Отуз-Адыр айылынын түштүк тарабында жайгашкан Зымырык калктуу конушунун чыгыш тарабындагы эки жаңы кɵчɵгɵ Биримдик жана Ɵнүгүү кɵчɵсү аталыштары берилсин,батыш тарабындагы биринчи жаңы кɵчɵгɵ Капышева Айсулуу кɵчɵсү аталышы ыйгарылсын,экинчи жаңы кɵчɵгɵ Кайрат кɵчɵсү аталышы,түштүк тарабындагы Кеңеш кɵчɵсүнɵ Кеңеш-1,Кеңеш-2,Кеңеш-3,Кеңеш-4, Кеңеш-5,Кеңеш-6 жана Кеңеш-7 кɵчɵлɵрү деген аталыштар берилсин. 3. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын батыш тарабындагы үч жаңы кɵчɵгɵ Замандаш, Мектеп жана Достук кɵчɵсү аталыштары берилсин. 4. Савай-Арык айылынын күн батыш тарабында жайгашкан Ош-3000 калктуу конушундагы эки жаңы кɵчɵгɵ Ынтымак жана Биримдик кɵчɵсү аталыштары берилсин. 5. Кызыл-Абад айылынын Корпус кɵчɵсүнɵ Корпус-1,Корпус-2 жана Корпус-3 кɵчɵлɵрү деген аталыштар,С,Эрмеков кɵчɵсүнɵ С.Эрмеков-1,С.Эрмеков-2 жана С.Эрмеков-3 кɵчɵлɵрү деген аталыштар,Живпром кɵчɵсүнɵ Живпром-1, Живпром-2,Живпром-3,Живпром-4 жана Живпром-5 кɵчɵлɵрү деген аталыштар берилсин. 6. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.(Э.Атабаев) 7. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Мурзаев) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 1 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 24 » декабрь 2018-ж. «Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2018-жылда аткарылышы жана 2019-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2019-жылга карата бюджети жөнүндө» Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2018-жылда аткарылышы жана 2019-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2019-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ: Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы 23440,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү- 20862,9 миң сомго бекитилсин: 1.Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын жана бюджетинин 2018-жылда аткарылышы жана 2019-жылга карата божомолу көңүлгө алынсын. 2.2019жылга карата Отуз-Адыр айылдык аймагындагы ишкана, мекеме –уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин -салык кирешесинин жалпы суммасы 8504,7 миң сом. -салык эмес кирешелер, аренда акы 3291,0миң сом. -теңдөөчү грант 9519,4 миң сом Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы: 21315,1миң.сом -атайын каражат балдар бакчасы 3679,2 миң сом Бардыгы: 24994,3 миң сом Бардык киреше 24994,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 3.Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2020-жылга 24428,3 миң сом го, 2021-жылга 24481,3 миң сомго белгиленсин. 4.Чыгашалар боюнча акча каражаты 2019-жылга 24994,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен: 1) Башкаруу аппаратына 31 штат бирдиги бекитилсин, жалпы эмгек акы фонду 4967,2 миң сомго бекитилсин от жагуучуга эмгек акы фондунун ичинен төлөнүп берилсин,.айыл башчылардын штат бирдигине 7 штат бирдиги бекитилсин. Алардын кызматтык маяналары жетектөөчү адистин деңгээлинде бекитилсин. 2) Китепканага 1штат китепканачы бирдиги бекитилсин. Китепкана башчысынын эмгек акы фонду 79,2 миң сомго, гезиттерге жазылууга газеталарга жарыя берүүгө 60,0 миң сом бекитилсин. 3) Маданият үйү, Спорт сарай боюнча: 1 штат -маданият үйүнүн директору, 1 штат-массалык-маданий иштер боюнча адис, 1 штат - техничка, 2 штат -күзөтчү. Бардыгы: 5 штат бирдиги бекитилсин. Эмгек акы фонду 316,8 миң сомго бектилсин. 4) Балдар бакчасы боюнча атайын каражат эсебинен тарбияланып жаткан балдардын тамактануусуна 3679,2 миң сом бектилсин. 5) Айылдык Кеңештин тɵрасасына айыл ɵкмɵтүнүн окладынан жɵлɵк пул тɵлɵɵгɵ 12,3 миң.сом бекитилсин. 6) Жайыт комитетинин иш-чаралары боюнча 90,0 миң.сом бекитилсин. 7) Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн билим берүү тармагынын коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүсүнɵ жана кызматкерлерге 202,0 миң.сом акча каражаты бекитилсин. 8) Резервдик фондко 211,0 миң.сом бекитилсин. 9) Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2020 –жылга 24428,3 мин сомго 2021 – жылга 24481,3 мин сомго белгиленсин. 10) Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц.фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары-дармек,тамак аш женилдиктери каржылансын. 5. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2018-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2019-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын. 6. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин. 7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы А.Д. Беделов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХXX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 2 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 24 » декабрь 2018-ж. «Жайыт комитетине караштуу МТЗ-80 тракторун жана фронталдык погрузчикти иштетүүнүн баасын бекитүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» аттуу МыйзамынынIII главасынын 31 жана 36-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1. 2019-жылдан баштап МТЗ-80 трактору тарабынан 1га сугат жерди айдоонун баасы 2500 сом ɵлчɵмүндɵ,ал эми 1га кайрак жерди айдоонун баасы 2000 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин. 2. 2019-жылдан баштап фронталдык погрузчикти иштетүүнүн 1мото/часынын баасы айыл ɵкмɵтү үчүн 1550 сом ɵлчɵмүндɵ ,ал эми айыл аймагынын тургундары үчүн 2300 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин. 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн. 4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнчатуруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 3 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 24 » декабрь 2018-ж. «Шаматов Дүйшɵн Алиевичке «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнүндɵ.» Педагогика илимдеринин доктору,Астана университетинин профессору Шаматов ДүйшɵнАлиевичтин жаштарга билим берүү берүүдɵ жетишкен ийгиликтерин эске алып жана КыргызРеспубликасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» аттуу Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1. Педагогика жана тил илимдеринин ɵнүгүшүнɵ кошкон зор салымы жана жаштарга билим берүүдɵ жетишкен ийгиликтери үчүн Шаматов Дүйшɵн Алиевичке «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын. 2. Шаматов Дүйшɵн Алиевичке № 4-«Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» күбɵлүгүберилсин. 3.Тийиштүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз ХXXI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 1 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы « 28» февраль 2019-ж. «2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда калган 1414,7 миң.сом бош калдык акчаны бɵлүштүрүү жɵнүндɵ» «Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ» Мыйзамынын 3-главасынын 13-беренесинин негизинде, Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда 2019-жылдын 01-январына карата калган 1414,7 миң.сом бош калдык акча каражаты тɵмɵндɵгүчɵ бɵлүнсүн; А) Кара-Дɵбɵ айылына 4 даана электр мамычасын орнотууга 40,0 миң. сом Б) Проекттер менен иштɵɵгɵ 44,5 миң.сомВ)Жайыт комитетине 5,4 миң.сом Г) 2018-жылдын декабрында Ош-Бишкек Кара-Суу-Отуз-Адыр жол кесилишине орнотулган светофорго 62,0 миң.сом Д) 2018-жылы айылдарга тɵгүлгɵн шагылга 190,1миң.сом Ж) Ош-Бишкек авто жолун бойлото курулган кɵчɵ чырактарын алмаштырууга 400,0 миң.сом Е) Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарын акыр-чикирден тазалоо жана жашылдандыруу иштерине 181,9 миң.сом К) Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу жерге муниципалдык китеп жасатууга жана башка иштерге 40,0 миң.сом Л) Кызыл-Абад айылынын тургуну Калназаров Джоробайга гемодиализ алуу үчүн жеңилдик берүүгɵ10,0 миң.сом М) Кара-Суу райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган оцифровкалык кадастрдык карталар үчүн175.3 миң.сом Н) Спорт товарларын алууга 10,0 миң.сом Ң) АРИС уюмунан техника алууга 180,0 миң.сом О) Соттун чечимин аткарууга 75,5 миң.сом Жалпы жыйынтыгы: 1414,7 миң.сом 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев) 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы А.Д.Беделов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 2 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы. “ 28 ” февраль 2019-ж. “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵгү келишимди бекитип берүү жɵнүндɵ.” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” аттуу Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵгү келишим бекитилсин.(келишим тиркелет) 2. Ушул келишимде кɵрсɵтүлгɵн жайыттын аянты (гектары)айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоо актысынын негизинде ɵзгɵртүлɵт. 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев). Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы А.Д.Беделов Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын 2019-жылдагы « 28 » февраль Жергиликтүү кеңештин № 2 токтому менен «БЕКИТИЛГЕН» Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө ТИПТYY КЕЛИШИМИ № 1 Отуз-Адыр айылы « 19» февраль 2019-ж Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин ________________ № 2 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысы Туйбаев Таалайбек Адиевич аркылуу мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан жана 2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Отуз-Адыр Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Мамасалиев Анжиянбай Каламбаевич аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк. 1. Келишимдин предмети 1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет. Жайыт жерлердин жалпы аянты 1116 га Жайыт участокторунун жайгашкан орду Отуз-Адыр Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (типтүү келишимдин № 1 тиркемеси) Жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-ѳткѳрүү актылары (типтүү келишимдин № 2 тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, гупкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу- өткөрүү актысы таризделет) Айыл өкмөтү ЖПБ/ЖК «___»_____________20___-ж «___»____________20___-ж __________________ _____________________  2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 1.2. Жергиликтүү ѳз алдынча органдарын укуктары: 1.2.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - айыл ѳкмѳтү тѳмѳнкулѳргѳ укуктуу: - Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөөгө; - Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жузунде эскертуу берүүгө; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга; - Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторунун формасын бекитүүгө; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүпп алууга; 2.1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - жергиликтүү кенештин укуктары: - Милдеттуу турдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды жоюуну талап кылуу; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу. - Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыӊкы методдорду колдонууну сунуштоо; 1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери 2.2.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – айыл өкмөтүнүн милдеттери: - Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды ѳз Айыл өкмөтү ЖПБ/ЖК «___»_____________20___-ж «___»____________20___-ж __________________ _____________________  убагында жана толук көлөмдө берүү; - Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) айылык кенеш тарабынан бекитилген. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кенсе имараты менен камсыздоо; - жьлына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг: жүргүзүү жана баа берүү; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдии негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөө милдеттүү; 2.2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - жергиликтүү кеӊештин милдеттери: - Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылды планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитуу. 2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу: - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга; - жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жергиликтүү кеӊеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга; - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кецсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга; - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланынш тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеӊештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизуугө; - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жжүзүндөгү эскертүүлөр боюнча датгануу укугуна ээ. 2.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу: - жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга; - жергиликтуу өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардьн абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа беруугө; - жайыт билеттерин мыйзамга, жайыт пайдалануунун жылдык планы ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта Айыл өкмөтү ЖПБ/ЖК «___»_____________20___-ж «___»____________20___-ж __________________ _____________________  пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө; - жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого; - жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чьккан талаш-тартыштарды чечүүгө; - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планьш өз убагында иштеп чыгууга, айылдык кеӊешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө; - жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга; - ыйгарым укуктарды аткаруу учун берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого; - ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө; - жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруү органына жылына бир жолу маалымат берүүгө; - жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишим, бузууну болтурбоого; - ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө; - ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарьн жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү; 3. Тараптардын финансылык мамилелери 3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандьгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет. 3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, айылдык кеӊеш тарабынан бекитилген жергиликтуу бюджеттин жазылышьша ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансы каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында Айьл өкмөттөачылган ЖПБ/ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот. Айыл өкмөтү ЖПБ/ЖК «___»_____________20___-ж «___»____________20___-ж __________________ _____________________ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 3 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы. « 28 » февраль 2019-ж. «Жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтерин бекитүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386-токтому менен бекитилген «Жайыт пайдалануу үчүн акыны белгилɵɵнүн тартиби» жɵнүндɵ аттуу типтүү Жобонун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1.2019-жылдын 01-апрелинен баштап токой чарбасынын алыскы техника баралбаган жерлеринен ижарага алынган жерлер үчүн жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифи бир баш кара мал үчүн -120 сом, бир баш кой-эчки үчүн -25 сом, бир баш жылкы үчүн -120 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин. 2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасы Мамасалиев Анжиянбайга милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 4 ТОКТОМУ Отуз-Адыр айылы. “ 28 ” февраль 2019-ж. “Айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына толуктоолордукиргизүү жɵнүндɵ.” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум ɵткɵрүү боюнча шайлоо комиссиялары жɵнүндɵ” аттуу Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ; 1. №5184 Отуз-Адыр шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын резервдик курамына Аматов Чолпонду бекитип берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын. 2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын. 3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев) Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы А.Д.Беделов.