30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Папан айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 7 токтому

Папан айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 7 токтому

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ,

КАРА-СУУ РАЙОНУ

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

     

_____________________________________________________________________

Кыргыз Республикасынын Папан айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган) кезексиз  XXV сессиясынын

ТОКТОМУ

Папан айылы                                                               № _7__                “_22_-“ _____02______2021-ж

“ CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө”

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү “ № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык Кенеши

Токтом кылат :

  1. 1.Папан айыл аймагынан өтүүчү “ CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Папан айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган №281,285,291,296,300,341,344,346,448а контурлардагы жалпысы 3103,0 чарчы метр кайрак айдоо жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. 2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мияшевге тапшырылсын.

Айылдык кенештин төрагасы :                                     К.Бактыбаев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ

ПАПАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН ПАПАНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ ОКМОТ

почта индекси: 723327

дареги: Папан а/ө Арал айылы эл.дареги: papanaiylokmotu@mail.ru

 

Почтовый индекс : 723327

адрес: Папанское а/о   с.Арал

эл.почта:   papanaiylokmotu@mail.ru.

_________________________________________________________________________________

ТОКТОМ № _______

Папан айылы                                                                 “_____” ___________ 2021-ж

“ CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“CASA- 1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында , Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндөгү “ № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун талаптарына ылайык жана Папан айылдык Кенешинин кезексиз ______ сессиясынын № токтомун аткаруу максатында Папан айыл өкмөтү

Токтом кылат :

  1. 1.Папан айыл аймагынан өтүүчү “ CASA- 1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Папан айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган №320,260 контурлардагы 1037,0 чарчы метр жайыт жана № 324 контурдагы 324,0 чарчы метр чөп чабык жалпысы 1361,0 чарчы метр жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категриясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. 2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  3. 3.Папан айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Бадировко долбоордун алкагында мыйзамдуу иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы :                                          К.Мияшев