25Июнь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кызыл-Суу айылдык кенешинин VI-чакырылышынын 2019-жылдын 27-декабрындагы XXII-сессиясынын №1-6 токтомдору жана 2020-жылдагы 26-июнундагы XXIII-сессиясынын №1-3 токтомору, 2020-жылдын 11-августундагы XXIV-сессиясынын №1-4 токтомдору.

Кызыл-Суу айылдык кенешинин VI-чакырылышынын 2019-жылдын 27-декабрындагы XXII-сессиясынын №1-6 токтомдору жана 2020-жылдагы 26-июнундагы XXIII-сессиясынын №1-3 токтомору, 2020-жылдын 11-августундагы XXIV-сессиясынын №1-4 токтомдору.

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

            Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

  XXII-сессиясынын

№1 ТОКТОМУ

                          

Чайчы айылы                                                                                    27.12.2019-жыл

                                                                        “2020-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык кеңеши 2020-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

                                                               ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9505,1 миң сомго бекитилсин. (анын ичинен 850,0 миң сом атайын каражаттан).

2. 2020-2022-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн

            2020-жылга 14522,8 миң сом.

          2021-жылга 15380,8 миң сом.

          2022-жылга 16605 миң сом божомолдуу түрдө бекитилсин.

3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн вет адиси Эргешбаев Сайпидин менен түзүлгөн төлөмдүк келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын “8” 07 № 403 токтомунда көрсөтүлгөн шарттарына ылайык төлөнсүн.

4. Башкаруу аппаратынын жалпы 18 штаттык бирдиги бекитилсин, анын ичинен айыл башчысы -4, аскерге учет жүргүзүүчү -2, тейлөө кызматкери -2, төлөмдүк келишимдин негизинде -1

5. Корок айылына статус алуу үчүн документтер тапшырылгандыгына   байланыштуу Корок айыл башчыга эмгек акы төлөнсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           Кызыл-Суу айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                 К.Дадабаев  

               Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

№2 ТОКТОМУ

Чайчы айылы                                                                                27.12.2019-жыл

                                                                      “Жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнүндө”

Ош облусунун жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдын 31-октябрындагы № 01-9 5-04.362 келген кортундусунун негизинде Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл аймагынын Кызыл-Талаа участкасындагы № 457 контурдага жердин түрү боюнча 0,10 га чарба багытында эмес жер тилкесине муниципиалдык мамлекеттик акт чыгарылсын.

2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кара-Суу филиалынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө   тапышырлсын.

                    

                    

   Кызыл-Суу айылдык

 кеңешинин төрагасы:                                                         К.Дадабаев  

               

                           

 

 

    

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

№3 ТОКТОМУ

Чайчы айылы                                                                                    27.12.2019-жыл

                                                                         “Жер тилкесине иш кагаздарын

                                                                          даярдоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин   аскердик башкаруунун 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 келишимдин негизинде   иштеп берүүгө Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй  

                                                               ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтү келишимде көрсөтүлгөн талаптарды жана   милдеттеринин, укуктарынын негизинде Кара-Суу райондук ВУС адиси боюнча штаттык бирдикте ыйгарым укук берилсин.

2. Берилген ыйгарым укуктарды кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                   К.Дадабаев  

 

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

№4 ТОКТОМУ

Чайчы айылы                                                                                     27.12.2019-жыл

                                                                            “Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчи айылына балдар бакчасын куруу үчүн 0,20 га   жер берүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчи айылынан 610 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкеси балдар бакчасын курууга бөлүнүнүп берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу архитектура башкармасынан Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмтүнүн башчысына   жүктөлсүн.

       Кызыл-Суу айылдык

         кеңешинин төрагасы:                                                        К.Дадабаев  

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

№5 ТОКТОМУ

Чайчы айылы                                                                               27.12.2019-жыл

                                                                             “Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Досбаевдин берген сунушун айылдык кеңеши карап чыгып, жайыт пайдалануучулардан салык өндүрүү максатында төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.

2. Кызыл-Суу айыл аймагында жайыт пайдалануучулардан жайыт салыктарын өндүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө алынсын.

а) Кара мал, жылкыга бир башына -50 (элүү) сом.

б) Кой эчкиге бир башына- 25 (жыйырма беш) сом.

3. Ал эми айыл аймагынан тышкары жактан алып келген менчик мал жана   жандыктарга төмөндөгүдөй салык өлчөмдөрү киргизилсин.

а) Кара мал, жылкыга бир башына -100 (жүз) сом.

б) Кой эчкиге бир башына- 50 (элүү) сом.

4. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Досбаевге жана жардамчы эсепчи А.Солпуевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы   К.Касимовго жүктөлсүн.

         Кызыл-Суу айылдык

       кеңешинин төрагасы:                                                        К.Дадабаев  

 

Кызыл-Суу айылдык кенешинин VI-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

№6 ТОКТОМУ

Чайчы айылы                                                                                             27.12.2019-ж

                                                                                                    “Сметаны бекитүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзгөн сметасын карап чыгып төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. 2020-жылга карата жайыт комитетинин сметасын киреше бөлүгүн 200,000 миң сом жана чыгаша бөлүгүн 200,000 миң сомго бекитилсин.

2. Бекитилген акча каражатын өндүрүү жана аны максаттуу пайдалануу милдеттери айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин кызматчыларына туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

                                               

   Кызыл-Суу айылдык

   кеңешинин төрагасы:                                                        К.Дадабаев  

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXIII сессиясынын

№1 ТОКТОМУ

Чайчи айылы                                                                                            26.06.2020-жыл

                                                                

“2019-жылдагы бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн атркарылышы жөнүндө”

Кызыл-Суу айылдык кеңеши 2019-жылдын бюджетинин чыгышы жана киреше бөлүгүнүн аткарылышы 2019-жылдын бюджетинин калган калдыкты 2020-жылга бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык кеңеши

                                 ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы чыгаша жана киреше бөлүгү 8494,3 миң сомго бекитилсин жана канаатандырарлык деп табылсын.

2. Кызыл-Суу 2019-жылдын бюджетинен калган 68,5 миң сом 2020-жылга   максаттуу түрдө жумшалсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго    милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

          

  

               Кызыл-Суу айылдык

               кеңешинин төрагасы :                                                                    К.Дадабаев

 

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXIII-сессиясынын

№2 ТОКТОМУ

Чайчи айылы                                                                                          26.06.2020-жыл

                                                                              “Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айыл аймагынын Коргон айылынын тургуну Жусубалиев Кубанычбектин арызын карап чыгып Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгудөй  

                                                         ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Коргон айылынын тургуну Жусубалиев Кубанычбектин арызынын негизинде Коргон айылынын дайра боюндагы Чилде–Таштан балык чарбасын уюштуруу үчүн 0,50 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы жер адис Адишов Эмилге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

         Кызыл-Суу айылдык

          кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дадабаев.

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын

XXIII - сессиясынын

№3 ТОКТОМУ

Чайчи   айылы                                                                                              26.06.2020-жыл

                                                                                       “Жер тилкесин   бөлүп жөнүндө

Кызыл-Суу айыл аймагынын жарандарынын арызынын негизинде турак жай куруу үчүн жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнундө Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл аймагынын жарандарынын арызынын негизинде Коргон айылындагы № 374 контурундагы 26 га, Алп-ордо айылындагы № 670 контурундагы 12 га, Чайчи айылындагы № 606 контурундагы 4 га, Талаа айылындагы № 358 контурундагы 18 га жер тилкелери турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы жер адис Адишов Эмилге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына   жүктөлсүн.

            Кызыл-Суу айылдык

           кеңешинин төрагасы                                                К.Дадабаев

 

Кызыл-Суу айылдык кенешинин

VI чакырылышынын XXIV сессиясынын

№1 Токтому

Кызыл-Суу айылы                                                                                     11.08.2020-жыл

                                                                                           2021-2023-жылдарга болжолдуу                                                                              

                                                                                           бюджеттин киреше жана

                                                                                            чыгаша бөлүгү жөнүндө

            Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитип бекитүү жөнүдө, айыл өкмөтүнүн финасы-эканомика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап,             Кызыл-Суу айылдык кеңеши

                                                       ТОКТОМ   КЫЛАТ

            1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы болжолдуу бюдетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 9851,1 миң сомго бекитилсин.

         2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЕБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

        

         Кызыл-Суу айылдык

         кеңешинин төрагасы:                                                К.Дадабаев

  

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин

VI чакырылышынын XXIV сессиясынын

№2 ТОКТОМУ

   Чайчи айылы                                                                                 11.08.2020-жыл

                                                                                                                 «Жер тилкесин бөлүп

                                                                                                                  берүү жөнүндө»

            Кызыл-Суу айыл аймагынын Талаа айылынын тургуну Жабиев Адилбектин жазган арызын карап чыгып, жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Чайчи айылынан Талаа айылына өтүүчү жөө көпүрөгө атасынын аты берилсин.

2. Жөө көпүрөөнүн айланасын көрктөндүрүү үчүн Жабиев Адилбекке 0,10 га жер жана балык өстүрүүчү көлмө үчүн 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

3. Көрктөндүрүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектуура башкармасынан Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.

4. Бул токтомду аткаруу жана докуметтерин бүтүрүү жагын айыл өкмөтүнүн жер   адиси Адишов Эмилге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө       милдеттендирилсин.

            

             Кызыл-Суу айылдык

             кеңешинин төрагасы:                                                 К.Дадабаев

 

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXIV

сессиясынын

№3 ТОКТОМУ

    

       Чайчи айылы                                                                                 11.08.2020-жыл

                                                                            “Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Суу айыл аймагындагы Алп-Ордо айылынын жогору жагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун №662 контурундагы кайракы айдоо жерди             Алп-Ордо айылды өнүктүрүү фондуна көрктөндүрүү үчүн Кызыл–Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

                                                            ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу айыл аймагындагы Алп-Ордо айылынын жогору жагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун №662 контурундагы 5 га кайракы айдоо жери Алп-Ордо айылды өнүктүрүү фондуна көрктөндүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы жер адис Адишов Эмилге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

        

          Кызыл-Суу айылдык

          кеңешинин төрагасы :                                                 К Дадабаев

 

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышын

XXIV сессиясынын

№4 ТОКТОМУ

Чайчи айылы                                                                                11.08.2020-жыл

                                                                                             Муниципиалдык ишкананын  

                                                                                               атын коюу, башчысын жана

                                                                                              уставын бекитүү жөнүндө.

Муниципиалдык ишкананын атын коюу, башчысын жана уставын бекитүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык кенеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Суу “Кайынды булак” муниципиалдык ишканасынын уставы бекитилсин.

2. Кызыл-Суу “Кайынды булак” муниципиалдык ишканасынын башчысы Доронбаев Акылбек Бектемирович шайлансын.

3. Муниципиалдык ишкананы юстиция бөлүмүнө каттоо жагын айыл өкмөтүнүн      

башчысына жүктөлсүн.

      

            Кызыл-Суу айылдык

           кеңешинин төрагасы :                                                К.Дадабаев