30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №7-1,7-2, 7-3,7-4,7-5,7-6,7-8,7-9 токтомдору

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №7-1,7-2, 7-3,7-4,7-5,7-6,7-8,7-9 токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

7-1 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетту жана жазма буйругу жөнүндөгү 25.05.2021-жылдын 25-майындагы № 01-14-189 сандуу каты боюнча маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетундагы сунуштар аткарууга алынсын.                                                                                                                                                                      

2. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерге жол берген тийиштүү кызматкерлерге чараларды көрүү каралсын жана мындан ары жол берилбеши айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Айыл өкмөтүндө, сатып алуу порталы боюнча бардык тендердик комиссиянын курамына депутаттар Рахманова Диляфруз, Кадиров Төлөгөн жана аткарылган иштерди кабыл алуучу комиссиянын курамына кайсы айылда иш аткарыла турган болсо, ошол айылдан шайланган депутаттар киргизилсин.

4. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

           Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

7-2 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн

социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын

жыйынтыгы жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгынын отчету жөнүндөгү маселеле карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштеринин отчету канаттандырарлык деп табылсын.

2. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылбай калган иштер 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарууга алынсын.

3.Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

         Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

7-3 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Айылдык кеңештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимдерин кароо жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештинСоциалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын, “Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу РИИБнүн Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнө Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагери, милициянын полковниги Сапарбай Матисаковдун атын берүү жөнүндөгү 03.02.2021-жылдагы чыг. № 3-65 сандуу өтүнүч каты боюнча, 2021-жылдын 28-июлундагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:      

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин, Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы отурумунун чечими бекитилип, Кара-Суу РИИБнүн Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнө           Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагери милициянын полковниги   Сапарбай Матисаковдун аты берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

№ 7-4 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Коммунист айылындагы клубдун залын

жаштарды спорт менен машыктыруу үчүн

ижарага берүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештинСоциалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын”, Коммунист айылында жайгашкан клубдун чоң залын балдарды спорт менен машыктыруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча 2021-жылдын 25-сентябрындагы туруктуу комиссиянын отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1.Айылдык кеңештин, Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 25.09.2021-жылдагы отурумунун чечими бекитилип, Коммунист айылында жайгашкан клубдун чоң залын балдарды спорт менен машыктыруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча”боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                  Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

№ 7-5 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Айыл аймагындагы № 65-М.Сабиров

атындагы профилдик мектеп-гимназия

комплексиндеги балдар бакчасына кошумча

жаңы тайпа ачуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештинСоциалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын, айыл аймагындагы ”№ 65-М.Сабиров атындагы профилдик мектеп-гимназия комплексиндеги балдар бакчасына кошумча жаңы тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндөгү” маселе боюнча 2021-жылдын 25-сентябрындагы туруктуу комиссиянын отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1.Айылдык кеңештин, Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 25.09.2021-жылдагы отурумунун чечими бекитилип, айыл аймагындагы № 65-М.Сабиров атындагы профилдик мектеп-гимназия комплексиндеги балдар бакчасына кошумча жаңы тайпа ачууга уруксат берилсин.

3.Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

7-6 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Айыл амйгындагы “Жаңы-Турмуш”

ИСКАКБнын ичүүчү сууга болгон

төлөө баасын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл аймагын Жаңы-Турмуш айылындагы “Жаңы-Турмуш” ИСКАКБнын ичүүчү сууга болгон төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айыл аймагын Жаңы-Турмуш айылындагы “Жаңы-Турмуш” ИСКАКБнын ичүүчү сууга болгон төлөмдөрүн ар бир адамга бир айга:

-көчөдөгү суу түтүгүнөн пайдалануучуларга - 13 сом 48 тыйын,

-короосунда суу түтүгү барларга - 17 сом 51 тыйын болуп бекитилсин.

2.Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

№ 7-7 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасынан 100,0 чарчы метр ажыратуу жана ичүүчү суу чыгаруу үчүн насос орнотууга уруксат берүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги:Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасынан 100,0 чарчы метр ажыратуу жана ичүүчү суу чыгаруу үчүн насос орнотууга уруксат берүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:    

1.Айылдык аймактын Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасынан 100,0 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып, ичүүчү суу чыгаруучу насос орнотууга уруксат берилсин.

2.Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

№ 7-8 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Турак жай үчүн жер аянттарын

“Айыл чарба багытындагы жерлер”

категориясынан “калктуу конуштар жерлер”

категориясына трансформациялоо жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги: “Айыл аймагындагы калктын турак жай үчүн жер тилкелерине болгон муктаждыктарын чечүү максатында “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 85,05 га жер аянтын “калктуу конуштар жерлери” категориясына трансформациялоо жөнүндөгү” айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-сентябрындагы чыгыш № 819 сандуу катын жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. “Айыл аймагындагы төмөндөгү айылдардын территориясында жайгашкан жайыт жана кайракы айдоо жерлер, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштар жерлери” категориясына которулсун.

1) Керме-Тоо айылынан – 32,04 га,

2) Кызыл-Байрак айылынын – 27,76 га,

3) Ишкаван айылынан – 12,26 га

4) Озгур айылынан – 12,99 га

   Жалпысы: 85,05 гектар жер аянты.

2.Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясынын

№ 7-9 токтому

Жаны-Турмуш айылы                                                                            28.09. 2021-жыл.

Ош шаарынын аймагын кеңейтүү

максатында Кызыл-Кыштак айыл  

аймагынан 6607,0 гектар жер аянтын

Ош шаарына өткөрүү сунушу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы күн тартибине кошумча киргизилген: Айыл өкмөтүнүн 23.09.2021-жылдагы “Ош шаарынын аймагын кеңейтүү максатында Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 6607,0 га жер аянтын Ош шаарына өткөрүү сунушу жөнүндөгү” чыгыш № 829-1 сандуу билдирүүсү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1.Ош шаарынын аймагын кеңейтүү максатында Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 6607,0 гектар жер аянтын өткөрүп берүү сунушу канааттандырылуусуз калтырылсын.

2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык

           кеңешинин төрагасы:                                                                   Д.Т.Махмудов