25Июнь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги №24-1 баштап №24-11 чейинки токтомдору

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги №24-1 баштап №24-11 чейинки токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIV сессиясынын

24 – 1 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                             06.04. 2021-жыл

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндө.

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XXIV сессиясы, күн тартибиндеги ” Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын 02.06.1999-жылдагы Жер Кодексинин №12 жана №13 – беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 Мыйзамынын 18; 31; 32; 33; 47; 50; 61 жана 62-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 27.03.2003-жылдагы “Акционердик коом жөнүндөгү” № 64-Мыйзамынын №10; 21; 22 жана 28 – беренелеринин жана 2021-жылдын 02-апрелиндеги Ишкаван айылынын тургундары менен болгон чогулуштун протоколунун негизинде токтом кылат:

1.Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы Карл Маркс көчөсү № 135 те   жайгашкан, курулушу бүтпөгөн имарат “соц.обөект,мектеп” 3,32 га жер аянты менен максаттык багыты “өндүрүш, өнөр жай” максаттык багытына өзгөртүлсүн.

2. Ал жерге Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү уюмдаштыруучу (учредитель) болуп “Ошазык” ачык акционердик коому(ААК) түзүлсүн.

3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Ишкаван айылындагы Карл Маркс көчөсүндөгү № 135 - курулушу бүтпөгөн 3,32 га жер аянтында жайгашкан имарат “Ошазык” ААКга уставдык капитал болуп акысыз пайдаланууга берилсин жана ал мүлктөрдүн үстүнөн өз алдынча тескөөгө укугу жоктугу белгиленсин.

            4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү уюмдаштыруучу (учредитель) болуп түзүлгөн “Ошазык” ААКны мамлекеттик каттоолордон өткөрүү, тийиштүү иш кагаздарын (Уставын, жерди баалоо, уставдык капиталды аныктоо, коомду башкаруу органын түзүү жана башка) даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

            5. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция” жана “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 - 2 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                             06.04. 2021-жыл.

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө.

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү“ маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгү 50 413,4 миң сомдү, аткарылышы 47 869,2 миң сомго же 94,6 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 50 413,4 миң сомго, же 72,0 пайызга аткарылганы белгиленсин.  

2.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 11 309,0миң сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип 11 309,0 миң сом чыгаша болуп бекитилсин.

3.Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясыны чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

4.Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                                                 Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 - 3 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                          06.04. 2021-жыл.

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү

өз алдынча башкарууларынын Союзу

менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги:Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкауу жөнүндөгү” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгилеген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.

2.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар бир милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, келишим түзүү тапшырылсын.

3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү катары анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкаынын санына карап ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акын жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсебине которуп берүүгө уруксат берилсин.

4.Бул токтомду аткаруу айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 - 4 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                             06.04. 2021-жыл.

 

Кызыл-Кыштак ЖПБнын 2021-жылга

бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак ЖПБнин 2021-жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап токтом кылат:

1.Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы ЖПБнын 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 616,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 410,6 сомго бекитилсин.

2.Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы ЖПБнын “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатынын” 2020-жылга планын бекитилсин.

3.Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы ЖПБнын 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ сунушталсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                               Д.Сатвалдиев

                          

СМЕТА ОПП Кызыл- Кыштакского а/окмота Карасуйского р-на Ошской   области. за 2021 год.

Д А Х О Д Ы: статьи всего 1 кв. 2 кв. 3 кв. 4 кв.
от жайыт 100000 28000 24000 24000 24000
от              ЮУРС             1шт. 84000 21000 21000 21000 21000
от ЗАО Альфа телеком       3шт. 204000 51000 51000 51000 51000
от ООО Скай Мобайл         1шт. 84000 21000 21000 21000 21000
от ОсОО Нур телеком         2шт. 144000 36000 36000 36000 36000
ИТОГО:       Дахода 616000 157000 153000 153000 153000
616000:3=205330*2=410.6 410600 104600 102000 102000 102000
Зем.налог сельхоз.нозначен. 23755 0 11000 12755 0
ВСЕГО:       ДАХОДА 386845 104600 91000 89245 102000
Заработная плата 2111 192000 48000 48000 48000 48000
Основная з/плата 21111100 192000 48000 48000 48000 48000
Соц. Фонд 2121 33200 8300 8300 8300 8300
Отчисление соц. Фонда 21211100 29280 7320 7320 7320 7320
Взнос в Пенсионный фонд 21211200 3920 980 980 980 980
   Стр.взн. от 2020 г. 27200 20640 6560 0 0
   НПФ       от   2020 г. 1460 1460 0 0 0
Транспортные услуги 2214 40000 0 3420 20000 16580
Приобретение ГСМ 22141100 31600 0 3420 11600 16580
Приобретение   з/части 22141900 8400 0 0 8400 0
Приобретение хоз.и конц. товар. 2221 5000 0 3000 2000 0
Приобр.конц. и хоз.товаров 22211100 5000 0 3000 2000 0
Приобр. прочих услуг 2215 87985 26200 21720 10945 29120
Приобр. Прочих услуг 22154900 17305 2800 5305 4000 5200
Инфраструктура жайит-земел 22152200 70680 23400 16415 6945 23920
ИТОГО: Расхода 386845 104600 91000 89245 102000
Руководитель:                                                                             Маматалиев   А.

Бухгалтер:                                                                                   Юлдашева     У           

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 - 5 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

 

Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн

муницпалдык менчигине алуу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Ишкаван айылындагы бош жаткан 200,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылынын Достук участкасындагы Ош-Андижан жолунун күн батыш тарабындагы автоунаалар токтоочу бош жаткан 375,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3.Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы      № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                               Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 – 6 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

 

Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн

муницпалдык менчигине алуу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Кызыл-Кыштак айылындагы мүрзөнүн чыгыш тарабындагы А.Маматоморовдун үйүнүн алдындагы бош жаткан 100,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Андижан айылындагы Ж.Якубов атындагы көчөдө жайгашкан 12,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Улугбек атындагы көчөдө жайгашкан 100,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

4.Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                               Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 – 7 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

 

Айылдык кеңештин “Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколу жөнүндө

 

           Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Андижан айылындагы   Курманжан Датка көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө тиешелүү жердин эсебинен тар туюк көчөнү түздөп жылдырууга уруксат берилсин.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Коммунист айылындагы жаңы конуштарындын башкы планында мектеп үчүн ажыратылган жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3.Мунципалдык менчикке алынган мектеп үчүн ажыратылган жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарын жана мамлекеттик актысын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                              Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 – 8 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн

муницпалдык менчигине алуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Э.Рахманов атындагы көчөдө жайгашкан 160,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы М.Хошимов атындагы көчөнүн № 49 - үйдүн жанында жайгашкан 200,0 чарчы метр жана № 51-үйдүн жаныда жайгашкан 100,0 чарчы метр жер тилкелери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Н.Солиев атындагы көчөнүн № 30 - үйдүн жанындагы 80,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

4.Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                               Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 – 9 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн

муницпалдык менчигине алуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясы 05.04.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 05.04.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Андижан айылындагы Курманжан Датка атындагы көчөнүн № 531 - үйдүн жанындагы 100,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 05.04.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылынын Сүрөттүү-Таш участкасындагы 400,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 05.04.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Коммунист айылындагы эски гараждын аймагындагы 236,60 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

4.Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы     № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                     Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIVсессиясынын

24 – 10 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл.

 

Айылдык аймактагы Беш-Капа көчөсүнө

Файзулло Сайдиновдун атын коюу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Кызыл-Кышттак айылындагы Беш-Капа көчөсүнө Файзулло Сайдиновдун атын коюу жөнүндөгү маселе боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун чечиминин негизинде Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Кызыл-Кышттак айылындагы Беш-Капа көчөсүнө Файзулло Сайдиновдун аты берилсин.

2.Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                     Д.Сатвалдиев

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын)

кезексиз XXIV сессиясынын

№ 24 – 11 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            06.04. 2021-жыл

 

“Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну

керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук

бирикмесин (ИСКАКБ) түзүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин (ИСКАКБсын) түзүү жөнүндө” Жаңы-Турмуш айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-мартындагы кеңейтилген жыйынынын   протоколун бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1.Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-мартындагы кеңейтилген жыйынынын   протоколу бекитилип, Жаңы-Турмуш айылында “Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) түзүлүшүнө макулдук берилсин.

2. “Жаңы-Турумуш” ИСКАКБны Ош юстиция башкармалыгынан катоодон өткөрүү жагы суралсын.

3.Бул токтомду аткарууга айылуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                     Д.Сатвалдиев