30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХV–сессиясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги №15/5 токтому

Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХV–сессиясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги №15/5 токтому

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

Кыргыз Республикасы

Ош облусу

Кара-Суу району

Жоош айылдык  Кенеши

Т О К Т О М              № 15/5                                           12.04.2021-ж.

“GASA-1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“GASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-ж. “GASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү” № 105 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 15.07-.2013-ж. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж. № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү” убактылуу Жобонун талаптарына ылайык Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХV–сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл аймагынан өтүүчү “GASA-1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Жоош айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган № 168, 168, 125, 112, 108 контурлардагы жалпысы 2186 м2 кайрак айдоо жер аянттарын жана № 169, 109, 100 контурлардагы жалпысы 1517 м2 жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

           2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тиллабаевге тапшырылсын

Жоош айылдык

Кенешинин төрагасы                                                     П.Жакыпов