30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кашкар-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги (алтынчы шайланган) ХХII-сессиясынын токтомдору

Кашкар-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги (алтынчы шайланган) ХХII-сессиясынын токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

 

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№   1  Т О К Т О М У

 

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                    13.03.2021-жыл.

2020-жылдын 12 айына бюджеттин аткарылышы

жана 2021-жылдын 1-январына карата

бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө.

 

   Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2020-жылдын 12 айына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2021-жылдын 1-январына карата  бош калган акча каражатын бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп,  бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

   1.Кашкар-Кыштак айылөкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетининкирешелериөзгөртүүлөрү менен34879,7миңсомду, ал эмичыгашаларбоюнча34867,8миңсомду түзүп, булбагытта жүргүзүпжаткаништерикээбиркемчиликтердиэскеалуумененбелгиленсин .

   2.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 3679,7 миң сом жана чыгашалары менен 3679,7миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана № 1 тиркемеге ылайык каржылануусу каралсын.

   3. Кашкар-Кыштакайылөкмөтүнүн2020-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары өзгөртүүлөрү менен 4015,4 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 1879,5 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.

    4. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2021-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 631,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

   Ал эми чыгаша жагы балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарын алуу статьясына 631,7 миң сомакча каражаты бекитилсин.

   5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары:                                                                                       Р. Жалалдинов

 

 

 

                                                                                               «БЕКИТЕМИН»
                                                                               Кашкар-Кыштак айыл
                                                                                өкмөтүнүн башчысы:
                                                                                         _____________ А.Батиров 
               
               
 Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына
  карата бош калган акча каражаттары боюнча  
                                                  БЮДЖЕТИ (атайын каражаттар)
I-Киреше бөлүгү.
(миң. сом)
Элемент Аталыштары жалпы сумма Квартал
I II III IV
             
1 Бош калган акча кара-ы (ата-эне-н топ-н мүчө-к акы) 631,7 631,7      
             
             
             
  жыйынтыгы 631,7 631,7      
II-Чыгаша бөлүгү
Элемент   жалпы сумма I II III IV
21111100 Негизги маяна          
21111200 /стөк акы          
21111300 Кошумча төлөөлөр жана компенсациялар          
21211100 Пенсиялык фондго төгүмдөр 15,25%          
21211200 Медициналык камсызд-уу фондуна төгүмдөр 2%          
22111100 Өлкө ичиндеги иш-сапарына чыгым(транспорттук чыг          
22111200                                         -- (мейманкана чыгашасы)          
22111300                                         --  (суткалык чыгаша)          
22122100 Телефондук кызм.көрсөтүү ж-а факсималдык байланыш          
22122200 Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү          
22131100 Имараттардын жана жайлардын ижарасы          
22131300 Транспорт каражаттарынын ижарасы          
22141100 Бензин, дизель жана башка күйүүчү майлар          
22141900 Дагы башка транспорт кызматын көрсөөтүү          
22152100 Имарат-ы ж-а жайларды күтүүдө санитардык кызм          
22153100 Мамлекеттик кызматчыларды окутуу          
22154900 Товарларды ж-а кызмат-ы пайдалануу м-н дагы б.к.к          
22181100 Тамак-аш азыктарын алуу 631,7 631,7      
22211100 Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоо          
22211200 Курулмаларды учурдагы ондоого кеткен чыгымдар          
22211300 Камсыз кылуу-ы ж-а шаймандарды учурдагы оңдоо          
22221100 Камсыз кылууларды алуу          
Х Х 631,7 631,7      
               
               
               
                 
Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи:                                             Р.Рахматов
               

 

 

 

 

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№   2 Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                13.03.2021-жыл.

Айыл өкмөтүнүн адиси Ш. Ташиевге

материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Айылдык кенештин М. Маматалиев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ташиев Шарабидиндин үйүндө 2020-жылдын 13-ноябрында өрт кокустугу чыгып, үй толугу менен күйүп, андан ары жашоого жараксыз абалга келгендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттен материалдык (акчалай) жардам көрсөтүүнү сураган арызы менен депутаттарды тааныштырып, арыз айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” 2016-жылдын 30-майындагы № 75 мыйзамынын 31-беренесиинин 7, 10-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын ӨКМ-нин Кара-Суу райондук бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 26-январындагы № 19 аныктамасынын негизинде муниципалдык кызматчылардын эмгегин туура баалоо жана аларга стимул берүү максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

   1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ташиев Шарабидиндин үйү өрт кокустугуна туш болуп, мындан ары жараксыз абалга келгендигине байланыштуу анын эл алдындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгегин эске алуу менен ага жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.

   2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-үнө жогоруда көрсөтүлгөн сумманы өз убагында төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

   3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары :                                                            Р. Жалалдинов                                                                    

          

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№   3 Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                                      13.03.2021-жыл.

Жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган

иштери жөнүндө маалымат жана 2021-жылга

жайыт жерлерин ижарага берүү   боюнча

тарифтерди бекитүү жөнүндө.

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2020-жылдын 12 айына бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2021-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндөгү Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Жайыт комитетинин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 460,0 миң сом, анын ичинен ижара акысы 400,0 мин сом, жер салыгы 60,0 мин сом болуп, ал эми чыгаша бөлүгү 460,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.

3.Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден;

Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан;

    - ири мүйүздүү малга –   айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,

     - торпокторго             -   айына 15 сомдон х 5 айга = 75 сомдон,

      - майда мүйүздүү малга (кой, эчкилерге) – айына 6 сомдон х 5 айга = 30 сомдон,

     - жылкыга       - айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,

Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу ижара акысынан;

   - ири мүйүздүү малга – айына 60 сомдон х 5 айга = 300 сомдон,

   - торпокторго           - айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,

   - майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 12 сомдон х 5 айга = 60 сомдон,

   - жылкыга – айына 60 сомдон х 5 айга = 300 сомдон,

Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысынан,

   - 1 га жер аянтына 1 жылга - 1000 сом,

- бал челекке – 30 сомдон,

- жайытка чөп орокко 1 га жер аянтына 400 сом.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу ижара акысынан;

     - 1 м2 жер аянтына сезонго :

     - «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;

     - жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары :                                                    Р. Жалалдинов                                                                    

          

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№   4  Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                                      13.03.2021-жыл.

Жеке агрономдордун кызмат

акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Динбаев Алмаздын Кара-Суу районунда 2021-жылдын 1-февралында жеке агрономдордун катышуусунда өткөн жыйындын № 1 протоколунун негизинде аймактагы бак-дарактарды бутоо, эгиндердин зыянкечтерине, ооруларына каршы дарылоо иштеринде кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акысынын өлчөмүн бектип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин сунушу жактырылсын жана дыйкандарга кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акыларынын суммасы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

          -көп жылдык бак-дарактарды дарылоо - 1 га – 3000 (/ч миң) сом;

            - эгиндерди дарылоо                                   - 1 га - 2000 (эки миң) сом;

            - дарактарды бутоо - көлөмүнө жараша           - 30-150 сомго чейин;

2. Кызыккан тараптарга токтомдон көчүрмө берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары:                                                            Р.Жалалдинов                                                                    

          

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезексиз

(алтынчы шайланган) XXII сессиясынын

5 Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                   13.03.2021-жыл.

Мөнөк айылындагы бош көчөлөрдүн

бирине наам ыйгаруу жөнүндө

Депутаттар Мөнөк айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-мартындагы жалпы элдик чогулушунун протоколун карап чыгып, кызуу талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 101 санду мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» КыргызРеспубликасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы 67 Мыйзамына ылайык сессия,

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Мөнөк айылынын 2021-жылдын 11-мартындагы жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин жана борбордук көчөгө (Аэропортко кеткен жол) согуштун жана эмгектин ардагери Мусаев Кыргызбайдын ысымы ыйгарылсын.

2. Мусаев Кыргызбай атындагы көчөнүн чекараларыайылдын түштүк жагынан Мөнөк айылына кире бериштен (Мөнөк айылы деген аркадан) башталып, чыгыш жактан Кызыл-Мээнет айылынын чекарасына чейин белгиленсин.

3. Аталган көчөнүн иш кагаздарын даярдоо, тиешелүү мамлекеттик органдан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                                      

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары:                                                                                           Р. Жалалдинов

          

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№ 6Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                      13.03.2021-жыл.

“CASA-1000» жогорку чыналуудагы электр

аба чубалгыларын куруу үчүн жер аянттарын

трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“САSA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында КР-нын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформация) жөнүндөгү” № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” жогорку чыналуудагы   электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган 1866-1867- контурларындагы жалпы аянты 972 чарчы метр кайрак айдоо жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Батировго тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары:                                                                                            Р.Жалалдинов

          

                                                      

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги

(алтынчы шайланган) XХII- сессиясынын

№ 7Т О К Т О М У

Кашкар-Кыштак айылы.                                                                      13.03.2021-жыл.

“CASA-1000» жогорку чыналуудагы электр

аба чубалгыларын куруу үчүн жер аянттарын

трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“САSA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында КР-нын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформация) жөнүндөгү” № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” жогорку чыналуудагы     электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган 1864 - контурундагы жалпы аянты 324 чарчы метр жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Батировго тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары :                                                             Р. Жалалдинов