25Июнь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-2020-2021-жылдардагы токтомдору

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-2020-2021-жылдардагы токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­________№________________________

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын башчысы С.А.Токторбаевге

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын төмөнкү кабыл алынган токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтөбүз:

Саны Чак-ш Күнү,айы,жылы Сессия Номер Аталышы
1 1 VI 18.11.2019 XVIII №1 Сарай айыл өкмөтүнүн 9 айлык аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
2 1 VI 18.11.2019 XVIII №2 Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
3 1 VI 18.11.2019 XVIII №3 Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
4 1 VI 18.11.2019 XVIII №4 Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
5 1 VI 18.11.2019 XVIII №5 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен белгиленген аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Сарай айыл өкмөтүнүн келишими жөнүндө
6 1 VI 18.11.2019 XVIII №6 Ак Өргө айылында жаңыдан курулган 720 орундуу мектепке ысым ыйгаруу жөнүндө
7 1 VI 18.11.2019 XVIII №7 Кепилдик фонду жөнүндө
8 1 VI 18.11.2019 XVIII №8 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу жолду жарыктандыруу жөнүндө
9 1 VI 18.11.2019 XVIII №9 Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө
10 1 VI 18.11.2019 XVIII №10 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
11 1 VI 18.11.2019 XVIII №11 Тельман айылындагы   көчөнүн атын коюу жөнүндө
12 1 VI 18.11.2019 XVIII №12 Эркин айылындагы жаңы чектеги көчөсүнүн атын коюу жөнүндө
13 2 VI 28.12.2019 XIX №1 Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
14 1 VI 27.01.2020 XX №1 Сарай айыл өкмөтүнүн бир жылда  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
15 1 VI 27.01.2020 XX №2

Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин  кара мал жана кой

жылкылары үчүн тарифтерин жана техникаларынын тарифтерин

бекитүү жөнүндө

16 1 VI 27.01.2020 XX №3 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Долончек Сарай  ИСКАКБ бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө
17 1 VI 27.01.2020 XX №4 Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу үчүн тарифинбекитүү жөнүндө
18 1 VI 27.01.2020 XX №5 Техсервистин техникалары жөнүндө
19 1 VI 27.01.2020 XX №6 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу «Сарай Тазалык» атайын адистештирилген ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
20 1 VI 27.01.2020 XX №7

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы

жана 2020-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

21 1 VI 27.01.2020 XX №8 Материалдык жардам берүү жөнүндө
22 1 VI 27.01.2020 XX №9 Кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө
23 1 VI 17.03.2020 XXI №1 Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу максатында ыкчам чараларды көрүү жөнүндө
24 1 VI 18.06.2020 XXII №1 Базардагы баш аламандыкты жоюу, коронавирус инфекциясын алдын алуу, кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өрт коопсуздугуна тоскоол болгон обьектилерди снос кылып текшерүү максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө
25 2 VI 18.06.2020 XXII №2 Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө
26 2 VI 18.06.2020 XXII №3 Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө
27 1 VI 18.06.2020 XXII №4 Киров айылына караштуу Гүлзардагы көчөнүн атын коюу жөнүндө
28 1 VI 18.06.2020 XXII №5 Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн  атын коюу жөнүндө
29 1 VI 18.10.2020 XXIII №1 Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
30 1 VI 18.10.2020 XXIII №2 Коронавирус инфекциясын алдын алуу  жөнүндө
31 1 VI 18.10.2020 XXIII №3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” штаттык бирдик бекитүү жөнүндө
32 1 VI 18.10.2020 XXIII №4 Тельман айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
33 2 VI 23.12.2020 XXIV №1 Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
34 1 VI 23.12.2020 XXIV №2 Сарай айыл өкмөтүнүн балансындагы жеңил авта унааны баалоо жөнүндө
35 1 VI 23.12.2020 XXIV №3 Эркин айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
36 1 VI 23.12.2020 XXIV №4 Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
37 1 VI 08.02.2021 XXV №1 Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын  бир жылда  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
38 1 VI 08.02.2021 XXV №2

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы

жана 2021-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

39 1 VI 08.02.2021 XXV №3 Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
40 1 VI 08.02.2021 XXV №4 Присавай участкасындагы №131 негизги мектепке кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө
41 1 VI 08.02.2021 XXV №5 Тельман айылындагы Жибек Жолу көчөсүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
42 1 VI 08.02.2021 XXV №6 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Мөңгү Суу СПАсынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
43 1 VI 08.02.2021 XXV №7 үлүш жерлердин контурун жылдыруу жөнүндө
44 1 VI 08.02.2021 XXV №8

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Долончек Сарай ” ИСКАКБ

бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө”

45 1 VI 08.02.2021 XXV №9 Эркин айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
46 1 VI 08.02.2021 XXV №10 Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жогоруда аталган токтомдор Кара-Суу районунун  Сарай  айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги  V-сессиясынын №17 “ Сарай айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын  WWW.karasuu.el.kg сайтына 2021-жылдын  4-май күнү жарыяланган.                                              

Тиркеме:  Токтомдор   50 (элүү)   барактан, 2 нускада,

Электрондук варианты  1 (бир)  даана дискте

Башчы                                                                                                                     К.У.Абдырахманов

 Атк.А.Арыкбаев
0770848038   

                                                              

              Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 9 айлык аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету

жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2019-жылдын   9 айында өкмөттүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 2    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга  бюджетин өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине айлык акы техникалык катачылык кетип сметада аз каралып калгандыгына байланыштуу 70429 разделдин 3112 статьясынан 215,8 миң сом акча каражаты азайтылып, 70111 разделдин 2111 статьясы 188,1 миң сомго, 2121 статьясы 27,7 миң сомго көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин.

2.         Токтомдун аткарылышы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                       Э.Арзиев

                                                             

               Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 3    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга  бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинен бала бакчалардагы балдардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу 600,0 миң сомго киреше жана чыгаша бөлүгү кошумчасы менен бекитилсин.

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                       Э.Арзиев

                                                             

              Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 4    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдагы чыгаша бөлүгүнүн разделдер арасында туура эмес сарпталган акча каражатын өз ордуна коюу үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын тамак ашы үчүн сметада каралган суммадан 2019-жылдын апрель айында туура эмес аппарат кызматкерлеринин тамак аш компенсациясы үчүн 60,0 миң сом которулган. Ошондуктан 70111 разделдин 2218 статьясынан 60,0 миң сом акча каражаты азайып, 70962 разделдин 2218 статьясы 60,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                               Э.Арзиев.

                                                             

                                                                 

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 5    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен белгиленген аймактык бөлүнүштөрү

жөнүндө жобосунун негизинде Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Сарай айыл өкмөтүнүн келишими жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлүп жаткан келишимин угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтү келишимде көрсөтүлгөн тараптардын милдеттеринин  жана укуктарынын негизинде Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына үч социалдык иштер боюнча адис штаттык бирдикте ыйгарым укук берилсин.

2.         Берилген ыйгарым укуктарды  кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу, Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчилигине  милдеттендирилсин.

3.         Келишимдин мөөнөтү 2 (эки) жылга  белгиленсин. Жумуштун жүрүшүнө карап мөөнөтүн узартуу каралсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                       Э.Арзиев

                                                             

            Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 6    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Ак Өргө айылында жаңыдан курулган 720 орундуу мектепке ысым ыйгаруу жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулуп ишке берилген №139 мектептин дирекциясынын отурумунун протоколунун негизинде Короз Эрматовдун атын ыйгаруу максатындагы сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулуп ишке берилген №139- мектепке Короз Эрматовдун аты ыйгарылсын.

2.         Тийиштүү документтерин тактап бүтүрүү жана мектептин ачылышында, мектепти бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо майрамдарында көмөк көрсөтүү, аты ыйгарылган Короз Эрматовдун уул кыздарына милдеттендирилсин.

3.         Көзөмөлгө алуу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

                 Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 7   Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Кепилдик фонду жөнүндө

Сарай айыл өкмөтү каржылап турган Кепилдик фондун сактап калуу, сатып жиберүү жана жоюуп жиберүү жөнүндө сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтү тарабынан  уюштурулган Кепилдик фонду жоюлсун.

2.         Каржыланган сумманы жана инвентарларын тийиштүү документтерин даярдап, акт менен өткөрүп алуу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                              

                Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 8    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу жолду жарыктандыруу жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын Киров айылындагы айлампа жолду Кара-Суу-Ош жолунан тартып Коңурат айылына чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарыктандыруу коюу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Киров айылындагы айлампа жолду Кара-Суу-Ош жолунан тартып Коңурат айылына чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарыктандырууга проектерин жана сметасын түзүп порталга берилсин.

2.         Жарыктандыруунун проетисин жана сметасын түздүрүп, акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

                Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 9    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн эскилиги жеткен “Жигули” маркасындагы кызматтык авто унаасын,  көз карандысыз экспертке баалатып, сатып жана анын ордуна бюджеттен эконом болгон акча каражатынын эсебинен кызматтык жеңил авто унаа алуу жөнүндөгү Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунуш угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Сарай айыл өкмөтүнүн “Жигули” 07 маркасындагы жеңил авто унаа көз карандысыз экспертке коюлуп баалансын.

2.”Жигули” 07 маркасындагы жеңил авто унаа аукциондун негизинде сатылсын.

3.Сатылган суммага бюджеттен эконом болгон акча каражаты кошулуп Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык жеңил авто унаа сатылып алынсын.

4.Бюджеттен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдетендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                 

            

                                                             

            Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 10    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Сарай айылдык округунан коомчулуктан келип түшкөн протоколдордун негизинде Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) Калилова Адина Сыдыковнанын талапкерлиги сунушталсын.

2.         Сарай айылдык кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                       Э.Арзиев

                                                              

         Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 11    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Тельман айылындагы   көчөнүн атын коюу жөнүндө

Тельман айылынын тургуну  маркум  Абдиллаев Давлатбектин  атын коюп берүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Тельман айылындагы аты коюла элек көчөнүн атын Тельман айылында  туулуп өскөн  Абдиллаев Давлатбектин аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине  милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XVIII сессиясынын

                                                      № 12    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.11.2019-ж

Эркин айылындагы жаңы чектеги көчөсүнүн атын коюу жөнүндө

Эркин айылынын тургуну  маркум Тилабалдиев Курбанахундун  атын коюп берүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Эркин айылындагы жаңы чектеги аты коюла элек көчөнүн атын Эркин айылында  туулуп өскөн Тилабалдиев Курбанахундун аты Молдо Курбанахун деген аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине  милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XIX сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     28.12.2019-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Сарай айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл аймагынын штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши

                                              Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.         Сарай айыл аймагынын 2019-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 117857,2 миң сом, анын ичинен 4300,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.

Башкаруу аппаратына-11303,8миң сом, Жайыт комитетине-630,0миң сом,Турак жай жана коммуналдык кызматтарга-76071,8 миң сом, Китепканага-583,5 миң сом, Маданият үйүнө-772,4 миң сом, Маданият боюнча башка иш-чараларга-2000,0 миң сом, Бала бакчаларга-7296,3 миң сом, Билим берүү мекемелерине-9432,7 миң сом, Балдар үйүнө-1466,5 миң сом жана элге социалдык жардам берүүгө сарпталуучу акча каражаты-4000,0 миң сом.

3.         Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 37, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 6, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис 9 штат бирдиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 403 келишим менен 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 384  08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.

4.         Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2019-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.

5.         Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.

6.         Сарай айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 жана 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кеңешинин иш планынын негизинде  сессиясында каралсын.

7.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                    Э.Арзиев.

                                                             

           Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХ сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     27.01.2020-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн бир жылда  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2019-жылдын  ичинде өкмөттүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2019-жылдын ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                              

        Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                        XX сессиясынын

                                                      № 2    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                                    27.01.2020-ж

Сарай айыл аймагына караштуужайыт комитетинин  кара мал жана кой

жылкылары үчүн тарифтерин жанатехникаларынын тарифтерин

бекитүү жөнүндө

Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин жакынкы жана ортоңку жайыттарга кара мал, кой жана жылкыларды багуу үчүн жана техникаларынын мото саатка тарифтерин бекитүү үчүн кайрылган сунушун  угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Жакынкы жана ортоңку жайыттарга малдарды багуу үчүн төмөндөгүдөй тарифтер;

     Кара мал       185 сом

     Жылкы          185 сом

     Кой                 40 сом өлчөмүндө ар бир мал, жылкы жана койлорго бекитилсин.

2.         Эгилген эгиндерди жана чөп чабыктарды мал койлорун карабай жедирип койгон мал жандыктарга;

    Кара малга      3000 сом

    Жылкыларга   5000 сом

    Кой эчкилерге 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.

3.         Жайыт комитетинин техникаларына ;

           Атайын  техника  ( Фронтальный погрузчик ) - 1550 сом,  МТЗ  Белорус  892,2 - 1200 сомдон  ар бир мото саатка  тарифтер бекитилсин.

4.         Алыскы жайытка 15инен 20-майга чейин көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 50000 сом айып пул.

5.         Башка айыл өкмөттөн келген мал жандыктарга 3 эсе көп жайыт акы эсептелсин.

6.         Жумуш жок убагында фронтальный погрузчикке 12000 сомдон, Белорус 892,2 тракторуна 12000 сомдон ижарага берилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин кеңешине тапшырылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                    Э.Арзиев.

                                                             

            Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XX сессиясынын

№ 3  Т О К Т О М У

Киров айылы.                                                                                                     27.01.2020-ж.

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Долончек Сарай  ИСКАКБ

бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө

             Сарай айыл өкмөтүнө караштуу  “Долончек Сарай” ИСКАКБ  бирикмесинин таза сууга болгон абоненттердин төлөмдөрүнүн тарифин жана короосуна уруксатсыз суу түтүктөрүн киргизип алган абоненттерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         “Долончек Сарай” ИСКАКБ бирикмесинин бардык абоненттери короосунун ичинен таза суу пайдалангандыгы үчүн, бир айга 300 сомдон, бир жылга бир кожолук 3600 (үч миң алты жүз) сом, көчөдөн пайдаланган абоненттер ар ай сайын ар бир суу пайдаланган абонент 30 (отуз) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин. Тарифтерге өзгөртүү киргизилбесе токтом күчүндө калтырылсын жана антимонополиянын макулдугу жок экендиги белгиленсин. 

2.         Суу түтүгүн уруксатсыз короосуна киргизүүгө мароторий жарыялансын жана уруксатсыз короосуна суу түтүгүн киргизип алган абоненттерге 10000(он миң) сом айып пул салынсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                  Э.Арзиев

                                                             

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XX сессиясынын

          4  Т О К Т О М У

Киров айылы.                                                                                                     27.01.2020-ж.

Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын

сугат суу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө

            Сарай  айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын жетекчиси Ф.Калиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:  

  1. Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу керектөөчүлөрүнө болгон төлөмдөрү (тарифи) суу жакшы жетпеген кээ бир жерлерге жеңилдетүү менен төмөнкүдөй бекитилсин:
  2. 2020-жылга 1,0га айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат суу берүү нормасы боюнча суунун  акысын төлөө тарифи
Аталышы сом
1 Пахта 1200
2 Тамеки 1300
3 Күздүк буудай 1200
4 Дандык жүгөрү 1200
5 Жашылча 1800
6 Картошка 1800
7 Күн карама 1300
8 Бак дарак 1500
9 Бахча (коон.дарбыз) 1800
10 Беде чөп 1400
11 Пияз 3800
12 Шалы 4800
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай  айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын жетекчиси Ф. Калиловго жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХ сессиясынын

                                                      №5    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     27.01.2020-ж

Техсервистин техникалары жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Техсервистин техникаларынын абалы жөнүндө айтылган сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Техсервистин 4 тракторун эскилиги жеткендигине байланыштуу көзкарандысыз

эксперттерге баалатып, аукцион аркылуу сатылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

        Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                            XX сессиясынын

№ 6    Т О К Т О М

Киров айылы                                                                                                              27.01.2020-ж

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу «Сарай Тазалык» атайын адистештирилген ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу «Сарай Тазалык» атайын адистештирилген ишканасынын акыр чикирлерди ташып чыгуу үчүн тарифтерин бекитүү үчүн кайрылган сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнө караштуу «Сарай Тазалык» атайын адистештирилген ишканасынын акыр чикирлерге болгон төлөмдөрнүнүн тарифтери төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин;

1.         Катуу акыр чикирлер 1м.куб - 1200 (бир миң эки жүз) сом

2.         Авто унаа токтоочу жай бир автоунаага – 20(жыйырма) сом

3.         Айыл ичиндеги акыр чикирлерди алуу бир кап үчүн – 20(жыйырма) сом

4.         Навай канадан чыккан акыр чикир  0,5 мерт куб -600(алты жүз) сом

5.         Базардагы бир орун үчүн 0,05 мерт куб -60(алтымыш) сом

6.         Ашкана 1,5 мерт куб -1800(бир миң сегиз жүз) сом

7.         Чач тарачкана 0,2 мерт куб -300(үч жүз) сом

8.         Касапкана 0,5 мерт куб - 600(алты жүз) сом

9.         Самсакана 0,5 мерт куб – 600(алты жүз) сом

10.       Дүкөн, тигүүчүлүк 0,2 мерт куб – 240(эки жүз кырк) сом

11.       Аптека  0,1 мерт куб – 120(бир жүз жыйырма) сом

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   Э.Арзиев

                                                             

            Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XX сессиясы

№ 7  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     27.01.2020-ж.

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы

жана 2020-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын башына калган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, айтылган сын сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 117879,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 85140,3 миң сомго аткарылгандыгы  бекитилсин.

2.         2019-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.

3.         2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 34088,8 миң сом бюджеттик каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин.

4.         Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык, анын ичинде: биринчи кезекте өткөн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга, Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана жамаатык келишимдин негизинде кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн компенсация төлөөгө жана айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.

5.         2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 494,6 миң сом атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан  түзүлгөн сметага ылайык башкаруу аппаратынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына чыгымдоо үчүн белгиленсин.

6.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                           Э.Арзиев

                                                             

         Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XX сессиясы

№ 8  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     27.01.2020-ж.

Материалдык жардам берүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын тургуну Жусуев Белек бөйрөгүнөн операция кылдырууга акча каражаты керек болуп жатандыгы тууралуу арызын угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Эркин айылынын тургуну Жусуев Белекке операция кылдырууга 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагын камсыз кылуу туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                             

        Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XX сессиясы

№ 9  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     27.01.2020-ж.

Кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.   Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алууга уруксат берилсин.

2.   Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алууга 850,0 (сегиз жүз элүү миң) сом бюджеттен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3.   Кызматтык авто унаага бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                             Э.Арзиев

                                                             

              Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXI сессиясы

№ 1  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     17.03.2020-ж.

Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу максатында ыкчам чараларды көрүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу максатында ыкчам чараларды көрүү, азык түлүк  продукцияларынын баасын туруктуу сактоо жана эл арасында түшүндүрүү  иштерин күчөтүү максатында  токтом кылат:

1. Сарай айыл аймагындагы бардык ишкана уюмдар менчигине  карабастан коронавируска байланыштуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы күрөшүү боюнча комитетинен көрсөтүлгөн баадан ашпоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык тийиштүү маалыматтарды берип турушсун.

2. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндөрүндө,  базарларда сатылып жаткан ун продукцияларын, өсүмдүк майларын,  кум шекер жана башка продукциялардын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар жана эл арасында түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшсүн.

3. Сарай айыл аймагындагы чайкана, ашкана, кафе, ресторандарга жана үйлөрдө 50 адамдан ашкан ар кандай той жана башка шаан шөкөттөргө  чектөө киргизилсин.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                    Э.Арзиев

                                                             

               Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXII сессиясы

№ 1  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.06.2020-ж.

Базардагы баш аламандыкты жоюу, коронавирус инфекциясын алдын алуу, кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өрт коопсуздугуна тоскоол болгон обьектилерди снос кылып текшерүү максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө

Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана Сарай айыл өкмөтү менен маакулдашылбаган базардагы кызыл сызыктан чыгып кеткен соода кылуучуларды иретке келтирип, өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду снос кылуу жана өз алдынча жерди ээлеп алган участокторду текшерүүгө комиссия курамын түзүү үчүн сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана мыйзамсыз базардагы Сарай айыл өкмөтү менен маакулдашылбай коюлган контейнерлерди, кызыл сызыктан чыгып кеткен соода кылуучуларды иретке келтирип, өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду алдырып таштоо жана өз алдынча жерди ээлеп алган участокторду   текшерүү үчүн комиссиясынын курамы төмөндөгү депутаттардан төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

            1. Комиссиянын төрагасы      Акимов Мурат

            2. катчысы                               Мошонов Мелисбек

            3. мүчөсү                                 Анарбаев Абдыкапар

            4. мүчөсү                                 Салимов Алтынбек

            5. мүчөсү                                 Акылбеков Элнур

            6. мүчөсү                                 Тагаев Садырбек

            7. мүчөсү                                 Чодонов Билалдар базардагы бардык маселелер боюнча текшерүү жүргүзүп өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду алдырып таштоо милдети жүктөлсүн.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                              

              

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXII сессиясы

№ 2  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.06.2020-ж.

Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында көп жылдан бери көйгөй жаратып келе жаткан маселелердин бири болгон, мыйзамсыз курулган жеке турак жайларды мыйзамдаштыруу максатында, айылдык аймактын жарандарынын арыздарын жана сунуштарын, ошондой эле, Сарай айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-матындагы №30 токтомун, Сарай айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХVIII кезектеги сессиясынын 2007-жылдын 27-апрелиндеги №3 токтомун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2008-жылдын 4-февралындагы №160 токтомун негизге алуу менен КР Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, жер мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн, КР №512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун убактылуу тартибин жетекке алып, Сарай айылдык кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров, Эркин, Коңурат жана Тельман айылдарындагы төмөнкү контурлар:

Киров айылы

-82 контурда жайгашкан -    9,70 га жер тилкеси

-198- контурда жайгашкан -17,80 га жер тилкеси

-199- контурда жайгашкан -2,50 га жер тилкеси

Эркин айылы

-238- контурда жайгашкан -4,08 га жер тилкеси

-155- контурда жайгашкан -5,92 га жер тилкеси

Коңурат айылы

-245- контурда жайгашкан -9,40 га жер тилкеси

-156- контурда жайгашкан -4,60 га жер тилкеси

Тельман айылы

-48- контурда жайгашкан -12,60 га жер тилкеси

-59- контурда жайгашкан -13,40 га жер тилкеси

Сугат айдоо жерлеринде жайгашкандыгына карабастан, 2009-жылга чейин эле мыйзамсыз жеке турак жайлар курулгандыгына байланыштуу Сарай айыл аймагынан жалпысы 80,0 га айыл өкмөттүн башкаруусунда турган жер тилкелери, 2018-жылдын 2-августунда кабыл айынган КР айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которулуусу боюнча макулдугубузду беребиз.

Жогорудагы көрсөтүлгөн маселе боюнча Сарай айыл өкмөтү тарабынан тишелүү токтом кабыл алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жолдонулсун.

Бул токтомду аткаруу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Мамиевге жүктөлсүн.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                             

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXII сессиясы

№ 3  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.06.2020-ж.

Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында көп жылдан бери көйгөй жаратып келе жаткан маселелердин бири болгон, мыйзамсыз курулган жеке турак жайларды мыйзамдаштыруу максатында, айылдык аймактын жарандарынын арыздарын жана сунуштарын эске алуу менен КР Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, жер мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн, КР №512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө киргинге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун убактылуу тартибин жетекке алып, Сарай айылдык кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман, Киров, Эркин, Коңурат жана Присавай айылдарындагы төмөнкү контурлар:

Тельман айылы

-38-контурда жайгашкан-6,70 га жер тилкеси

-60- контурда жайгашкан-28,40 га жер тилкеси

Киров айылы

-113- контурда жайгашкан-6,47 га жер тилкеси

-83- контурда жайгашкан-  2,23 га жер тилкеси

-280- контурда жайгашкан-1,69 га жер тилкеси

-85- контурда жайгашкан-  6,70 га жер тилкеси

Эркин айылындагы

-156- контурда жайгашкан-6,70 га жер тилкеси

-157- контурда жайгашкан-1,20 га жер тилкеси

-156- контурда жайгашкан-3,90 га жер тилкеси

-155- контурда жайгашкан-6,97 га жер тилкеси

-217- контурда жайгашкан-14,70 га жер тилкеси

-244- контурда жайгашкан-1,0 га жер тилкеси

-151- контурда жайгашкан-12,35 га жер тилкеси

Коңурат айылы

-248- контурда жайгашкан-5,48 га жер тилкеси

-268- контурда жайгашкан-3,55 га жер тилкеси

Присавай айылы

-119- контурда жайгашкан-10,0 га жер тилкеси

Сугат айдоо жерлеринде жайгашкандыгына карабастан, 2009-жылга чейин эле мыйзамсыз жеке турак жайлар курулгандыгына байланыштуу Сарай айыл аймагынан жалпысы 117,59 га айыл өкмөттүн башкаруусунда турган жер тилкелери, 2018-жылдын 2-августунда кабыл айынган КР айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которулуусу боюнча макулдугубузду беребиз.

Жогорудагы көрсөтүлгөн маселе боюнча Сарай айыл өкмөтү тарабынан тишелүү токтом кабыл алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жолдонулсун.

Бул токтомду аткаруу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Мамиевге жүктөлсүн.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                             

                Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXII сессиясы

№ 4  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.06.2020-ж.

Киров айылына караштуу Гүлзардагы көчөнүн атын коюу жөнүндө

Кирова айылына караштуу Гүлзар кварталынын №3 көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.         Киров айылына караштуу Гүлзар кварталындагы Гүлзар №3   көчөсүнө өзгөртүү киргизилип,  Киров айылынын тургуну маркум Майыков Капардын аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXII сессиясы

№ 5  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.06.2020-ж.

Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн  атын коюу жөнүндө

Кирова айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.         Киров айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Киров айылынын тургуну маркум  Качыбеков Төлөнбайдын аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

             Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХIII сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     18.10.2020-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2020-жылдын  9 айында  өкмөттүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаев Замирбек Жолболдуевичтин 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXIII сессиясы

2  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.10.2020-ж.

  Коронавирус инфекциясын алдын алуу  жөнүндө

Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн жана экинчи толкундун алдын алуу сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.         Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн жана экинчи толкундун алдын алуу максатында ресторандарда өткөрүлүүчү той тамаашаларга, базарларда бет капсыз жүрүүгө жол берилбесин.

2.         Мечиттер убактылуу жабылсын.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                             

                   Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXIII сессиясы

№ 3  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.10.2020-ж.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” штаттык бирдик бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1.  Арзиев Эмиль Сарай айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордунда калтырылсын.
  2. Арзиев Эмилге Сарай айылдык кеңешинин төрагасы эмгек акы төлөнүүчү штаттык бирдиги 2020-жылдын 1-октябрынан бекитилсин.
  3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы штаттык бирдиги 2020-жылдын                    1-октябрынан бекитилсин.

Сарай айылдык

кеңешинин  төрагасы                                                                                                 Э.Арзиев

                                                             

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXIII сессиясы

4  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     18.10.2020-ж.

Тельман айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө

Тельман айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.         Тельман айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Тельман айылынын тургуну  Арзыматова Алтындын аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                              

                 Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХIV сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     23.12.2020-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Сарай айыл аймагынын 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл аймагынын штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши

                                              Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.         Сарай айыл аймагынын 2021-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 127900,1 миң сом, анын ичинен 4300,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.

Башкаруу аппаратына -11110,7 миң сом, Жайыт комитетине -800,0 миң сом,Турак жай жана коммуналдык кызматтарга -85130,4 миң сом, Китепканага -650,0 миң сом, Маданият үйүнө -1200,0 миң сом, Маданият боюнча башка иш-чараларга -1385,0 миң сом, Бала бакчаларга -7824,0 миң сом, Билим берүү мекемелерине -10000,0 миң сом, Балдар үйүнө -1500,0 миң сом, жана элге социалдык жардам берүүгө -4000,0 миң сом акча каражаты бекитилет.

2.         Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жергиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 37, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 6, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис 9 штат бирдиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 403 келишим менен 1 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 131  01.03.2017-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.

3.         Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2021-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.

4.         Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109 беренесине ылайык бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.

5.         Сарай айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 жана 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кеңешинин иш планынын негизинде  сессиясында каралсын.

6.         Сарай айыл аймагынын 2020-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынын 2020-жылдын 25-декабрындагы №02-27-180 катынын негизинде такталган план боюнча 120146,3 миң сом, анын ичинен 3466,6 миң сом атайын каражат ата-энелер ввзносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилген.

7.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                    Э.Арзиев.

                                                             

                 Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХIV сессиясынын

                                                      № 2    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     23.12.2020-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн балансындагы жеңил авта унааны баалоо жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган Мицубиши жеңил авто унаасын көзкарандысыз эксперттерге баалатып, кеткен чыгымдарды чыгарып таштап, калган суммасы менен ветсервисте жетекчи болуп иштеп келген Абдырахманов Пайзиллага, пенсияга чыккандыгына байланыштуу өзүнө сатуу тууралуу сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган ветсервистин Мицубиши жеңил авта

унаасы көзкарандысыз эксперттерге баалансын.

       2.Көзкарандысыз эксперттерге бааланган суммадан Абдырахманов Пайзилланын

ремонтторго кетирген суммасы алынып ташталып, калган сумма менен өзүнө сатылсын.

3. Көзкарандысыз эксперттерге баалатып, ремонтко жумшалган баасын чыгарып берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                    Э.Арзиев.

                                                             

                       Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXIV сессиясы

№ 3  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     23.12.2020-ж.

Эркин айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө

Эркин айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.         Эркин айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Эркин айылынын тургуну маркум  Ысаков Полоттун аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                              

               Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXIV сессиясы

№ 4  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     23.12.2020-ж.

Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө

Кирова айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.         Киров айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Киров айылынын тургуну маркум   Мырзалиев Турдалинин аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

               Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХV сессиясынын

                                                      № 1    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     08.02.2021-ж

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын  бир жылда  аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Абдырахмановдун   2020-жылы  өкмөттүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Абдырахмановдун 2020-жылы  аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                              

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XXV сессиясы

№   2   Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                         08.02.2021-ж.

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы

жана 2021-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын башына калган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, айтылган сын сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 91995,6 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 90791,5 миң сомго аткарылгандыгы  бекитилсин.

2.         2020-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.

3.         2021-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 34343,1 миң сом бюджеттик каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин.

4.         Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык, анын ичинде: биринчи кезекте өткөн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга, Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана жамаатык келишимдин негизинде кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн компенсация төлөөгө жана айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.

5.         2021-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 39,9 миң сом атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан  түзүлгөн сметага ылайык башкаруу аппаратынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына чыгымдоо үчүн белгиленсин.

6.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы                                                                      Э.Арзиев

                                                             

                 Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXV сессиясы

3  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     08.02.2021-ж.

Киров айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө

Киров айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат

1.         Киров айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Киров айылынын тургуну маркум Айткулов Жолунун   аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

                 Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХV сессиясынын

                                                      № 4    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     08.02.2021-ж

Присавай участкасындагы №131 негизги мектепке кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө

Присавай участкасынын №131 негизги мектебинин директору Б.Аманованын КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068 сандуу катынын негизинде, Присавай айылынын жашоочуларынын 2020-жылдын 12-октябрындагы жазган кайрылуусу менен таанышып, айтылган сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши

                                                      Т О К Т О М   К Ы Л А Т

1.         Присавай айылындагы №131 негизги мектептин 1 бөлмөсүн 3 жана 5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга 2 тайпага ылайыкташтырып класс ажыратып берилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы №131 негизги мектептин директору Б. Амановага милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                    Э.Арзиев.

                                                             

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXV сессиясы

5  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     08.02.2021-ж.

Тельман айылындагы Жибек Жолу көчөсүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Тельман айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат

1.         Тельман айылындагы Жибек Жолу көчөсүнө өзгөртүү киргизип Тельман айылынын тургуну  Абдикеримов Макамбайдын   аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                              

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХV сессиясынын

                                                      № 6    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     08.02.2021-ж

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Мөңгү Суу СПАсынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Мөңгү Суу СПАсынын тарифтерин карап чыгып, коюлган сунуштарды угуп жана талкуулап Сарай айылдың Кеңеши токтом кылат:

  1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Мөңгү Суу СПАсынын тарифтери 2019-

жылдагы бекитилген тариф менен бекитилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

                                                    XХV сессиясынын

                                                      № 7    Т О К Т О М

 Киров айылы                                                                                     08.02.2021-ж

/лүш жерлердин контурун жылдыруу жөнүндө.

Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Мамиевдин сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         Сарай айыл өкмөтүндөгү контурдагы үлүш жерлерди башка контурдагы үлүш жерлерге жылдырууга руксат берилсин.

2.         Үлүш жерлерди контурдан контурга жылдырууда мыйзамды так сактоо жер боюнча адистерге милдеттендирилсин.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы                                                              Э.М.Арзиев.

                                                             

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги

XXV сессиясынын

8  Т О К Т О М У

Киров айылы.                                                                                                     08.02.2021-ж.

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу“Долончек Сарай ” ИСКАКБ

бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө”

             Сарай айыл өкмөтүнө караштуу  “Долончек Сарай” ИСКАКБ  бирикмесинин таза сууга болгон абоненттердин төлөмдөрүнүн тарифин жана короосуна уруксатсыз суу түтүктөрүн киргизип алган абоненттерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.         “Долончек Сарай” ИСКАКБ бирикмесинин бардык абоненттери короосунун ичинен таза суу пайдалангандыгы үчүн, бир айга 250 сомдон, бир жылга бир кожолук 3000 (үч миң) сом, көчөдөн пайдаланган абоненттер ар ай сайын ар бир суу пайдаланган абонент 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин. Тарифтерге өзгөртүү киргизилбесе токтом күчүндө калтырылсын жана антимонополиянын макулдугу жок экендиги белгиленсин. 

2.         Суу түтүгүн уруксатсыз короосуна киргизүүгө мароторий жарыялансын жана уруксатсыз короосуна суу түтүгүн киргизип алган абоненттерге 10000(он миң) сом айып пул салынсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                  Э.Арзиев

                                                             

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXV сессиясы

9  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     08.02.2021-ж.

Эркин айылына караштуу  жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө

Эркин айылына караштуу  жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат

1.         Эркин айылына караштуу  аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө  Эркин айылынын тургуну маркум Түркбаев Сатывалдынын   аты ыйгарылсын.

2.        Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү  жагы уул-кыздарына жана неберелерине     милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.

                                                             

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезексиз

XXV сессиясы

10  Т О К Т О М

Киров айылы.                                                                                                     08.02.2021-ж.

Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу түшкөн акча каражатын киреше кылуу үчүн план бекитүү максатында Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат

1.         Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган муниципалдык мүлктөрдү сатууда, ижарага берүүдө уюштуруу иштерин камтуу максатында үстөк комиссиондук жыйындын түшкөндүгүнө байланыштуу атайын каражаттын 70111 разделдин 14238900 элементине 500,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп, 70111 разделдин 3112 статьясынын 31123290 элементине 500,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

3.         Бул токтомдун аткарылышы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Н.Бекмуратовага милдеттендирилсин.

Сарай  айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                                        Э.Арзиев.