23Сентябрь2019

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2019-жылдагы кезексиз 32 сессиясынын № 1 токтому

Отуз-Адыр айылдык кенешинин 2019-жылдагы кезексиз 32 сессиясынын № 1 токтому

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXХII сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

№ 1 ТОКТОМУ

Отуз-Адыр айылы                                                                       «25» май2019–ж.

Отуз-Адыр айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2014-жылдын 03-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жер фондун инвентаризациялоо тартиби жɵнүндɵ” Жобонун негизинде, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу колнуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарды карап чыгып, депутаттардын сунуш,пикирлерин угуп, Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдардын жыйынтыгынамакулдук берилсин.
  1. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусунинвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдардын жыйынтыгы менен Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтү кабыл алган токтом бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык

маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                 А.Д.Беделов