30Ноябрь2021

Телефон: 0(3232)50006 Факс: 0(3232)50008 Номер мобильного телефона: +996 770 08 00 50 E-mail: rga.kara-suu@mail.ru

КАРА-СУУ

karasuu.el.kg

banner3

Вы здесь: Башкы бет ТОКТОМДОР Папан айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2021-жылдагы кезектеги III-IV-V-сессияларынын токтомдору

Папан айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2021-жылдагы кезектеги III-IV-V-сессияларынын токтомдору

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

     

___________________________________________________________________________________

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

№ 1 ТОКТОМУ

Папан айылы                                                                       03 - июнь 2021- жыл

“Айыл өкмөт башчысы кызматына шайлоо       өтпөдү деп эсептөө жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Папан айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июнундагы протоколдору бекитилсин.
  2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайлоо өтпөдү деп эсептелсин.

Папан айылдык Кенешинин төрагасы :                                             Т.Тагаев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

     

___________________________________________________________________________________

 

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

№ 1 ТОКТОМУ

Папан айылы                                                                       18 - июнь 2021- жыл

                                                                                     “Айыл өкмөт башчысын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Папан айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.
  2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алимбеков Нурзаман Карыевич бекитилсин.

 

 

Папан айылдык Кенешинин төрагасы :                                             Т.Тагаев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

     

_________________________________________________________________________________

 

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

№ 1 ТОКТОМУ

Папан айылы                                                                       22 - июль 2021- жыл

“Айылдык Кенештин регламентин бекитүү жөнүндө”

 

Папан айылдык округдук кенеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылган айылдык Кенештин регламенти бекитилсин.

Папан айылдык

кенешинин төрагасы :                                                                                       Т.Тагаев

                                                                            Папан айылдык кеңешинин

                                                                            Депутаттарынын VII чакырылышынын

                                                                           Кезектеги V сессиясынын 2021-жыл 22-июль

                                                                           №1 токтому менен бекитилсин

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГДАМЕНТИ

 

I БӨЛҮК

Жалпы жоболор

1-   Глава.

Айылдык кеңеш

Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик админицтрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.

  1. 1.Айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конситутциясы, « жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына Кыргыз РЕспуцбликасынын Президентинин жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ошондой эле Регламентти жетекчиликке алат.
  2. 2.

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

  1. 3.Айылдыку кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайоолчулардын жалпы тең жана шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
  2. 4. Айылдык Кеңештин уюштуруучу укуктук иштөөө формасынын негизги сессия болуп саналат.

2-   Глава

Айылдык кеңештин компетенциясы

Айылдык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

-жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

-жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,

Ошондой эле бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;

-аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;

-жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү; ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

-жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде мунципиалдык менчик обөектерин менчиктештирүүү программмасын бекитүү жолу менен белгилөө, мунципиалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

-депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен мээрге райондук маанидеги шаардын жана поселканын башчысына же айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө:

-жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

Администрациялык –аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;

-төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу,кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

- жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;

-өз чечимдерин аткрылышына контролдук кылуу;

-Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде поселкалык башкаруунун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;

-Муздак суун канализацияны жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;

-айыл өкмөт башчысын шайлоо;

-тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык стваканын базасында эсептелген айыл поселок үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен , айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;

-кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

-жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

1.3.Айылдык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүнүп алынат жана аткарылат.

  1. 4 Айылдык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.

 

II БӨЛ/К

3-   Глава

Айылдык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары

 

Айылдык кеңештин чечимдерине, отурум протоколдоруна   жана башка иш кагаздарына кол коет .

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка фунцияларды аткарат.

Көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы( аким) тарабынан сунушталуучу   талапкердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаты, депутаттары ошондой эле аким шайлоого чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер

–көрсөтмө боюнча чеч;

-талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

-автобиография;

Өздүк баракча сүрөтү менен; соттолбогондугу тууралуу справка;

-ноториалдык жактан күбөлөндүрүлгөн үмгек китепчеси;

-ноториалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралуу диплом;

-справка обьективка;

Демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк обушу менен кызматтан бошотулат.

4-   Глава

Айылдык кеңештин катчысы

Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт; Айылдык кеңештин катчысы келип түшүүчү кагаздарынын эсебин алууну уюштурат:

Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиянын уюштуруу иштерин жүргүзөт:

Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;

Айылдык кеңештин сессиясы токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;

Айылдык кеңештин сесиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.

5-   Глава

Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

Айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссияларп тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.

Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.

III-БӨЛ/К

Айылдык кеңештин ишинин жалпы тартиби

6-   Глава

Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби

Айылдык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.

Айылдык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6.3. Айылдык кенештик сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.

6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.

6.5. Айылдык кенеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.

6.6.Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.

6.7.Айылдык кенештин сессиясынын протоколдорун кенештин качысы жүргүзөт.

Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилялары катышпай калгандардын себептери чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат.

Протоколдо сессияга төрагналык кылуучунун колу коюлат.

6.8. Керек болгон учурларда Айылдык кеңешинин сессияларына каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.

 

7-Глава

Айылдык кеңештин токтом долбоорун кароо тартиби

7.1. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер   боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

7.2. Айылдык кенешине кароого сунушталган токтоп долбору төмөндөгүдөй

Болууга тийиш

Кабыл алынган чечимди аткаруу мөөнөтү каржылоо булактары ошодой еле.

Токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.

Зарыл учурда чечим кызыктар.

Жергилтүү бөлүмдөрү. Ошондой еле зарылдык карай мамлекеттик бийлик .

Органдары менен макулдашууга тийиш.

Ушул маселе боюнча мурдагы токтом еске алынат жана мурда кабыл алынгт

Токтомдорду жооко чыгару же өзгөртүү боюнча зарылчылык жараша .

Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык   юридикалык   көрүтүндү болуусу

Керек.

7.3.айылдык кенештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда

Катышкан депутаттарды санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.      

7.4. енеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кеңштин протоколуна киргизүүгө укуктуу.

7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

7.6. Токтом долбору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менем кабыл алынат.

7.7. Айылдык кенештин чечимин таратуукол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

7.8. Айылдык кенештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар,жарандар аткарууга милдетүү.

 

V БӨЛҮК

Айылдык кеңештин регламенти

8-Глава

Айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

8.1. Айылдык кеңештин иш Регламенттин, типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.

8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.

8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.

8.4. Регламент жана регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттарды көпчүлүк саны кабыл алынат.

Эгерде сессияга 3 же андан ашык келбесе, алкаголдук ичимдиктерди ичип сессияга келсе , регламентти сактабаган депутаттарды, жаман сөздөрдү сүйлөсө ошондой эле сессияга депутаттык мандаты жана депутаттык төш белгисин тагып келбесе чара колдонулат.

8.5. Ар бир депутат сессияга классикалык форма менен    келүүсү милдеттендирилет.

8.6. Сессияда чыгып сүйлөөчүлөрдүн убактысын ар бир жергиликтүү кеңеш өзүнүн регламентинде белгилейт. Иш жүзүндө сессияда жана жергиликтүү кеңештин комиссияларынын жыйналыштарындагым чыгып сүйлөөнүн ар түрдүү түрлөрү   үчүн төмөндөгүдөй убакыт белгиленет:

-Адатта баяндама жасоо үчүн узактыгы 15 мүнөткө, кошумча баяндама жасоо үчүн 10 мүнөткө чейин белгиленет.

Башка чыгып суйлоочулордун узактыгы томондогудой белгиленет

Баяндамаларды жана кошумча бандамаларды талкуулоо учун   10 муноко

чейин;

Кун тартибин талкуулоо үчүн 5 мүнөткө чейин

Талкууланган маселе боюнча корутунду сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин;

Шайлануучу кызматка талапкерлердин чыкып сүйлөөсү үчүн   5 мүнөткө

чейин;

Талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин;

Добуш берүүнүн түрлөрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин;

Кайталап чыгып сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин;

Депутаттар регламентте төрагалык кылуучуга зарылчылыкка жараша сөз сүйлөө үчүн убакытты 3 мүнөткө узартуу укугун бере алышат. Ошондой эле регламенте депутаттар бир эле маселе боюнча бир депутаттын эки жолудан ашык эмес чыгып сүйлөөсүн чектей алат.

Дпутат жыйналышта өзүнө төрагалык кылүүчү сөз бергенден кийин гана чыгып сүйлөйт.

Сөз берүү жөнүндө сунуш жазуу түрүндө сыяктуу эле,   оозеки түрүндө төрагалык кылуучунун атына берилет.

Айыл өкмөтүнүн башчысы же орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча кезексиз чыгып сөз алууга укуктуу.

Сессияны алып баруунун тартиби, добуш беруунун турлөрү, маалымат берүү, сунуштоолорго жооп берүү, түшүндүрмө берү боюнча сөз төрагалык кылуучу тарабынан сессияда кезексиз түрдө берилиши мүмкун, узактыгы 1 мүнөттөн ашпоого тийиш.                                                                                                                                                                                                                                                                                

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

     

_________________________________________________________________________________

 

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

№ 2 ТОКТОМУ

Папан айылы                                                                       22 - июль 2021- жыл

“Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө

 

Папан айылдык округдук кенеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан № 5261 Кожокелен, № 5262 Кызыл-Туу, № 5263 Папан, № 5264 Бөрү, 5438 Алчалуу, № 5476 Долоно, № 5491 Карагур, № 5549, № 5563 Ак-Буура-1 жана № 5565 Ак-Буура-2 шайлоо участокторунун резервдик комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси толугу менен бекитилсин

Папан айылдык

кенешинин төрагасы :                                                                            Т.Тагаев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ, КАРА-СУУ РАЙОНУ ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ, КАРА-СУЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ПАПАН

_________________________________________________________________________________

 

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V- сессиясынын

 

№ 3 ТОКТОМУ

Папан айылы                                                                       22 - июль 2021- жыл

“Айыл өкмөттүн жер боюнча комиссиясынын

курамын бекитүү жөнүндө”

Папан айылдык округдук кенеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Айыл өкмөттүн 21.07.2021-жылы чыккан № 147 жер комиссиясынын курамы боюнча буйругу бекитилсин.

2.Приев Жумабай -айыл өкмөттүн башчысынын орун басары -комиссиянын төрагасы.

МҮЧӨЛӨРҮ:

3.         Бадиров Алибай                 - жерге жайгаштыруу боюнча жетек.адис

4.         Таникулов Акбар                 -Бөрү айылынын айыл башчысы

5.         Джусумаматов Кубан          - айылдык Кенештин депутаты.

6.         Курбанбаев Акматали        - Камыр-Суу айылынын айыл башчысы

7.         Кадыров Өмарбек                - Жарбашы айылынын айыл башчысы

8. Пайизов Шүкүр- Чычканкол айылынын айыл башчысы

9. Мадазимов Бакытбек- Ак-Терек айылынын айыл башчысы

10. Кочкоров Иса- Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы

11. Бакиров Айтибай- Алчалуу айылынын айыл башчысы

12. Абдуллаев Абдиманап- Карагур айылынын айыл башчысы

13. Үсөнов Нурмамат-Кожокелен айылынын айыл башчысы

14. Балтаев Куттубек-Кара-Суу райондук “Кадастр” башкармалыгынын адиси

15. Касымахунов Шайырбек-Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура                  башкармалыгынын адиси

16. Аман уулу Чубак                    - айылдык Кенештин депутаты

17. Биймурзаева Адалат -айылдык Кенештин депутаты

18. Нурушова Чолпон-айылдык Кенештин депутаты

19. Сайдазим уулу Нурали         -айылдык Кенештин депутаты

20. Эргешов Өмүрзак-Тогуз-Булак айылдарынын айыл башчысы  

        

Папан айылдык кенешинин төрагасы:                                             Т.Тагаев