30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кара-Суу районунун Нариман айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдагы XXXI-сессиясынын №31/1 токтому.

Кара-Суу районунун Нариман айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдагы XXXI-сессиясынын №31/1 токтому.

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кыргыз Республикасы

                           Ош облусу

                       Кара-Суу району                    

   Нариман айылдык аймактык кенеши

       723302 Нурдар айылы, Бабур кочосу

 

 

           Кыргызская Республика

                 Ошская область

            Кара-Суйский район           Нариманская айыльный кенеш      

     723302, село Нурдар, ул. Бабура

        

     Нариман айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги                                                        

XIсессиясынын отуруму

                                                  

ТОКТОМ                                                                                    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

27.12.2019-жыл. № 31/1

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылдык аймагынын Ачы массивиндеги 215,79 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жана Нариман айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 06-августундагы №28, 28/1 сандуу кезектеги XXVIII-сессиясынын токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

           Нариман айыл өкмөтүнүн Ачы массивиндеги 215,79 га Мамлекеттин айыл чарба фондунун жерлерин “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Калктуу конуштун жерлери” категориясына которула турган жер аянтын,Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 05-декабрындагы №247-б “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын протоколунун, Нариман айыл өкмөтүнүн жер адисинин 25-декабрь 2019-жылдагы билдирүүсү, Нариман айыл Ке¸ешинин жер жана агрардык маселелер,коммуналдык менчик, соода, байланыш,транспорт,жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 26-декабрь 2019-жылдагы №14 протоколу, Нариман айылдык Ке¸ешинин 23-март 2016-жылдагы № 25/2 токтомунун жана Нариман айылдык Ке¸ешинин 27-декабрь 2019-жылдагы протоколунун негизинде

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн “Ачы” участкасынан жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 247,0 га жер участогун ажыратып берүү боюнча даярдалган документтерге толуктоо киргизүү үчүн Нариман айыл өкмөтүнүн жер адисинин 236,89 га жер аянтына өзгөртүлгөндүгү боюнча билдирүүсүнүн жана Кара-Суу райондук кыймылсыз мүлккө мамлекеттик каттоо башкармалыгынын трансформацияга суралганжерге мүнөздөмөсүнүн негизинде № 338 контур 57,25 га таза жайыттан 43,85 га ал эми № 259 контурдан 15,92 га кайрак айдоо, № 260 контурдан 2,20 га жайыт, № 263 контурдан 5,57 га кайрак айдоо, № 345 контурдан 0,08 га жайыт, № 346 контурдан 0,09 га жайыт, № 347 контурдан 0,05 га жайыт, №348 контурдан 0,03 га жайыт, №349 контурдан 0,04 га жайыт, № 350 контурдан 0,05 га жайыт, № 262 контурдан 0,18 га жайыт, № 265 контурдан 30,16 га кайрак айдоо, № 264 контурдан 0,39 га жайыт, № 279 контурдан 3,59 кайрак айдоо, № 267 контурдан 13,43 га кайрак айдоо, № 268 контурдан 0,14 га жайыт, № 269 контурдан 0,07 га жайыт, № 270 контурдан 0,09 га жайыт, № 278 контурдан 7,36 га кайрак айдоо, № 198 контурдан 20,00 га кайрак айдоо, № 196 контурдан 15,0га кайрак айдоо, № 208 контурдан 8,0 га кайрак айдоо, № 212 контурдан 6,0 га кайрак айдоо, №250 контурдан 29,80 кайрак айдоо, № 249 контурда жайгашкан 13,70 га кайрак айдоо жалпысынан 215,79 га Мамлекеттин айыл чарба фондунун жерлерин “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, жер кодекси жана жарандык кодекстеринин негизинде жогорку органдар тарабынан макулдук берилсин.

       2. Керектүү иш кагаздары даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук Мамкаттоо жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун мыйзамдуу түрдө аткарылышын Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Хосиловго жана Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановго  жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                Р.Нурматов.